Укуктук билимди сахна аркылуу берсе болобу?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Укуктук билимди сахна аркылуу берсе болобу?

Кыргызстан жабык жайларда иш алып баруунун европалык тажрыйбасын үйрөнүүдө. Бишкекте бүгүн Эл аралык түрмө реформасы долбоору менен Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу астында “тергөө амалдарын эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүү” боюнча тренинг башталды.

Аталган тренингге Түндүк Ирландиянын жана Улуу Британиянын полиция кызматынын өкүлдөрү да катышууда. Эл аралык жана Европанын тажрыйбасын үйрөнүү кыйноолор жана адамгерчиликсиз мамилелерге каршы күрөштү күчөтүүдө Кыргызстандын ички иштер органдарынын потенциалын жогорулатуу үчүн маанилүү экени айтылууда.

Адам укугу демекчи, сот ишинде адам укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү максатында 29-март күнү Бишкектеги Туңгуч театрында “Уурдалган тоок” аталышындагы сахналаштырылган кече өткөнү жатат.

Би-Би-Си “Уурдалган тоок” тамашалуу кечесин даярдап жаткандардын бири “Көчмөн” коомдук фондунун жетекчиси Улан Үсөйүнгө кайрылып, сот, укук маселелерин чагылдырууга эмне үчүн театрды тандап алдыңыздар деп сурады