Араб өлкөлөрү Катарга талаптарын жумшартты

Катар өзүнө коюлган бардык талаптарды аткаруудан баш тартып келет.
Image caption Катар өзүнө коюлган бардык талаптарды аткаруудан баш тартып келет.

Сауд Арабия башында турган төрт араб өлкөсү июнь айында Катарга койгон 13 талабын аткартууга эми ал өлкөнү мажбурлабайт.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираты, Бахрейн жана Египеттин дипломаттары журналисттерге берген маалыматына ылайык, эми алар алты принципти кабыл алууга даяр.

Анын ичинде терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүнү улантуу, ошондой эле провокациялык актыларды жана тукурууну токтотуу каралган. Терроризмге кандайдыр бир көмөк көрсөткөн деп күнөөлөнүп жаткан Катар азырынча комментарий бере элек.

Катар өзүнө коюлган бардык талаптарды аткаруудан баш тартып келет. Ошондой эле блокадалаган өлкөлөрдү айыптоодо.

Мындан алты апта мурда Перс булуңундагы өлкөлөр Катарды террордук уюмдарды колдойт, экстремисттик идеологияны пропагандалайт деп айыптап, дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн билдирип чыккан.

Катар бийлиги өзүнөн кол үзүүгө себеп болгон жагдайларды далилсиз доомат катары атап, бул 'өлкөнүн жана жарандардын жашоо турмушуна эч кандай таасир этпейт' деп билдирген.

Шейшемби күнү Нью-Йоркто БУУда өткөн брифингде негизги төрт араб өлкөсүнүн дипломаттары журналисттердин алдында сүйлөп жатып, бул конфликтти тынчтык жолу менен чечүүнү кааларын айтышты.