Кыргызстанда ири бизнести башкаруу аялга канчалык оор?

Image caption Эльвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк бизнесин сактап калуу үчүн күрөшүп баштаганда 26 гана жашта болчу

Би-Би-Сиде 100 айым өнөктүгү уланууда. Кыргызстанда чоң бизнести башкаруу аял үчүн канчалык кыйын? Бийликке ээ күчтөрдүн таасирине туруштук берүүчү?

Бир жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгонго чейин атасынан калган “Кудайберген” базарын жетектеп келген Эльвира Сурабалдиева өз бизнесин тарттырбай кармап калуунун оор учурлары тууралуу айтып берди.

Аргасыз жетекчи болуу

2005-жылдан 2015-жылга чейин он жылга чукул убакыт “Кудайберген” базарын жана башка биздин ири бизнесте башкы директор болуп келдим. Бизнестин ичинен “Кудайберген” элге белгилүү болуп кетти. Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, ири ишмерлердин бири Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы болом.

Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу учурунда 2005-жылы далай адамдар өлтүрүлгөндө менин атамы да атып кетишкен. Ал кезде мен Улуу Британиядан университетти бүтүп келип, Кыргызстандын Социалдык фондунда иштеп жатканыма бир жарым жылдай болгон.

Даяр оокатты мурастап калды дешкенине деле макулмун. Анткени атам саз жерди алып, балдары – биз менен кошо таш терип тазалап, өзү түптөгөн бизнес.

Автоунаа тетиктеринин базары аялдын иши эмес дегени деле туура. Анткени атам каза болгондон кийин эки-үч жылдай үйдөн таңкы саат алтыда чыгып, түнкү он экиде келип абдан кыйналдым. Парковка текшерүүчүсүнөн тарта башкы директорго чейинки иштерди баштан аяк жон терим менен сезип, түшүнүп чыктым. Ошондуктан бул жеңил деп айта албайм.

Ири бизнес катары “Кудайбергенди” айтууга болот. Бишкекте башка чоң бизнесибиз деле жок. Чүйдө атам жашоочуларга жумуш ордун түзсөм, айрым иштерди баштап, аягына чыкпай калган. Мен өнүктүрбөсөм да алымдын жетишинче сактап калууга он жыл күрөштүм.

Тетик саткан базар болгон үчүн бизди тетик сатат деп ойлошот. Бирок мен он жыл иштегениме карабай машинанын копотун ачсам, тетиктердин аталышын да билбейм. Анткени биз соода аянттарын ижарага гана беребиз. Аны жеке ишкерлер же юридикалык жактар иштетет.

Британиядан эл аралык мамилелер боюнча факультетте окугам.

Күрөшүү менен өткөн бизнестеги он жыл

Бизнести алып калуу үчүн күрөшкөн учур кыйын болду.

Сөздүн ачыгы, кичинекей чиновник келсе деле ушу базардан көзү өтүп эле, “бир контейнер бер, он контейнер бер” деп он жыл согушуп бүттүк. Пара сурайт, бербей койсоң ар түрдүү кагаздар менен коркутуп, “мээге чай кайнатып” жүдөтүп жиберишет.

Кыргызстанда бизнес кылуунун кыйындыгы ошондо. Азыр Жогорку Кеңештеги экономикалык жана фискалдык комитеттин мүчөсү катары чакан жана орто бизнеске шарттарды түзүүгө аракет кылып жатам.

Атамды атып кеткенден кийин азыр качып жүргөн мурдагы президентибиз Бакиевдин учурунда иштеген чиновниктердин колунан кыйынчылык көрдүк, оор учурлар менин башыман өттү.

Адам жеңил келген оокат менен жеңил коштошсо керек. Атам 1994-жылы саздуу жерди бир “Жигули” машинасы жана чакан үйү менен иштетип баштаган. Ошол мүлктөрүн күрөөгө коюп 46% менен кредит алган. Анда апамын чачы агарганы дале эсимде. Атам баарыбызды ишке салып, таштарды тердиртип, маңдай тери менен курган базар болчу.

2005-жылы атамды атып кетишкенден кийин үч күндө мен учуп келдим, инимен кабар алганы кеткем. Таңкы саат алтыда учуп келип, ондо атамды койгонгон кийин эле базардын кызматкерлери чалышты. Алар финансылык полициядан, салык кызматынан, коопсуздук кызматынан, милиция кызматкерлери жүрөт, базарда паника болуп жатат, кеңсени аңтарып кетишти дешти. Ыйлаарга убакыт жок болушту. Алар ачык эле “бийлик алмашты, Бакиевдер келди, ар бир ири бизнес “отметка” бериш керек, болбосо иштей албайсыңар” деп айтышты. Алар бир канча миллион сурап, аны президентке берээрин айтышты.

Бирок мени президент кабыл алганда көзүмчө кызматтардын баарына чалып, андай эмес, иштей бер деп калемсап белек кылып жөнөтсө аябай сүйүнүп алгам. Апама баары бүттү деп келгем. Анда мен 26 жаштагы, жаш кыз элем десем болот.

Бирок кийин мени Максим Бакиевдин кеңсесине алып барышты. Ал “Эльвира сен жашсың, бул бизнести иштете албайсың, бул кыздарын жумушу эмес” деди. Мен айтышкандан деле корктум. Бизнесиңди сатып алам деди. Каражаттын баарын революцияга короткондуктан мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтып, бир миллион сом сунуштады. Муну укканда менин ачуум абдан келди. Атам мурас кылып калтырбагандыктан алты айдан кийин гана расмий мураскор болоорубузду айтып, ага чейин бул маселени карай албашыбызды айттым. Ал январь болуп калат экен, январда балдар барат сага деди.

Бизнести кармап калуу кыйынчылыгынан сырткары 2005-жылы 24-мартта биздин үйгө морадер делгендер киргенин да айта кетишим керек. Анда мен үйдө жалгыз элем, сабап кетишкен. Кыскасы кызык эле мезгил болгон.

Аялдар өзүнө ишенип, максатынын өтөсүнө чыгыш керек

Азыр мен көп ийгиликке жеткен, белгилүү айымдар менен жолугуп жүрөм. Алардын ар биринин артында ушундай кыйынчылык болгон. Биздин менталитетке ылайык, баары жакшы гана жагын көрсөткүсу келет. Бирок чынында ыйлаган учурлары, жакындары же жолдошу колдобой таштап кеткен мезгилдер, баштаган долбооруна эч ким ишинбеген убакыттар ар биринде болгон. Андыктан мен өзүң ишенген максаттын аягына чейин барыш керек дейм. Эң негизгиси өзүңө ишениш керек.

Анан бирөө башыңан сылап, байкуш деп койсо чимкиригиңди куюлтуп жатып алуу бизге жарашпайт, бизге андай болбойт! Кыйынчылыктын эртеси күнү баары жакшы болот.

Ошол учурларда мага досторум “бийлик менен салгылашып жиндисиңби, сени атып кетсе үй-бүлөң же балдарың жок эмне болот” дешкен. “Бир туугандарыңдын келечекте үйү башка болот, карыганда кимге керексин, баарын таштап күйөөгө чыгып эле жашай бер” дегендер, деги баары болду. Бирок ага карабай, биз айымдар эмнеге ишенип жатсак, ошону кылышыбыз керек.

Айымдар арасында тилектештик да маанилүү. Бир аял көтөрүлүп баратса курбу катары аны колдоп турушубуз керек.

Тектеш темалар