Экстремизмге айыпталган келиндин ыйы

Экстремизмге айыпталган келин

Муфтият чыгарган диний адабиятты окуп, пикир жазып койгону үчүн экстремист болуп айыпталып жатканын билдирген келин Бишкекте беш баласын жана кайын энесин ээрчитип, диний коомчулуктан колдоо сурап борбордук мечиттин алдына чыкты. Милиция анын күйөөсү "Хизбат-тахрир" партиясынын мүчөсү катары жоопко тартылып жатканын, ал эми арызданып жаткан келиндин да өзү кылмышка шектүү катары суралып жатканын билдирүүдө.

Диний коомчулуктан колдоо издеп чыккан келиндин аты-жөнү Зубаида. Анын күйөөсү үч айдан бери диний экстремизм боюнча кылмышка шектүү катары камакта отурат.

"Ислам менен жашасам проблемаларым чечилет го деп жазып койгонум үчүн соттолуп жатам. Беш балам ата-энесинен ажырап калбасын деп акыйкаттык издеп барбаган жерим калбады. Экс-президентке кайрылдым, азыркы президентке кайрылдым, министрге кайрылдым, жыйырмадан ашык депутатка кайрылдым",-деди көзүнө жаш алган Зубаида.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Диний экстремизмге айыпталган келин диний коомчулуктан колдоо сурап чыкты.

ИИМдин онунчу башкармасы Зубаиданын күйөөсү жөнүндө маалыматты ырастап жатат. Би-Би-Сиге жиберилген расмий маалыматка караганда, август айында тинтүү учурунда Зубаиданын үйүнөн диний мазмундагы бир нече китеп, тогуз диск жана бир дептер табылган.

Эксперттик комиссия китептерден жана дисктерден кылмыштуу эч нерсе тапкан эмес. Эксперттер сыртында жүрөкчө тартылган дептерден "Хизбут-тахрир" партиясы такай колдонгон диний терминдер бар экенин жана Зубаиданын халифатты жактап жазылган сөздөрүн көрсөтүшкөн. Дептерди жазууларга жүргүзүлгөн экспертиза андагы сөздөрдүн бир бөлүгү Зубаидага таандык экени, калганы башка адам тарабынан жазылганын аныктаган. Бирок анда эмне үчүн Зубаиданын күйөөсү Улан Биболотов шектүү катары камакка алынганы түшүнүксүз.

Милициянын маалыматына караганда, Зубаида кылмышка шектүү катары суракка чакырылган. Кийин суракка келбей койгон, байланышка да чыкпай койгон деп айтылат милициянын маалыматында. Зубаида өз кезегинде жашынбай эле ачык жүргөнүн жүйөө тартууда.

Зубаиданын күйөөсү мындан мурда дагы диний экстремизм боюнча айыпталып, соттолгон экен. Анда дагы ак жеринен айыпталып соттолуп кеткен дейт Зубаидага кошулуп анын кайын энеси Мира:

"2010-жылдан бери эле артынан түшүп алышты. Бир кесилгенден кийин такыр жанын койбой коюшту. Каттоого алып коюшат экен, ошо менен өмүр бою жүрөт экенсиң".

"Керебетинин астынан китептерди алып чыгышып, меники деп мойнуңа ал, Хизбут-тахрирмин деп айт" деп кыйнашкан",-дейт Зубаида.

Диний адабияттарга экспертизаны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттери жүргүзөт. Укук коргоо органдары өздөрүнүн иликтөө ишинде ушул комиссиянын эксперттери чыгарган тыянакка таянышат. Бирок укук коргоочу Акин Токталиев аталган комиссиянын диний адабияттарга экспертиза жүргүзгөнгө мыйзамдуу укуктары жок деген жүйөөнү айтып келатканы белгилүү. Аталган укук коргоочу жанынан диний адабият чыккандыгы үчүн эле мыйзамсыз экспертиза чыгарылып, диний экстремизм боюнча бир миңден ашуун жаран соттолуп кеткен деп айтып келатат.

Беш баласы бар жубайлардын үстүнөн экстремизм боюнча козголгон кылмыш иши 20-декабрда Сокулук райондук сотунда каралат. Бул окуяда "бөрк ал десе баш алмай" болуп жатабы же чынында эле диний экстремизмдин изи барбы, мунун аныгына эми сот жетиши керек. Ал эми коомчулукка акыйкат издеп арызданып жаткан Зубаидага "Кылым шамы" уюумунун укук коргоочулары укуктук жардам көрсөтүп жатышат. (КС)