«Троцкийди өлтүргөн кылмышкердин апасы»

Каридад Меркадер Сүрөттүн автордук укугу Cortesía de Jean Dudouyt
Image caption Каридад 1910-жылы түшкөн сүрөтү.

1940-жылдын 20-августунда Мехикодо куугунтукта жүргөн советтик ыңкылапчы Лев Троцкий киши колдуу каза тапкан.

Троцкийге кол салган Рамон Меркадерди бурчта унаа менен апасы Каридад Меркадер күтүп турган. Бирок Рамон качып үлгүргөн эмес. Башына оор сокку алган Троцкий күзөтчүлөрдү чакырууга жетишип, кол салган кишини кармап алышкан.

Кол салуудан 12 сааттан кийин Троцкий көз жумду. Ошентип испаниялык тыңчы жана СССР менен дагы кызматташып жүргөн Рамон Меркадер ХХ кылымдагы чуулгандуу саясый өлтүрүүнү ишке ашыра алды.

Сталиндин түз буйругу менен аракеттенген Рамон Меркадер 20 жылга эркинен ажыратылган. Апасы Каридад Меркадер жалгыз башын алып качып, Куба аркылуу СССРге келген.

Көп кырдуу аял

Айрым тарыхчылар Троцкийдин өлүмүнө уюштургандардын бирин дал ушул Каридад Меркадер деп эсептешип, уулун кылмышка барууга көндүргөнүн айтышат.

Image caption Каридад Меркадер 1936-жылдын июль айынын соңу.

Башкалары болсо чечимди Рамон өзү кабыл алган деп жазышкан. Бул кол салуудан үч ай мурун Троцкийди өлтүрүү планы ишке ашпай калган экен.

Анда бул жашыруун топту мексикалык сүрөтчү Давид Альфаро Сикейрос жетектеген.

Сталин болсо жыйынтыкты талап кылган. Ушундан кийин Меркадер бул ишти аягына чыгарууга белсенет. Ошондон бери карай Каридад Меркадер «Троцкийди өлтүргөн кылмышкердин апасы» катары белгилүү болуп калды.

Иш жүзүндө Каридад НКВД агенти жана буржуазиялык бүлөөдөн чыккан Сталинге бекем берилген, өтө татаал инсан болгон.

Троцкийдин өлүмү тууралуу китеп жазган кубалык жазуучу Леонардо Падура мынтип айтат: Каридад «теги испан (ал төрөлгөн учурда Куба Испаниянын колониясы болгон), каталондук тарбия алган, француздук табитке ээ, жарандыгы боюнча советтик аял эле».

Жердеги бейишти убада кылган

Каридад (анын кыз кезиндеги фамилиясы дель Рио) 1892-жылы Сантьяго-де-Кубада жарык дүйнөгө келген. Ата-теги испаниялык Кантабриден бай кишилер болгон. Алар Барселонага 1898-жылы Куба төбөлсүздүккө жетише электе эле келген. Каридад Барселонада, Лондон жана Парижде окуп, терең билим алган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Троцкий (оңдон экинчи) экинчи аялы Наталья Седова (солдон акыркы), мексикалык сүрөтчү Фрида Кало жана марксизмдин теоретиги Макс Шахтман.

1911-жылы Каридад дель Рио турмушка чыгып, күйөөсү Пабло Меркадердин фамилиясын алат. Алардын беш уулу болгон. Жеңил өнөр жай тармагында иштеген Меркадер Барселонадагы эң бардар, бай кишилерден болгон.

«Ага чоң буржуазиялык бүлөдөгү үйдүн кожейкеси болуу тагдыры буюруп турган. Бирок арадан бир нече жыл өтүп, Каридад ал тургай күйөөсүнүн фабрикасын да жардырууга даяр анархист аял болуп чыга келди. Андан киийн Үчүнчү интернационалга кошулуп кетти», -деп айтып берди Би-би-синин испан кызматына «Бейиш эңсөө. Сталинге иштеген аял» деген китептин автору Грегорио Лури.

Image caption Каридад Меркадер, Лена Имберт (Рамон Меркадердин колуктусу) жана кубалык коммунист Хуан Маринеро Мексикада тартылган сүрөт. 1936-жыл.

«Бул түшүнүүгө кыйын болгон, таң калыштуу метаморфоза. Каридадда эч качан ортозар мүнөз болгон эмес. Эгер ал католик аял болсо, анда терең ишенген католик болгон жана ал тургай чиркөөгө кетип калууну да ойлошу мүмкүн эле. Бул киши өзүнүн ишеними, көз карашы менен толук макул болуп жашоого умтулган»,-дейт Лури.

Психиатриялык дарылануу

Каридад менен Паблонун никеси бактысыз болуп калды. Ал болсо барселоналык анархисттер менен таанышууга аракет кыла баштайт. Ушул учурдан баштап анда жаңы идеологияга байлануу башталды.

1920-жылдардын башында Каридад алардын кароо-жайына жакын жерге аргасыз конуу жасаган франциялык учкучту жактырып калат деп айтып берди Лури.

«Жаңжал чыгып кетишинен кооптонгон анын ага-инилери аны Барселонадагы психиатриялык ооруканага алып келип жаткырып салышат. Кийин ага тааныш анархисттер ооруканага кол салып, бошотуп алышкан»,- дейт биограф.

Ушундан кийин Каридад үй-бүлөсү менен мамилесин үзүп, балдарын алып Францияга кетип калган. Мына ушул өлкөдө коммунисттик идеяларга сугарылат.

Барселонага кайтып келгенден кийин Каталониянын Бириккен социалдык партиясына үгүт жүргүзө баштайт. Жарандык согушту Каридад фронтто өткөрүп, Испаниянын республикалык өкмөтүнө Мексика жана АКШдан колдоо издеген.

Мына ошол учурдан баштап советтик чалгын кызматына иштеп баштайт.

Сүрөттүн автордук укугу Cortesía de Jean Dudouyt
Image caption Каридад Меркадер Париждеги Кубанын элчилигинде, 1962-жыл.

«Анын НКВД жетекчиси Лаврентий Берия менен тыгыз мамилеси бар эле жана ал бүт өмүрүн ушул ишке арнады»,-деди Лури.

Испанияда жарандык согуш аяктаган 1939-жылы Каридад жана анын уулу Рамон Мексикадан башпанек алып, Троцкийди өлтүрүү боюнча планды иштеп чыгууга аралашат.

Үзгүлтүккө учураган операция

Башында Троцкийдин өлүмүн ишке ашыруу Каридадка дагы анын уулуна да жүктөлгөн эмес эле.

«Троцкийди өлтүрүүгө башында Рамон Меркадердин жардамынын деле кереги болгон эмес. Алардын кынтыксыз иштелген планы болгон. Троцкийге кол салууну Сикьерос жана тишине чейин куралданаган шериктери ишке ашырмак. Мындай план ишке ашты, алар Троцкийдин кабинетине кирип барып, колдорунан келишинче ок жаадырышты. Бирок Троцкийге ок тийдиби же жокпу деп текшерип коюш алардын эч кимсинин оюна келген эмес» ,-деп айтып берди Лури.

Сүрөттүн автордук укугу Cortesía de Jean Dudouyt
Image caption Каридад Меркадер сүрөт тартканды жакшы көргөн. (Париж, 1960-жылдар)

Бул операция ийгиликсиз болуп калгандан кийин анын иштеп чыккан Леонид (Наум) Эйтингтон (Каридад менен Рамондун жакын досу) бул тууралуу Сталинге кабар бериши керек эле... айласыз турган жолдошунун абалын көрүп туруп Рамон: «Кайгыра бербе, Мен муну өзүм кылам» деп айтат. Көрүнүп тургандай бул чеим Каридад дагы эмес, Сталин да эмес, өзүнүн чечими болгон. Акыркы минутада Рамон Меркадер демилгени өз колуна алган»,-деди биограф.

Троцкийдин өлүмүнөн кийин эне-бала Меркадерлерге Советтер союзунун баатыры наамы берилет. Рамон мексикалык абакта 1960-жылга чейин жаза мөөнөтүн өтөп, калган өмүрүн Москвада өткөрөт.

Каридад советтик чалгын кызматында иштөөсүн Францияда уланткан.

Кубадагы революциядан кийин Париждеги элчилигинде жумушка орношкон.

Кубалык жазуучу Гильермо Кабрера Инфанте ал учурда Брюсселдеги элчиликте иштеген. Ал өзүнүн китебинде Каридадды «жагымсыз кемпир эле» деп жазат. Ал ошондой эле Париждеги Кубанын ошол кездеги элчиси Харолд Граматхестин айтканын келтирет, ал Каридад - «берилген сталинчил, Сталиндин өзүнөн да ашып түшкөн» деп айткан экен.

«Троцкийдин өлтүргөн кылмышкердин апасы» Парижде өмүрүнүн соңу -1975-жылга чейин Москвадан пенсия алып турган. Ал каза тапканда коштошуу зыйнатын уюштуруу иштерин Париждеги советтик элчилик өзүнө алган. (AbA)

Тектеш темалар