Япониялык аял жолдошунун 54 скрипкасын талкалап салды

Талкаланган аспаптардын арасында эң кымбаты $450 миң турган италиялык скрипка болгон.
Image caption Талкаланган аспаптардын арасында эң кымбаты $450 миң турган италиялык скрипка болгон.

Ажырашуу жалгыз гана жүрөктү сындырбайт, материалдык баалуулуктарды сындырууга чейин жетет. Мындай окуя Японияда катталды. Атап айтканда ажырашуунун айынан 54 скрипка талкаланды.

Япон полициясы мурдагы жолдошунун 54 скрипкасын сындырып салган шектүү аялды камакка алды. Жалпы чыгымды эсептегенде 105,9 млн иенди (1млн $) түздү.

Полициянын кабарлашынча, шектелип жаткан 34 жаштагы япониялык аял Нагоя шаарындагы мурдагы жолдошунун үйүнө кирип, инструменттерин талкалап салган. Жолдошу бул учурда иш сапарында болгону айтылууда.

Учурда аял кармалып, жоопко тартылууда. Ал жолдошунун үйүнө киргенин мойнуна алганы менен, аспаптарга тийген эместигин айтууда. Бул тууралуу “The Japan Times” маалымат булагы жазып чыкты.

Кармалган аялдын 62 жаштагы норвегиялык жолдошу скрипка сатуу менен менен алектенчү.

Талкаланган аспаптардын арасында эң кымбаты $450 миң турган италиялык скрипка экенин “Kyodo” агентсвосу жазып чыкты.

Маалымат каражаттарынын билдиришинче, колго түшкөн аялдын теги кытайлык.