Жабууланган пилдер: Түштүк Чыгыш Азияда жаныбарларды сууктан сакташууда

Түштүк Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүндө катуу суук жүрүп, мындай шартка көнбөгөн жаныбарларды сууктан аман алып калуу түйшүгү жаралды.

Слоненок Сүрөттүн автордук укугу Save Elephant Foundation

Бирманын коругунда бул пилдин баласын жуурканга ороп, жабуулап салышкан.

"Бул аптада Кытайдан ызгардуу суук келди. Таиланд, Мьянма (Бирма) жана Камбоджада абанын температурасы кескин төмөндөп кетти. Мындай аба ырайы бул жерде өтө сейрек болот»,-дейт Пилдерди сактоо фондунун негиздөөчүсү Баан Лао.

Слоненок Сүрөттүн автордук укугу Save Elephant Foundation

Түштүк Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүндө катуу суук жүрүп, мындай шартка көнбөгөн жаныбарларды сууктан аман алып калуу түйшүгү жаралды.

Слоненок Сүрөттүн автордук укугу Save Elephant Foundation

Бирманын коругунда бул пилдин баласын жуурканга ороп, жабуулап салышкан.

Слонята Сүрөттүн автордук укугу Save Elephant Foundation

Түн ичинде температура нөлгө чейин түшүп кетүүдө. Бул бой тартып калган пилдер үчүн деле суук болуп жатат.

Слон Сүрөттүн автордук укугу Save Elephant Foundation

Коруктагы кызматкерлердин бири Би-би-сиге берген маегинде, түн ичинде от жагып коюп, жаныбарлар жылууланып калабы деп үмүт кылып жатышат.

Слонята Сүрөттүн автордук укугу Save Elephant Foundation

Таиланддагы Чанг Май коругунда дагы пилдерге жабуу жабышты. Коруктагы абанын температура 8 градуска чейин төмөндөгөн.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар