Караколдо медколлеждин директорун өлтүрүп кетишти

Медколлеждин директорун өлтүрүү окуясы Каракол шаарынын жашоочуларын селт эттирди
Image caption Медколлеждин директорун өлтүрүү окуясы Каракол шаарынын жашоочуларын селт эттирди

Каракол шаарында медициналык коллеждин директору Анарбүбү Абсалиеваны үйүнөн өлтүрүп кетишкенин Ысык-Көл областтык ички иштер башкармасынын басма сөз кызматы ырастады.

Андагы маалыматка караганда, директордун бычакталган денесин биринчи болуп кызы бейшембиде түшкү саат 13.00дө үйүнө келгенде көргөн. Денеден баш аягы бычактын 23 изи табылган.

Азыркы учурда Каракол шаардык милиция башкармалыгы киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү адамдарды издөөнү баштады.