Елисеевдин лицензиясы боюнча ишти УКМК өзү тергейт

Image caption Жогорку Кеңештин депутаты (Ата Мекен), мурдагы юстиция министри жана башкы прокурор Аида Салянова

Алексей Елисеевдин лицензиясын узартуу боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук комитетине жиберди. Анда 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган Аида Салянова кылмышка шектелген адамга лицензия берген делип жатат.

Салянова өзү анда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деген. Башкы прокуратура аталган окуя боюнча эки күн мурда кылмыш ишин козгогон эле.

Башкы прокуратура Алексей Елисеевдин лицензиясы боюнча кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп бергенин маалымдады.

Башкы прокуратура кылмыш ишти комитеттин материалдарына ылайык козгогонуна карабай, тергөөнү кайра өздөрүнө кайтарып берүүдө мыйзамсыз эч нерсе жок деди.

Бул тууралуу Би-Би-Сиге билдирген башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов кылмыш ишин ачууга негиз болгон жагдайларды белгиледи:

Image caption Башкы прокуратура Алексей Елисеевдин 2010-жылы узартылган лицензиясы боюнча эки күн мурда иш козгоду

“Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (кызматынан кыянат пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Елисеевге карата кылмыш иштери же соттолгондугу жөнүндө Ички иштер министрлигинин маалыматтык борборуна суроо-талап жиберилген. Бирок анын жыйынтыгын күтпөстөн жана Башкы прокуратуранын Елисеевге каршы кылмыш иштерин тергөө жөнүндөгү каттарын эске албастан, “Адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин талаптарын бузуп, 2010-жылдын 28-июнунда буйрук менен Алексей Елисеевдин атына лицензия мыйзамсыз жандандырылган”.

Максим Бакиевдин жакын өнөгү, бир нече берене менен сырттан соттолгон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы жандандырылганда азыркы депутат Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткаруучу болчу.

Кылмыш ишин ачуу жардыгындагы маалыматка ылайык, Елисеев ошондо узарткан лицензиясы менен Латвияда компания ачыптыр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев Жогору Кеңеште Белизден келди делген документтер тууралуу айтып жатып, издөөдө жүргөн адамга, андан сырткары жеке өзүнүн арызы жок экенине карабай лицензия берилген деди.

“Елисеевге 2010-жылы лицензия берип жатып бир дагы документ топтолгон эмес экен. Же топтолгон болсо, атайын жоготулган экен. Башкача айтканда 2013-жылы 11-декабрда министри болуп иштеп турган адам мурунку дата менен документтерди топтоп, ордуна коюп койгон экен. Азыркы учурда юстиция министрлигине бара турган болсоңор, Алексей Елисеевдин “менин лицензиямды жандандырып бергиле” деген жеке арызы жок”, - деген башкы чекист.

Ал эми “Ата Мекенден” депутат Аида Салянова октябрь айынан бери бул тууралуу журналисттерге берген маалыматында, Елисеевге каршы соттун күнөөлүү деген чечими 2010-жылы жок болгондуктан анын лицензиясын жандантууга мыйзам жол бергенин айтып келүүдө. Салянова ошондой эле ишти өзү эмес, азыркы юстиция министри, ошол учурдагы орун басары Жылдыз Мамбеталиева көзөмөлдөп, ага мыйзамда эч кандай тоскоолдуктар жок экенин билдирген деди.

Image caption УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев

Бирок мындан кийин Мамбеталиева да маалымат таратып, лицензияны жандантуу боюнча буйрукка акыркы колду министр коёрун айтты.

Бул чырдын башы “Альфа Телеком” компаниясындагы талаш-тартыштарга барып такалат. Коопсуздук комитети акыркы убактарда жарыяланган окуяларды байланыштырып, “Ата Мекендин” депутаттары, ошол мезгилде мамлекеттик жогорку кызматтарда турган Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов Максим Бакиевдин кызыкчылыгына иштеген деп жатат.

Ал эми депутаттар бул курулай каралоо дешет.

Андай билдирүүлөрдүн биринде Алмамбет Шыкмаматов Салянованын актыгын мындай негиздегенге аракет кылган:

“Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда “Альфа Телеком” боюнча кылмыш ишин козгоп, Елисеевге козголгон кылмыш иши менен 51 пайыз улүшүн мамлекетке конфискация кылып өткөрүп жатпайбы. Мунун баарын логикалык бир улануу катары караганда эч ким ишенбейт. Бул калп, “Калптын казаны кайнабайт” дегендей бул калп эртели кеч чыгат”.

Улуттук коопсуздук боюнча комитет Белиз өлкөсүнөн келген делген документтерди жарыялады.

Ага ылайык, 2012-жылы “Ата Мекендин” азыркы үч депутаты “Альфа Телекомдун” 51 пайызын Максим Бакиевдин компаниясына сатууга аракет кылган деди.

Бирок “атамекенчилер” бул документтер жалган экенин айтып, Текебаев эл аралык юристтер менен териштирээрин билдирди.

“Альфа Телекомдун” 49 пайызы 2010-жылдагы окуялардан кийин мамлекетке өтсө, калган 51 пайызы создугуп келип 2014-жылы улутташтырылган.