Гуантанамо: белгилүү түрмөнүн келечеги кандай болот?

Бул түрмөдө алгач эркинен ажыратылгандар кызгылт-сары түстөгү кийим кийген Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бул түрмөдө алгач эркинен ажыратылгандар кызгылт-сары түстөгү кийим кийген.

Гуантанамодогулар үчүн арсар бир учур өкүм сүрүүдө. Мындай абал аты таанылган абак жайдын туткундары үчүн эле эмес, абакты кайтарган кызматкерлерге да тишелүү.

Барак Обама бул түрмөнү жабам деген сегиз жыл ичинде баары бир Гуантанамодогу аскер базасындагы лагерь жок болуп кетпеди. Эми Дональд Трамптын президенттиги учурунда кандай болот?

X-Ray лагерине биринчи эркинен ажыратылган кишилер мындан 15 жыл мурун келген. Анда «террордук согуштун» кесепеттери деп айтыла баштаган учур эле. Бул жайга мен дагы 15 жыл илгери, эркинен ажыратылгандар камала баштагандан кийин келип кеттим эле. Мен анда кызгылт-сары түстөгү кийим кийген кишилерди темир тордун артынан көрдүм.

Абак жай үчүн бул аймактын тандалып алганы да кокусунан эмес. Гуантанамодогу аскер базасы жайгашкан жер АКШнын аймагы болгон эмес. Демек америкалык мыйзамдар дагы бул жерде иштебейт дегендик. Лагерь башында эки анжы ойду жаратканы бар. Буштун администрациясы ордунан эле тапкычтык кылып абалды андан ары кармап кетти. Бирок кийин бул узакка созулуп кетерине эч ким ишенген жок.

Экинчи жолу базага убактылуу X-Ray лагери "Дельтага" айланып, турукташып жатканда келдим. Гуантанамо бекемделип, түптөлүп баштаган. Абакка камалагандар саны да өсүп, бир учурда 700дөй кишиге жеткен.

Сегиз жыл мурун Барак Обама шайлоо өнөктүгүнүн алдында бул лагерди жабуу убадасын берип, кийин инагурациясынын эртеси - 2009-жылы 22-январда Гуантанамо түрмөсүн жабуу боюнча жарлыкка кол койгон. Ошондон баштап эркинен ажыратылгандарды башка абак жайларга которуу жанданды. Бир нече апта мурунку бул жайга менин сапарым учурунда лагердин чоң бөлүгү ээнсиреп, тикен зымдар менен тосулуп турганына күбө болдум.

Деген менен президент Обама түрмөнү толугу менен жабуу убадасын аткарган жок. Анткени конгресс эркинен ажыратылгандарды АКШнын аймагына которууга тыюу салды.

Гуантанамодо азыр эркинен ажыратылган 60 киши кармалып турат. 20 кишинин бошотуу боюнча документтери даярдалган. Обаманын администрациясы алардын бир бөлүгүн эртерээк, президенттик мөөнөтү бүткөнчө аралдан чыгарып кетүүгө колдон келгенин кылууда.

Бирок 3-январда жаңы шайланган президент Дональд Трамп, өзүнүн «Твиттердеги» барагына: «Мындан ары эч кандай бошотуу болбойт. Булар абдан коркунучтуу адамдар, аларга кайра согуш талаасына кайтып барганга мүмкүнчүлүк берилбеши керек» деп жазды.

Бул жерде калган эркинен ажыратылгандардын көпчүлүгү 6-лагерде кармалып турат. Гуантанамонун келечегине байланышкан бүдөмүк, аныкталбаган абал биз абак жайды кыдырып жүргөн учурда да байкалып турду.

Бизге абакта жаткан кишилерди камеранын сыртындагы көзөнөк аркылуу байкатпай тартып алганга мүмкүн болду. Мунун баары көңүл ооруткан көрүнүш эле. Эркинен ажыратылган кишилер биздин келгенибиз тууралуу эч нерсе билбеши керек болчу. Бирок алар сезип калганын байкадык. Эркинен ажыратылгандардын бири колуна өзү турган жайдын сүрөтүн жана суроо белгисин тартып алыптыр.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Полковник Стив Габавикс.

Эркинен ажыртылгандар жана бул жердегилер АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салып турушкан. Лагердин жетекчиси Стив Габавикстин айтымында, шайлоо тыянактары жарыяланган күн демейдегиден такыр айырмаланган жок.

"Кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн реакцияны биз байкаган жокпуз. Эч ким жинденип, ачууланып, каршылык кылган жок. Алар болгону мындан кийин эмне болорун билгилери келишкен".

Менин бул жерге келип кеткен мурдагы сапарларыман бери өзгөрүүлөр болуптур. Мурдагыга салыштырганда эркинен ажырталгандар менен аларды кайтарган кызматкерлер ортосундагы мамиле жөнгө салынып калыптыр.

Мурдагы жылдарда 2001-жылдагы террактын кесепеттери унутула элек, эки тараптан тең агрессия менен чыңалуу байкалып турган. Азыр андай абал жок, башкарууга ыңгайлуу чөйрө жаралып калыптыр.

Алар үчүн Трмаптын келиши эмне берет?

"Эркинен ажыратылгандар жаңы президенттин келиши менен башка абак жайларга которуулар токтоп калабайбы деп түйшөлүшөт,-дейт Гуантанамодогу абакты кайтарган бириккен күчтөрдүн колбашчысы, адмирал Питер Кларк. - Муну биз да билбейбиз, алар дагы билишпейт. Алардын адвокаттары болжолдуу билиши мүмкүндүр, бирок эч ким так эмне болорун билбейт».

Биздин бул сүйлөшүүбүз Трамптын «Твиттерге» жазганына чейин болгон эле. Ал учурда Кларк, эгер эркинен ажыратылгандар өздөрүн башка абак жайга которбой турганын билсе, анда жаңжал кылышы мүмкүндүгүн дагы айтканы бар.

Бул жайга дагы эркинен ажыратылгандар алып келиниши мүмкүнбү?

Гуантанамодогу аскер базасынын башка бир бөлүгүндө, Кубанын түштүк-чыгыш жээктеринде 7-лагерь орун алган. Лагердин так жайгагшкан жери сыр бойдон сакталгандыктан, журналисттердин ар кандай божомол-дөдөмөлдөрүнө себеп болуп келатат.

Ал жерде өзгөчө «баалуу» эркинен ажратылгандар кармалат. Айталы, 11-сентябрдагы террактын уюштуруучусу деп шектелген Халид Шейх Мохаммед сыяктуулар. Бул ишти аскердик комиссия иликтөөгөн алып жатат.

Бул жайдан башка абакка которуулар токтоп эле калбастан, дагы жаңы кишилерди түрмөгө алып келиши мүмкүнбү деген да маселе бар. Ѳзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп: «бул жайды жаман балдар менен толтурабыз» деп айткан.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption 11-сентябрдагы террактын уюштуруучусу деп шектелген Халид Шейх Мохаммед.

5-лагерь эркинен ажыратылгандарды кармоо үчүн курулган. Бирок азыр бош турат. Эгер Трамп эркинен ажыратылгандарды башка абактарга которууну эле токтотуп койбостон, бул жакка дагы жаңыларды жөнөтүүгө буюруса эмне болот?

6-лагерге 175 чамалуу киши кармаса болот. Ал эми 5-лагерге 80 адам батат. Расмйилер бул жерге жаңы эркинен ажыратылгандар кармалышы мүмкүн дегенди өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ менен жана "Аль-Каида" менен байланыштырышат.

Полковник Габавикс: "Эгер зарылдык болуп калса, жакынкы убактарда биз айрым эркинен ажыратылгандарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп белгиледи.

Гуантанамо түрмөсү ачылган 15 жыл ичинде АКШнын терроризм менен күрөшүүдөгү согушунун мүнөзү өзгөрдү. Жаңы душмандар чыгып, жаңы чакырыктар ташталууда. Америка өзү согушуп жаткандарды туткунга алабы, жок кылабы буга жоопту жаңы шайланган президент бериши керек.