Апрель окуясы боюнча ишти караган судьялар кызматтан алынды

Апрель окуясы боюнча сот иши бир канча жылга созулду
Image caption Апрель окуясы боюнча сот иши бир канча жылга созулду

Президент Алмазбек Атамбаев Аскердик соттун үч судьясын мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту. Ага апрель боюнча айыпталуучуларга судьялардын мунапыс берип, жазасын жеңилдеткени себеп болгон.

Ушул өңдүү окуялардын арты менен кызматтан судьяларды алуу дайыма эле адилет жүрүп жаткан жок дешет байкоочулар.

Кечээ жергиликтүү кеңештин жана Аскердик соттун судьялары Нурланбек Ашымбеков, Бакыт Кожомбердиев жана Канат Абыканов мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду.

Башкы прокуратура бул боюнча Жогорку Сотко кайрылып, Жогорку Сот алардын ишин иликтеп, жай аныктама чыгарган. Ошону менен аталган судьялардын соттолуучуларга карата жеңилдетилген жаза өкүмү 29-июлда жокко чыккан.

Ал эми Соттор кеңешинин сунушу тууралуу Сот департаментинин басма сөз катчысы Назира Сыдыгалиева билдирди.

"Октябрдагы жыйында Судьялар кеңеши Жогорку Соттун жай аныктамасын карап, 'Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө' мыйзамдын 28, 29-беренелерин жана 'Кыргыз Республикасынын соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө' мыйзамдын 9-беренесин жетекчиликке алуу менен Аскердик соттун судьялары Ашымбеков, Абыканов жана Кожомбердиевге кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартип чарасы колдонулсун деген чечим чыгарган. Ал чечим президентке жөнөтүлгөн', - деди Би-Би-Сиге Сыдыгалиева.

Мунапыс апрель окуясы боюнча сот жообуна тартылгандардан мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Каныбек Жороев, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, Данияр Дунганов, 'Альфанын' мурдагы командири Алмаз Жолдошалиев, Мамлекттик кайтаруу кызматынын мурдагы төрага орун басары Нурлан Темирбаев жана мурдагы баш прокурор Эльмурза Сатыбалдиевге колдонулган болчу.

Image caption Кыргызстанда судьяларды көз карандысыз кылуу үчүн сот реформасы көптөгөн жылдардан бери айтылып келет

Бирок айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Юрий Скатневский мунапыс мыйзам чегинде колдонулган эле деп жатат.

'Мунапыс мыйзамдуу колдонулган, судьялар аны колдонгонго негиз бар болчу. Бирок эми азыр сот бүттү, өкүм чыккан. Мунапыс жок чыгарылган чечим күчүндө калды', - деди Скатневский Би-Би-Сиге.

Аскердик соттун судьялары Адам укуктарынын декларациясынын 65-жылдыгына, Кыргызстандын жегемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мунапысты колдонуп, июнда өкүм кылган.

Башкы прокуратура 'кызматынан кыянат пайдалануу' айыбы боюнча соттолгондорго мунапыс колдонулбай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин соттук-укуктук маселелер боюнча комитетине мүчө депутат, мурда укук системасында иштеген Тынчтык Шайназаров мунапыс чынында туура эмес колдонулганын айтууда.

'Ал берене менен соттолгон адамдарга мунапыс колдонулбаш керек. Эгер мунапыс колдонулган өкүм күчундө калса, соттолуучулар бошотулмак. Бирок албетте, судьяларды мыйзамсыз жумуштан алуу фактылары, талапка жооп бербеген судьяларды дайындоо учурлары катталууда. Аны биз Жогорку Кеңеште айтып эле келатабыз', - деди Шайназаров.

Жогорку кеңештин депутаты Канатбек Исаев Кыргызстанда соттун чечимдери президенттик аппараттын көрсөмтмөсү менен чыгаарын ачык эле айтууда.

'Сот бийлиги көз карандысыз деп Конституцияда так жазылганына карабай, ал президенттик аппараттан көз каранды болуп калды. Президенттин аппараты кайсы чечимди туура эмес деп эсептесе же чечим аппарат сурангандай чыкпай калса, ал судьялар сөзсүз жазаланып жатат. Жумуштан кетирип, такыр болбой калганда алыскы райондорго бир жылга, жарым жылга сүргүнгө жиберип жатышат', - дейт Исаев.

Исаев сот рформасынын ишке ашпай жатышына президенттик аппарат өзү бут тосуп жатканын айтууда. Ал жогорку бийликтин таасири аз болуш үчүн судьяларды ратациялоону жокко чыгарыш керек деген ойдо.

Депутат Тынчтык Шайназаров жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин судьялар ого бетер көз каранды болуп калаарын белгиледи.

Шайназаров да сот реформасынын ишке ашпай жатканын белгилеп, мамлекеттин жалпы системасынын сот тармагын өзүнчө жакшыртуу мүмкүн эмес экенин, бардык укуктук жана башка органдар байланыш болгондуктан жапырт реформа зарылдыгын белгиледи.