Биз жөнүндө

Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда.

Кыргыз тилиндеги программалар аптанын ар бир күнү үч жолу жарым сааттык форматта чыгат.

Би-Би-Синин кыргыз тилиндеги берүүлөрүн Кыргызстанда жана коңшулаш өлкөлөрдө жана интернет сайтынан угууга болот.

Биздин берүүлөр Кыргызстандын өзүндө эң көп угулган чет элдик программалардын биринен саналат.

Андан сырткары, коңшулаш Кытай менен Өзбекстандын кыргыздар жыш жашаган аймактарында угуучуларыбыздын саны артууда.

Би-Би-Си угармандары күнүмдүк программаларга активдүү катышып, эл аралык, аймактык, өлкө ичиндеги окуялар боюнча түз эфир учурунда байланышып, пикирлери менен бөлүшүп турат.

Ошондой эле, дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилдүү угармандарыбыз интернет сайты аркылуу дил каттарын жөнөтүшүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 2009 жылдын декабрь айынан баштап "Сапар" теле-видеосун чыгарууда.

"Сапар" берүүлөрүн биздин интернет сайтыбыздан көрүүгө мүмкүн.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Лондондогу жамааты:

Гүлнара Касмамбетова - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери.

Акчолпон Койчиева - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери, "Сапар" теле берүүсүнүн продюсери.

Алмаз Чороев - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Кыргызстандагы кабарчылары:

Кубат Чекиров - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги редактору.

Айбек Абдылдаев - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Түштүк аймактар боюнча кабарчысы.

Руфат Эргешов - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы.

Сапаргүл Абдинабиева - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы.

Азиза Марат кызы - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы.

Абдыбек Казиев - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы.

Элеонора Сагындык кызы - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы.