Кениядагы президенттик шайлоо
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кениядагы президенттик шайлоо: кооптонуу менен үмүттөр

Президенттик шайлоо менен бир эле учурда парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Ошондуктан добуш берүү жайларында алты ар башка үкөк пайдаланылууда. Алардын эң маанилүүсү президенттик шайлоого тийиштүүсү.

Мындан он жыл мурда болгон шайлоодон кийинки кан төгүүлөр кениялыктардын эсинен кете элек. Этникалык чыр-чатак чыгып, кан төгүлүп, жүздөгөн адамдар курман болгон. Ошондуктан Кениянын элинде шайлоо тынч өтсө экен деген кооптонуу бар.