Сот адилеттигин издегендер

Өспүрүм кызын зордуктаган адам эркиндикте жүрөт деген ата-эне соттун бардык инстанцияларынан адилеттик таппай жатканын айтууда. Алардын иши экинчи жолу облустук сотко айланып келди.

Экинчи тарап кылмышты мойнуна албайт.

Жарандык активисттер соттор жөнөкөй тургундардын ишин акчага чечсе, саясатчылар арасында бийлиги күчтүүнүн камчысын чабууну улантууда дешүүдө. Ал эми Жогорку Сот реформа жүрүп, адискөй судьялар иштей баштаганын айтууда.

Жабырлануучулар: далилдер айдан ачык болсо да шектүү эркиндикте

Салкынай Курманова небере кызын ымыркайында багып алган. Ал он бир жаштагы өспүрүмдү эки жыл бою огородунун башында жашаган кайын агасынын уулу зордуктап жүргөнүн анын аялынан билип калат.

“Чыр чыгып, аялы эки кызын алып кетип калса, ошондо биз чалым экөөбүз кылмышкердин ыйлаак уулун бешикке салып эки күн багыппыз. Болбосо менин жаңы өсүп келаткан, кепкенедей, чолпондой кызыма зордук көрсөтүп жүрүптүр. Азыр өзүнүн бетиндеги кара көөнү бизге жаап жатат”, - деген Салкынай Курманова 32 жаштагы кайниси эркиндикте, айылда кенен басып жүргөнүнө кейип, ыйлады.

Соттун башталганына бир жылдан ашкан. Биринчи инстанция Бакай-Ата райондук соту эле. Жабырлануучунун эжеси Рахима Айкынбаева соттон сотко өтүп, иш узарып келатканын айтууда:

“Акыркы чечим чыккан инстанцияда аны толук эркиндикке чыгарышты. Ошол жерде көрсөтмөлөр протоколдо оңдолуп жазылып атты. Биринчи инстанцияда Бакай-Ата райондук сотунда Айгерим өз ыктыяры менен макул болгон деген юридикалык баа берилди. Облустук сот аны күчүндө калтырды. Мунун баарында акча роль ойноду деп эсептейбиз. Жогорку Сотко келгенде өкүмгө сын айтылып, кайра биринчи инстанцияга жөнөтүлдү”.

Жогорку Сот ишти кайра карап чыгууну райондук сотко, мурда Бакай-Ата соту караган үчүн Манас райондук сотуна тапшырган. Жабырлануучу тарап мурдагы инстанция үй камагына чыгарган айыпталуучуну такыр актап жиберип, шектүү азыр эркиндикте экенин айтууда. Мындан улам бул иш азыр экинчи жолу облустук соттун кароосуна айланып келди.

Жогорку Сот процесс бүтө элек болгондуктан соттун өкүмүнө таасир этпөө максатында комментарий берүүгө болбойт дейт.

“Бул иш ушу тапта Талас облустук сотунун өндүрүшүндө болгондуктан ал бул деп айтуу мыйзамга туура келбейт. Жашы жете элек баланын иши болгондуктан отурум жабык өтөт. Соттун чечими тууралуу маалымат алып, сиздерди кабардар кылып турабыз”, - деди Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Би-Би-Сиге.

Ишеним жаратпаган сот системасы

Жарандык активисттер менен укук коргоочулар сот системасын рефармалоо тууралуу ооз көптүрө сөздөр айтылган менен, соттор адилетсиз чечим чыгаруусун улантууда дешет. Алардын бири Рита Карасартова судьялар же акчага же бийликтин укуругуна байланган боюнча калууда дейт.

“Судьялар жөнөкөй иштер болсо өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеп, ким акча берсе ошонун кызыкчылыгына чечет. Саясий иштер болсо өйдө жактын буйрутмасын аткарып турушат. Бирок таза судьялар да бар экенин айта кетиш керек. Ошондуктан биз азыр жакшы судья кандай болот деген критерийлерди бекитишибиз керек. Бир он критерийди коюп, ага ким жакындады, ким жакындаган жок караш керек. Антпесе кимдин буйругун аткарбай койсо, судьяларды да кызматтан алып таштап жатышат”, - дейт Карасартова.

Кыргызстан боюнча жаңы судьялар кызматка киришип, тармак толукталып жатат.

Жогорку Соттун өкүлү Айнура Токтошева иштеп жаткандардын жарымынан көбү мурда судья болуп иштебеген, “таза” адистер дейт. Ал сот системасынын реформасы жокко чыкты дегенге кошулбайт.

“Сот системасынын өзгөчөлүгү өзүушунда экен – эки жак соттошкондуктан, сөзсүз бири нааразы болот. Негизсиз эле системаны каралап, реформа жүрбөгөнүн айтышат. Бирок чындыгында коррупцияга малынган, процессуалдык нормаларда ката кетирген судьяларга андан жогору турган соттук инстанция атайын жай аныктама чыгарат. Ал судьялар кызматынан алынат, үстүнөн кылмыш иши козголгондор да болот”, - дейт Токтошева.

Айнура Токтошева система өзүн өзү тазалаганга аракет кылып, мыйзамсыз чечим чыгарган ондогон судьялар иштен алынганын мисал келтирди. Анткен менен тармакты билген эксперттер кайсы бир чиновникке жакпагандар кетип жатканын да белгилеп, сот тармагы көз карандсыздыкка жакындай албай жатканын айтышууда.

Ал эми 14 жаштагы өспүрүмдүү зордуктоого шектүү 32 жаштагы анын агасынын иши Талас облустук сотто 17-ноябрда каралып баштайт.

Тектеш темалар