Тарых: нацисттик Германиядагы балалык

"Согуштун балдары" деген китеп жакында эле Берлинде жарык көрдү. Анда нацисттик Германияда балалыгы өткөн немистердин эскерүүлөрү берилген.

Урандылар арасында ойноп жүргөн балдар Сүрөттүн автордук укугу Fred Ramage/Getty Images

Китептин авторлорунун бири, фотограф Фредерика Хельвиг согуш учурунда балдардын жүрөгүнө так салган эскерүүлөр менен кошо сүрөттөрдү да топтогон. Бул эскерүүлөр артта калган тарыхты кайра көзгө тартып, ошол мезгилге кайтып баргандай жүрөктү мыжыйт.

Китепти ачканда, эскерүүлөрдүн жанында улгайган кишилердин сүрөттөрү турат. Бул кишилер ошол учурда баёо балдар эле. Буларды немис тилинде Kriegskinder (согуштун балдары) деп аташат. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алардын балалыгы нацисттик Германияда өттү.

"Бир жолу мен Берлиндеги кичинекей көлмөнүн жээгинде ойноп жүргөн элем. Сууда көмкөрөсүнөн оодарылып калкып турган аялдын жансыз денесин көрдүм. Анын юбкасын шамал делдектетип, мага жел кайык сыяктуу көрүнгөн",-деп эскерет Бригитта. Ал 1937-жылы Дортмундда төрөлгөн экен.

Бригитта родилась в 1937-м Сүрөттүн автордук укугу .
Image caption Бригитта 1937-жылы Дортмундда төрөлгөн.

Китепте ушул сыяктуу согуштун ырайымсыз жүзү сүрөттөлгөн эскерүүлөр жана 44 сүрөт берилген. Фредерика Хельвиг бул кишилерди сүрөткө тарткан. Ал эми Анна Ваак алардын эскерүүлөрүн жазып алган.

Каармандардын бири - Никлас Франк башкаларга караганда өткөн тарыхты көбүрөөк казып, ак-карасын ажыратууга аракет кылган. Ал 1939-жылы туулган. Польшаны оккупациялаган генерал-губернатор Ганс Франктын уулу. Атасы польшалыктарга жана ушул өлкөдө жашаган жөөттөргө каршы масштабдуу террор уюштургандардын бири болгон. Согуш бүткөндөн кийин Ганс Франк камакка алынып, Нюрнбергдеги соттук териштирүүдө өлүм жазасына тартылган.

Никлас Франк "Менин нацисттик мурасым: биздин аталар эмне кылган?" деген документалдык тасма тартып жүрүп, британдык юрист, укук коргоочу Филипп Сэндс менен чогуу Европаны түрө кыдырган. (Филипп Сэндстун чоң атасы Холокосто өзүнүн польшалык тyугандарынын көбүнөн ажыраган).

"Согуштун балдары" деген китепте Франк өз бүлөөсүнүн Польшада жашаган учурун эскерген. Бул кишилердин айтып бергендери кызыктуу, бирок айтпай сыр каткандары көбүрөөк кызыктырат.

Никлас Франк 1939-жылы туулган. "Рейхтин көлөкөсү" деген китептин автору. Бул китепте атасы, нацисттер тарабынан оккупацияланган Польшада 1940-1945-жылдары генерал-губернатор болуп турган Ганс Франк тууралуу эскерүүлөрдү жазган. Сүрөттүн автордук укугу .
Image caption Никлас Франк 1939-жылы туулган. "Рейхтин көлөкөсү" деген китептин автору. Бул китепте атасы, нацисттер тарабынан оккупацияланган Польшада 1940-1945-жылдары генерал-губернатор болуп турган Ганс Франк тууралуу эскерүүлөрдү жазган.

Көптөр согуштагы ырайымсыз өлүмдү балдардын көзү менен сүрөттөп беришет.

"Ошол учурдагы аба чабуулун эскерткен сиренанын үнү, бомбадан жашырынган жайларга кантип качып киришкени көптөрдүн эсинде экен. Чоңдордун үрөйү учкан жүздөрү, өлүп жаткан кишилер, бомбага талкаланган үйлөр... Урандылар арасында ойноп жүргөндөрүн дагы эскеришет",-деп жазат китептин баш сөзүндө "Өткөндүн узун көлөкөсү" деген китептин автору Александра Зенффт. Анын чоң атасы дагы нацисттик кылмышкер деп табылган.

(Александра Зенффттин чоң атасы Ганс Элард Людин Словакиядагы Германиянын элчиси болуп турган. Ал 70 миңдей словакиялык жөөттөрдү өлүм лагерине жөнөтүүгө жооптуу болгон. Зенффт өзүнүн китебинде атасынын мыкаачылыгы тууралуу бардык чындыкты билгенден кийинки абалы тууралуу жазган).

"Кылмышкер сенин атаң же апаң экенин моюнга алуу азап",-деп жазат Зенффт.

"Көп учурда жашырылган кылмыштардын кесепети урпактарына оор тийет. Аны жан дүйнөңө сыйдыруу кыйын: сага мээримин төккөн атаң же апаң бир эле учурда киши өлтүргүч болушу мүмкүнбү?".

Мындай кишилердин аз гана бөлүгү жан дүйнөсүндө ата-энеси тууралуу келишкис кош сезимди экиге ажырата албаса, көпчүлүгү үчүн мээримдүү ата менен кылмышкер атаны экиге бөлүп кароосу мүмкүн эмес.

Согуш бүткөндөн бери көп жылдар өттү. Бирок урпактардын акыл-эсинен өчүп кеткен жок.

"Китепти жазуу идеясы биздин өлкөнүн тарыхын балдарыбызга кантип айтып берүү тууралуу достор менен кобурашып олтурганда жаралды. Жоопкерчиликке үйрөтүү үчүн балдарга тарыхтын сабактарын окутуу керек. Ага кантип кызыктырабыз деген темадагы сүйлөшүүдөн улам китеп жазуу идеясы келген",-деп жазат китептин автору.

"Холокостто эмне болгонун ар бир немис жакшы билет. Бул тууралуу мектептен айтып беришет, толтура документтер жарыяланган. Бирок немис үй бүлөсүндө ошол учурдагы чоң ата, чоң энелердин эмне кылганы тууралуу эч качан сөз болбойт. Бул азырга чейин аялуу тема".

Хельвиг "Согуштун балдары" китеби муну өзгөртөт деп үмүттөнүп турат.

"Бул эскерүүлөр эмоцияны жаратат. А эмоция болсо жаңы суроолорго жооп издеген кызыгууну арттырып, ошол катаал мезгилге баа берүү үчүн ачык сүйлөшүүгө түртөт",-дейт ал.

"Кеп бул жерде күнөөнүн баарын бүтүндөй бир муунга жүктөп койгон тууралуу эмес. Баардык муундарды ачык сүйлөшүүгө түрткү бергени менен маанилүү".

Согуштардан кийинки унчукпоо, үн катпоо көрүнүшү муундан муунга өтөт. Коллективдүү унчукпоо жугуштуу илдет сыяктуу. Китеп мына ушундай абалды өзгөртүүгө багытталгандай.

Бул темада олуттуу кеп кылуунун удулу келип турат го дейм. Анткени "Согуштун балдары" дүйнөдө кайрадан согуштук чыр-чатактар жүз берип жаткан учурда жарыяланып олтурат.

"Китеп мындан көп жыл мурун болгон окуяларды кайрадан эске салат. Бирок бул эми мындай эч качан болбойт дегендик эмес да. 2014-жылы биз китептин үстүнөн иштеп баштаганда, дүйнө такыр башкача эле",-деп белгилейт Хельвиг.

"Өзүмдүн немис досторума согуштун балдары тууралуу китеп жазып жатканымды айтканымда, алардын реакциясы мындай болду: "Абдан кызыктуу. Бирок муну бүгүн айтыштын кереги барбы? Германияны карагылачы".

Мындан эки жыл өтпөй эле дүйнө чоң өзгөрүүлөргө учурады.

"Согуштун балдары" деген көргөзмө Берлинде февралдын алгачкы аптасында өттү. Китеп жөн гана эскерүү эмес, ата-бабалардын баскан жолуна урпактардын берген ачык баасы сыяктуу.

Төмөндө биз китептеги айрым үзүндүлөрдү жарыялайбыз.

"1945-жылы дал менин туулган күнүмдө апам бизди жана чоң энемди алып, Батышка качып өтмөк болот. Шашкалактап жатып апам менин бут кийимдеримди алмаштырып кийгизип салган. Биз күн бою бир нече чакырым жол жүрдүк. Оң бутумда сол бут кийим, даттансам апам уккан да жок".

"Жол боюнда кишинин жана аттардын өлүктөрү аралашып жатыптыр. Биз ташталган фабрикаларда, сарайларда, поезддерде түнөп, кээ учурда бомба чабуулдарына кабылганбыз. Биз качып жүргөндө, чоң энем мерт болду, бир нече тууганыбыз өлдү. Апам, эжем жана мен гана аман калдык".

"Ошол кыш абдан суук болгон. Рейнде муздар калкып жүрчү. Шаар урандыга айланып, кыйраган имараттар оюнга эң ылайыктуу жер болоор эле. Мектепке бараткан жолдо мен чиркөөнүн жанынан өтчүмүн. Андагы эки чоң коңгуроонун бири талкаланып, экинчиси асылып турганы көз алдымда... Анан апам мына ушул жерде сен төрөлгөн оорукана бар эле деп көрсөттү бир жерди. Ал жерде болгону төрт дубал калган эле. Блюменталь-штрасседеги биздин үйдүн да көрүнүшү ушундай абалда эле. Ал үйдө биз согушка чейин жашаганбыз".

"Кельн чиркөөсү катуу талкаланган эмес эле. Бир жерине гана бомба же снаряд тийген. Мунарасы кулап кетпеш үчүн ошол ураган жерине кыштарды кынап коюшкан. Гогенцоллерн көпүрөсү толугу менен кыйрап, урандылары Рейнге чачылып жаткан. Америкалык аскерлер убактылуу көпүрө куруп, аны Паттон көпүрөсү деп аташкан. Паттон - америкалык генерал. Көпүрөдөн унаалар өтүп жатканда, анын жыгачтары кычырап турганы кулагымда калыптыр". (AbA)

Фиона Макдоналддын макаласы кыскартылып которулду. Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Culture сайтынан окуңуздар.

Тектеш темалар