Климат боюнча келишимге Трамп тоскоол боло албайт

Европалык өкүлдөр кытайлык кесиптештери менен учурашууда
Image caption Европалык өкүлдөр кытайлык кесиптештери менен учурашууда

АКШнын климаттык өзгөрүү боюнча атайын өкүлү Доктор Першинг Трамптын бийликке келиши климат боюнча Париж келишимине тоскоолдук жаратпайт деп билдирди. Ал шейшембиде Маракеш шаарында министрлер жана айрым өлкө башчылары жыйынга келгенге чейин сөз сүйлөдү.

Дүйнө өлкөлөрүнүн өкүлдөрү глобалдуу климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштү талкулоо үчүн чогулушту.

Дональд Трапмтын АКШ бул келишимден чыгып кетиши мүмкүн экенин айтканы бул жыйында катуу талкууга алынды.

Доктор Першинг климат боюнча Париж келишимин аткаруу аракеттери Дональд Трамптын аталган келишимге каршылыгына туруштук бере алат деп билдирди.

“Өлкө башчылары климаттын өзгөрүүсүнө каршы өз пикирлерин өзгөртүп келген жана өзгөртөт, бирок биздин бул жаатта аракетибиз туруктуу болушу керек”, - деди Першинг.

Шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трамп климат боюнча Париж келишимин жокко чыгарып, климаттык өзгөрүүгө багытталган БУУнун долбооруна каражат төлөөнү токтотууну пландаган.

Доктор Першинг Трамптын администрациясында климаттык өзгөрүү маселелерин ким карай турганын билбегенин айтты. Ал ким болсо дагы, былтыркы климат боюнча келишимдин канчалык күчтүү экенин жана дүйнө эли үчүн кандай пайда алып келээрин түшүнүшү керек деди.