Максат Чакиев: Тай казаны жок көкбөрү окшошпой калат экен
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Максат Чакиев: Тай казаны жок көкбөрү окшошпой калат экен

Астанада өтүп жаткан көк бөрү оюнунда бүгүн Кыргызстан курамасы менен Өзбекстан беттешип, 11-2 эсебинде кыргыз улакчылары жеңишке жетишти.

Буга чейин түзүлгөн тизме боюнча Кыргызстан эми Түркия, Тажикстан, АКШ командалары менен да күч сынашат.

Бул мелдеште башкы атаандаштар Кыргызcтан менен Казакстандын улакчылары экени айтылууда.

Оюндар Астанадагы “Казанат” ат майданында өтүп жатат.

Буга чейин эки өлкөнүн улакчылары достук беттештерин да өткөрүп, өз ара мелдешип келишкен. Кыргызстанда көк бөрүгө топтолгон аттардын да кээ бирин казак оюнчулары сатып алып турушкан. Мыкты ат үчүн кезегинде 80 миң АКШ долларын сунуштаган мисалдарды да улакчылар айтып келе жатышат.

“Көкпар”оюну боюнча чемпионат 28-августка чейин уланат. Абдыбек Казиевдин баяндамасы