Kыргыз адабияты түрк тили аркылуу дүйнөгө чыга алабы?

Kыргыз адабияты

Түркиялык акын жана котормочу Ибрагим Түркхан кыргыз тилинде жазган "Алыкулдун изи менен" аталышындагы поэтикалык жыйнагын окурмандарга сунуштады. Адабий чөйрө жаш акындын кыргыз тилиндеги жыйнагын жылуу кабыл алууда.

Ибрагим Түркхан буга чейин кыргыз акын-жазуучуларынын бир топ эмгектерин түрк тилине которгон. Өткөн жылы кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмоновдун "Мен кыргыздын акыны" аттуу китеби биринчи жолу түрк тилинде жарык көргөн эле. Акындын ырларын которгон Ибрагим Түркхандан Кыргызстанга келип, кыргыз тилин үйрөнгөнгө чейин Алыкул Осмонов тууралуу кабарыңыз бар беле деп сурадым:

Image caption Ибрагим Түркхан кыргыз тилинде жазган "Алыкулдун изи менен" аталышындагы поэтикалык жыйнагын окурмандарга сунуштады.

"Алыкул Осмоновду Кыргызстанга келгенге чейин билчү эмесмин. Кийин окуп калып, абдан таасирлендим. Алгач бир нече ырын түрк тилине которуп, басылмаларга чыгардым. Кийин жыйнагын которуп, китеп кылып чыгардык",-деди Ибрагим Түркхан.

Кыргызстанда бирин-экин жазуучу-акындарды эсепке албаганда, чыгармаларын чет тилдерге которулуп, дүйнөлүк деңгээлде таанылгандары өтө аз. Айрым адабият ишмерлери мына ушул түрк тили аркылуу кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлде таанытуу керек деп эсептейт.

"Кыргыздын илгертен келе жаткан өксүгүбүз, өкүнүчүбүз бар: аз сандуу элдин адабияты болгондон кийин, дүйнөлүк деңгээлге дароо таанылуу кыйын болуп калат экен. Кыргыз жазуучуларынын ичинен бул жагынан Чыңгыз Айтматов жолдуу болгон. Ал эми башка жазуучу-акындар кандай кылышы керек? Муну Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов сыяктуу акылман кишилер "чоң тилдер аркылуу таанылыш керек", "чоң тилдерге которуу аркылуу жайылтуу керек" деп айтып келишкен. Учурунда орус тили мына ушундай милдетти аткарып келди. Бирок азыр эми кыргыз акын-жазуучулары жапон, англис тилинде жазганчалык деңгээлге чыга элек. Бирок акыркы 20 жылдагы байкоомо караганда, кыргыз адабиятын жайылтуунун чоң каналы - түрк тили экен дегенге ишенип баратам. Азыркы учурда түрк адабиятынын деңгээли дүйнөлүк деңгээлде болуп калды. Түрк дүйнөсү дегенде бул "Орхон Памукка чейинки бийиктик" деп түшүнүп жатат. Мына ошонун артынан Элиф Шафак деген жазуучу чыгып жатат. Ар бир айткан сөзү Европа коомчулугунда таасирдүү болууда. Азыр дүйнөдө түрк жазуучуларынын деңгээли өтө жогору. Демек, Ибрагим Түркханга окшогон котормочулардын аракетин колдошубуз керек. Бир эле аны менен чектелип калбай, котормочулук чеберчиликти калыптандырып, ушул багытта иштей жүрүшүбүз керек",-деди белгилүү жазуучу Арслан Койчиев. Жакында эле жазуучунун "Бакшы менен Чыңгыс хан" романы Ибрагим Түркхандын котормосунда түрк тилинде жарык көргөн.

"Чыңгыз Айтматовдон башка кыргыз адабиятынын өкүлдөрүнүн түрк тилине которулушу бул "тушоо кесер" абалында болуп жатат го дейм. Мисалы, Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесинин алдында түркчө жыйнагы чыкты. Учурунда шашылып чыгарып, бир аз кемчиликтер болбой койгон жок. Азыр эми 100 ырын тандап, өзүнчө тандалма жыйнагын чыгарууга аракет кылып жатабыз. Англис тилинде дагы 100 ырын которуп чыгардык. Менин пикиримде, Айтматовдун чыгармаларын абдан чеберчилик менен орусчадан кыргызчага которуп келген Ашым Жакыпбековдун өзүнүн чыгармаларын түрк тилине которуу жагын колго алышыбыз керек. "Теңирим Манас" чыгармасын эки-үч жыл мурун котором дешкенинен Түркияда окуган кыргыз аспирант жигиттерге таштап келгенбиз. Азырынча алардан кабар жок болуп турат. Түрк дүйнөсүнө мына ушундай чыгармаларыбызды таанытышыбыз керек",-деди адабиятчы, белгилүү журналист Памирбек Казыбаев.

Мындан беш жыл мурун британиялык жазуучу Энн Морган бир жылда дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнүн адабий китептеринен - 196 китеп окуп чыгууга бел байлап, аны ишке ашырган. Кийин дүйнөлүк окурмандарга өзү окуган ар өлкөнүн акын-жазуучуларынын чыгармаларын атайын тизмеге каттап, сунуштап чыкты. Анда Кыргызстандан Чыңгыз Айтматовдон башка автордун чыгармалары сунушталган эмес. Кыргыз адабияты өз казанында эле кайнай бербей, дүйнөлүк адабиятка дагы жол таап чыкпаса, өсүү, өнүгүүнүн болушу кыйын дейт адабий сынчылар.

Бир мисал, Ибрагим Түркхан бир нече кыргыз жазуучуларынын китебин түркчө которгондон кийин, айрымдары түрк тилинен азербайжан, татар тилине которулган экен. (AbA)

Тектеш темалар