Жамал Сейдакматова: Таттыбүбү экөөбүздүн мамилебиз эч качан бузулган эмес

Жамал Сейдакматова

Кыргызстандын театр жана кино искусствосунун чебери, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова өзүнүн өмүр жолундагы урунтуу окуялар тууралуу Би-би-сиге ой бөлүштү.

  • Кыргызстандын театр жана кино искусствосунун чебери, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова 1938-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында төрөлгөн.
  • Театр сахнасында жана кинодо ондогон образдарды жараткан. Оргуштаган таланты менен 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамдарына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын эл артисти.
  • "Манастын уулу Семетей" драмасындагы Каныкейдин образы үчүн ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот.

Көздөн учкан балалык

Балалык бир ажайып доор болот, баары башкача. Анда артисттер айыл аралап, жөө-жалаңдап, арабага түшүп, куржундарын көтөрүнүп алып келишчү. Бак ичинде же сарайда оюн коюшчу. Атам башкарма болгондуктан биздин үйгө Саякбай (Каралаев) ата, Карамолдо Орозов ата, Алиман Жангорозова эжебиз келген. Саякбай ата манас айтып жатканда ал кишинин астына отурганым көз алдымда.

Карамолдо ата "Көкөй кестини" чертип жатканда балпайган сакалынан тып-тып деп тамган көз жашын көрүп, олтургандардын баары жашыган учурду көрдүм. Бала чагымдан эле жүрөгүм жашык эле.

Бишкекке келип 5-мектепте окуп жүргөнүмдө мугалимдер бизди театрга көп алып барышчу. Сахнадан мен Күйүкөва, Кыдыкеева, Күмүшалиева эжелерди көрчүмүн. Шекспирдин чыгармаларын, "Курманбек", "Жаңыл Мырзаны" сахнадан көрдүм. Ошонун баарын абдан таасирленип, эсим ооп көрүп жүрүп, өзүм дагы искусствого байланып калгамын. Көчөдө баратып ырдай берчүмүн. Театрга келгенде мен анын түйшүгүн көтөрө аларымды сезгем. Биздин кесип абдан татаал, жүрөгүңдө сени кыйнаган сезимдер, жан дүйнөңдө оргуштап тынчтык бербеген санаа болбосо, анда бул кесипке барбай эле кой.

Мен көргөн улуу таланттар

Сүрөттүн автордук укугу kino-teatr.ru

Алгач театрга келгенимде Даргүл Күйүкова эженин үйүндө турдум, андан кийин Чолпон Жаманова мени үйүнө алып кетип бакты. Ал кезде жашмын, анан калса эрке өскөн кыз элем. Азыр ойлосом, алар мага боору ооруп эле өзүм менен кошо алып жүрүшсө керек. Кийин Муратбек Рыскулов агайдын үйүндө туруп калдым. Сабира Күмүшалиева эже мага жууркан, шейшеп сатып берген.

"Кызым, ысыктан адам өлбөйт, сууктан өлөт. Жылаңбаш жүрбөгүн. Күйөө табылат, азыр театрга иштеп алгын" деп Муратбек агай экөө мага кеңеш беришчү. Кийин алар менин ата-энем менен жакын достордон болуп, тууган болуп кетишти.

"Сахна деген - супара" деп ушул кишилер абдан этият мамиле кылганын көрдүм. Сахнага "Бисмиллах" деп, жүрөгүңдү тазалап чык деп көп айтышаар эле. Азыр ойлосом ошол учурдагы театр ишмерлери мага чоң таасирин тийгизишкен экен.

Бүбүсара Бейшеналиева эженин Эркиндик бульварында үйү бар эле. Бир күнү мени ээрчитип сейил бакка келди. Мага ырдап бер деп көп кайрылаар эле. Мен болсо улам эле "Ысык-Көлдү" ырдаймын. Эженин мүнөзү бала кыял болчу.

Таттыбүбү (Турсунбаева) үлбүрөгөн назик жан эле. Назиктиги өзүнө жарашып турчу. Үй бүлөлөлүк карым-катнашта болуп жүргөнбүз. Кийин менин жолдошумдун көзү өтүп кетти. Чыгармачылыкта көрө албастык көп болот экен. Аны жашырганда эмне, ушак-айыңдар чынында көп айтылды. Таза кишини деле балчыкка тебелеп, баткак кылган учурлар көп болот. Ушактын артынан кууп, ажылдап айтышкан менин тарбиямда, табиятымда жок болчу.

Ошентип жүргөндө мага азыркы жолдошум кезигип, кам көрүп, көңүлүмдү алып баштады. Жакындан таанып, көрүп, билип жүрүп мага үйлөндү. Азыр менин жүрөгүмдө ушундай бир ачуу арман калган. Таттыбүбү менен кайра достошуп эле алсам болмок экен. Экөөбүз сахнада жолугабыз, бирок турмушта жолуга алган жокпуз. "Уркуя" тасмасы тартылып жаткан учурда ар кандай сөздөр айтылды. Ал кезде менин боюмда бар болчу. Балам боюмдан тирүү түшүп, чарчап калды.

Таттыбүбүнү чындыктан дагы ушактар көп ээрчий баштады. Анын сулуулугу, жароокерлиги, таланты экинчи планда айтылып эле, мындай болду, андай болду деген сөздөр айтылып туруп алды. Бирок асманда жараткан бар, ал тараза. Баары бир анын эстелиги театр жанына коюлду. Анын сулуулугу кыргыз айымдарынын символу болуп калды.

Мен айтчу чындык, Таттыбүбү экөөбүздүн мамилебиз эч качан бузулган эмес. Болгону ушактар гана тараган. Калганын мезгил таразалайт.

Театр, кинодогу жараткан образдар

Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" тасмасында.

Чыгармачыл тагдырымда көп каармандардын ролун жараттым, бирок канча каарманды ойногонумду санап көргөн эмес экенмин. Театрда жүрүп, жүрөгүмдө калган ирмемдер көп болду. Казакстандын М. О. Ауэзов атындагы мамлекеттик академиялык театрында "Манастын уулу Семетейди" койгонубузда гүлгө көмүлүп калгамын. Эртеси чыккан гезиттердин бетинин баары биздин, менин сүрөттөрүм...

Менин алгачкы тартылган кином дагы Алматыдан тартылган. Былтыр ал жактан Калмаматов деген режиссер чакырып, бир чоң ролду тапшырды эле.

Тасманын ал эпизоддору Кытай менен чектеш жерде, аска зоонун арасында күнү-түнү төрт күн тартылды.

Тасмада илгери казак элинде ачарчылык болгон учурдагы элдин башына түшкөн азап-тозок тууралуу экен. Анда бир кемпир алты баласынан айрылып, асканы кучактап ыйлаган жерин аткардым. Сценарий абдан жаккан. Учурда ушул тасма качан чыгат деп күтүп жүрөм.

Театр - менин жашоом

Ошентип азыр деле тыным билбей эле иштеп жатам. Көнүп да калдым. Эки күн эс алсам, үчүнчү күнү өзүмдү кайда коёрумду билбей калам. Мындан ары дагы чоң пландарым бар. Жүрөгүм токтоп калганча, театрдан кете албай калдым. Менин ой-санаам, жашоом- театр.

Башыма ар түрдүү идеялар келе берет, аны кууп чыгара албайм. Эл тагдырын, журт тагдырын ойлогон бир топ идеялар бар. Мен жарата турган ролумду үнүмдү чыгарып иштебейм, жалаң ичимден иштейм. Ал тургай автобуста баратып, терезени үнүлө карап ичимден ролду жараткан учурларым көп болот. Ой-санаамдын баары фантазияга малынган. Балким ошон үчүн унутчаакмын.

Иши кылып, бул башта эмне гана жок дейсиң... аа ооба, бир гана нерсе жок экен. Өзүмдүн тагдырым: эмне ичем, эмне кийем дегнди ойлойбойт экенмин.

Жолдошум тууралуу

Бала-бакырабыз өзү менен өзү. Алты неберем бар. Абышкам сексенге келди. Мааракесин жакында эле белгиледик. Ал киши илимдин кишиси болгон. Москвадан окуп келип, Политехникалык окуу жайда иштеген. Кийин советтер союзу ыдырап, мугалимдер базарга чыгып баштаганы ал кишиге абдан катуу тийди. Далай жолдорду басып өттүк, бардык учурда жанымда болду. Мүнөзү оор киши. Баары сестенип турушат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар