Кайран Доке... кайталангыс элестер

Бишкекте Улуттук китепканада Кыргыз Эл артисти, кинорежиссер, акын, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Дооронбек Садырбаевдин чыгармаларынын беш томдук жыйнагынын бет ачаары болду.

Кыргыз Эл артисти, кинорежиссер, акын, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Дооронбек Садырбаев Сүрөттүн автордук укугу chagylgan.kg

Иш чарага катышкандардын арасында Дооронбек Садырбаевди саясатта жана чыгармачылыкта жакшы билген замандаштары, жакын санаалаштары болду. Алар белгилүү инсандын саясий ишмердигин, чыгармачылык өзгөчөлүгүн, тамашакөй мүнөзүн жылуу эскеришти.

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов ички иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп турганда, Дооронбек Садырбаев тарткан фильмге кеңешчи болуп чакырылып, ошондо таанышканын, кийин камакка түшкөндө колонияга чейин келип, анекдот айтып күлдүрүп кетип жүргөнүн эскерди.

«Ал чынында эле бөтөнчө адам эле. Көп кырлуу инсан болчу. Артист, режиссер, философ, жазуучу... Журналисттер менден эң барктап окуган беш китепти атап бериңиз деп сурашканда, мен биздин атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен катар Дооронбек Садырбаевдин «Светлая боль моя» деген китебин атагам. Бул өзүнчө уникалдуу чыгарма. Мен дайыма өзүм үчүн Дооронбек Садырбаевди кыргыздын акылманы деп кабыл алчумун,-деди Феликс Кулов. -1997-жылы «Ким ким болду экен?» деген китеп чыкканда андагы суроолорго Дооронбектин жооп бергендери да өтө кызык. «Сиздин саясий көз карашыңыз» деген суроого «Садырбаевдин өзүнө гана таандык, башка эч кимден көз каранды эмес» деп жооп жазыптыр. «Пир туткан саясий ишмериңиз» деген суроого «Кудай» деп жооп берген. «Кыргыздын келечегине божомол» деген суроого келгенде «Эгер жакынкы эки-үч жылда интеллектуалдык иммунодефицит синдромуна дабаа табылбаса, «жөн эле» деген улуттук оору эзели айыкпай турган түргө өтөт» деп жооп кайтарган».

Дооронбек Садырбаев Сүрөттүн автордук укугу Дооронбек Садырбаевдин үй бүлөлүк архивинен

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев өзү айткандай, «Докенин батасын алган, Доке менен чай ичишкен балдардын» муунунан. Ал жалпы журтка таанымал инсандын жашоосундагы өзү күбө болгон үч окуяга токтоло кетти.

«Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда Ала-Тоо аянтында оппозиция бир аптадан ашуун митинг кылып турду. Маданият министрлиги Ала-Тоо аянтына жакын болчу. Микрофондун добушу күчтүү болчу, менин кабинетиме чейин угулуп турду. Бир маалда митингди башкарып жаткан ыраматылык Мелис Эшимканов «Азыркы сөз Кыргыз Республикасынын Эл артисти, КР Эл депутаты Дооронбек Садырбаевге берилет» деп жарыялап калды. Ордуман туруп Доке эмне деп айтар экен деп терезеге келдим. Докем чыгып, адатынча үнүн жасап, бир аз пауза кармап туруп, «Бакиев» дегенде элдин баары «Кетсин!» деп кыйкырды. «Кулов» деди эле, элдин баары кайрадан «Кетсин!» деди жабыла. Анан бир маалда «Садырбаев» десе, жыйылган элдин баары «Кетсин!» деп кыйкырды. Көрсө, эл ошол убакта ошондой маанайда болуп калыптыр да. Ошол учурду эстейм.

Дооронбек Садырбаев Сүрөттүн автордук укугу Wikipedia

Докем бир жолу депутаттык значогун чечип салып, анын ордуна «Я идиот» деген значокту тагынып жүрдү. Мен: «Доке, уят эмеспи, өзүңүз депутат болсоңуз» деп айтсам, «окусаң» дейт. Мен окудум «Я идиот» деп. Дагы окучу дейт, дагы окудум «Я идиот», «Я идиот» деп. Анда Докем: « билдиң да өзүңдүн ким экениңи» деп жатпайбы. Ошентип Докем ошол значогу менен аны окугандын баарын ордуна коюп жүрдү.

Докемин дагы бир кызык жери, мен «Кыргыз Рухунда» баш редактор болуп иштеп турганымда кайрылып калды гезитке тезинен бир-эки беттик материал чыгарыш керек деп. Алып келиңиз , чыгарабыз дедим дароо эле. Алып келди. Ал көрсө, Докемин Баш прокурорго жазган кайрылуусу экен. Окусам: «Мен Дооронбек Садырбаев Садырбаев Дооронбекти сотко берем» дейт. «Урматтуу башкы прокурор Дооронбек Садырбаевдин Садырбаев Дооронбекке айткан мынабу сөзүн тактап бериңиз, эгер тактай албаса, компенсация төлөп берсин» деп жазыптыр. «Коюңуз, эл муну түшүнбөйт го» десем, чыгара бер деп болбой койду. Ошентип өзүн өзү сотко берген кайрылуусун гезитке чыгарган».

ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев «Дооронбек агай айткан сөздөрдү биз айта албай атабыз, Дооронбек агай көргөндү көрө албай атабыз. Ошон үчүн бүгүн беш «атамекенчи» түрмөдө отурат» деп айтып, түрмөдө отурган «атамекенчилердин атынан» Дооронбек Садырбаевдин жыгачка чегилген сүрөтүн белек кылып тапшырды.

.