Бөлүшүү жөнүндө

Бөлүшүү кызматы деген эмне?

Бөлүшүү кызматы Би-Би-Синин мобилдик сайтындагы маалыматтарды башка эл менен электрондук почта же социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Электрондук почта аркылуу бөлүшүү деген эмне?

Бул кызмат Би-Би-Синин мобилдик сайтындагы маалыматтарды телефонуңузга киргизилген электрондук аккаунттар аркылуу бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул кантип иштейт?

Эгер Би-Би-Синин мобилдик барагын бөлүшкүңүз келсе, барактын алдындагы "Бөлүшүү" деген бөлүмдөгү электрондук почтанын белгисин басыңыз. Андан соң телефонуңуздагы электрондук почта ачылат. Натыйжада сизге керектүү контакттарды оңой эле таап, бөлүшө турган баракчага кошуп, өз билдирүүңүздү да жазсаңыз болот.

Эмне үчүн меникинде иштебей жатат?

Бул ыкма аркылуу бөлүшүү үчүн телефонуңузда электрондук почта кызматы орнотулган болушу керек. Эгер бул кызматты кантип орнотууну билбей жатсаңыз, мобилдик телефондун колдонмолорун карап көрүңүз.

Акысы канча?

Би-Би-Си электрондук почта аркылуу бөлүшүү үчүн акча албайт. Бирок сиздин тармактык операторуңуз интернет үчүн акча алышы мүмкүн. Канча каражат сарпталаарын билбей турсаңыз, тармактык операторуңузга кайрылыңыз.

Би-Би-Си менин жеке маалыматтарымды сактап калабы?

Жок. Сиз өзүңүздүн электрондук почтаңызды колдонгондуктан жеке маалыматтарыңызды же каттарыңызды көрө албайбыз. Би-Би-Синин купуялыкка болгон мамилеси тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн "Купуялык жана Cookies саясаты" бөлүмүнө баш багыңыз.

"Фейсбук", "Твиттер" же башка социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшүү деген эмне?

Бул сизге Би-Би-Синин мобилдик сайтындагы маалыматтарды "Фейсбук", "Твиттер" жана башка социалдык түйүндөрдөгү баракчаңыз аркылуу бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул кантип иштейт?

Эгер Би-Би-Синин мобилдик сайтындагы маалыматты бөлүшкүңүз келсе, барактын алдындагы "Бөлүшүү" деген бөлүмдөгү "Фейсбук", "Твиттердин" белгисин басыңыз. Андан соң өз аккаунтуңузду ачуу үчүн "Фейсбук", "Твиттер" же сиз тандаган социалдык түйүндүн барагы ачылат. Сиз маалыматты бөлүшүү менен катар өз билдирүүңүздү да кошсоңуз болот. Маалыматты "Твиттер" же "Гугл плюс" тармагы аркылуу бөлүшүп жатсаңыз, барактагы сүрөттөр кошо көрүнөт.

Сиз бөлүшкөн маалымат сиздин "Фейсбук" жана "Твиттердеги" баракчаңызга чыгып калат.

Би-Би-Сиге социалдык түйүндөрдөгү сыр сөздөрүмдү беришим керекпи?

Жок. Сиз социалдык түйүндүн белгисин басканда, Би-Би-Синин мобилдик сайтынан чыгып, ошол түйүнгө өтөсүз. Андыктан Би-Би-Си сиздин сыр сөздөрүңүз тууралуу маалыматты көрө албайт.

Эмне үчүн сыр сөздөрдү жазбастан эле дароо социалдык түйүнгө кирип кетип жатам?

Айрым телефондордо "Фейсбук" менен "Твиттер" сиздин сыр сөздөрүңүздү сактап коёт. Натыйжада маалыматты өз барагыңызга чыгаруу үчүн дайыма сыр сөздөрдү жазуунун кажети жок.

Би-Би-Си менин жеке маалыматтарымды сактап калабы?

Жок. Сиз өзүңүздүн электрондук почтаңызды колдонгондуктан жеке маалыматтарыңызды же каттарыңызды көрө албайбыз. Би-Би-Синин купуялыкка болгон мамилеси тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн "Купуялык жана Cookies саясаты" бөлүмүнө баш багыңыз.