Жогорку Кеңеш Белизден келген документтер жөнүндө күч органдарынын маалыматын укту

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев
Image caption Абдил Сегизбаев Белиз өлкөсүнөн документтерди “Матрешка гейт” менен салыштыруу таптакыр орунсуз деп айтты.

Жогорку Кеңеш “Мегаком” компаниясынын акцияларын оффшордук компанияга сатууга үч депутаттын кызыкчылыгы болгону жөнүндө маалымат айтылган Белиз өлкөсүнөн келген документтер боюнча башкы прокурор менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын маалыматын угуп, талкуулады.

Депутаттардын чакырыгы менен келген Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз өлкөсүнөн документтердин чоо-жайын түшүндүрдү. Ал офшшордон келген документтер жасалма эмес, расмий түрдө алынган документ экенин белгилеп, аны президенттин колуна тийиштүү тартипте тапшырганын билдирип, бул ишти “Матрешка гейт” менен салыштыруу таптакыр орунсуз деп айтты.

"Улуттук коопсуздук комитетине жалаа жабууну токтотсок, айрым депутаттар",-деди төрага.

"Кеминде элүү миллион доллардан кем болбосун"

Сегизбаевдин айтымында, Белизден келген трасттык документтерде Максим Бакиевге таандык болгон Саузфильд компаниясына "Мегакомдун" 51 пайыз акциясын сатууга көмөктөшсүн үчүн үч депутатка акциялар бөлүштүрүлгөнү жөнүндө маалымат бар:

"Бул жерде алар жазып атат. 2012-жылы 4-апрелде Саузфильд компаниясы, Максим Бакиевдин, трасттык декларацияны түзүп атышат. Бул трасттык декларацияны керээз катары билсек болот. Анда үч белдүү кыргыз саясатчыларынын наамына жети-сегиз пайызы бөлүнүп берилгени жөнүндө айтылат. Бирок ал жерде шарт коюлуп атат. Ошол саясатчылар 2012-жылы улутташтырылган 49 пайызга кошумча 51 пайызын да сатууга көмөктөшсүн деп ачык эле жазылып жатат. Кеминде элүү миллион доллардан кем болбосун, кем болсо анда ишке ашпайт деп".

Абдил Сегизбаев ошол эле учурда 2011-жылы издөөдө жүргөн, кылмыш иши козголгон Елисеевдин лицензициясы мыйзамсыз кайра узартылганы эмне себептен болгону жөнүндө УКМКнын алдында чоң суроо чыгып жатканын билдирди. Елисеевге лицензия узартылып жатканда тийиштүү документтер да болгон эмес, Атүгүл Елисеевдин өзүнүн арызы да болгон эмес, анын баарын кийин топтолуп, ордуна коюлган.

Кыргызстандагы эң ири уюк компаниясынын 49 пайызы 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин дароо эле мамлекетке алынган. Ал эми 51 пайызы бир канча соттук териштирүүлөрдөн кийин гана улутташтырылган. Бирок бул иш эмне себептен создугуп келген себептерин да териштирүү керек, деди Абдил Сегизбаев.

Белизден келген документтерде кайсыл депутаттар жөнүндө маалымат бар экенин Абдил Сегизбаев атаган жок. Анда эмне үчүн КТРК жана башка маалымат каражаттарында Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы башка прокурор Аида Салянова, мурдакы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун аты аталып жатат, ким булардын атын ачыктаган деген дагы суроо коюшту депутаттар.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев “Мегакомдун” акцияларын жең ичинен сатууга катышы бар деп “Ата Мекен” фракциясындагы депутаттардын атын атаган маалымат гезиттерге мурда эле чыгып кеткенин белгиледи.

Баш прокурор Индира Жолдубаева Белизден келген документтер боюнча азырынча иликтөө иштери гана башталганын, азыр эч кимге эч кандай кылмыш иши козголо электигин гана билдирди.

"Кыз Сайкалдын эмгеги чоң"

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз кезегинде Белизден келген документтерди президент, УКМК, баш прокурор аралашкан кезектеги провокация, "Матрешка гейт-2" деп атап жатат.

Парламенттеги жыйында Текебаев “Мегакомдун” 51 пайыз акциясын улуттташтырууну Аида Салянова баш прокурор болуп турганда аягына чыгарганын билдирди.

"2012-жылы Салянова иш козгоп, тергөөнү жеткирип, сотко берип, 2013-жылы 30-декабрда райондук соттон утуп, конфискация кылган. бул жерде биздин кыз Сайкалыбыз Аида Салянованын эмгеги чоң",-деди Текебаев.

Тектеш темалар