Рита Карасартова: Мамлекеттик машина конституциялык өзгөртүүлөр сонун дегенге иштеп жатат

Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова
Image caption Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова

Бишкекте баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун алдындагы үгүт өнөктүгүндө теӊчилик болбой жатканын Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

Би-Би-Си: Конституциялык реформа маселесинде кыргыз коому жактагандар жана каршылар болуп экиге бөлүнүп жатканы белгилүү. БШК конституциялык реформаны жактаган тогуз үгүт тобун, каршылардын төрт үгүт тобун каттаган эле. Үгүт өнөктүгү процессинде эки тарапка калыс мамиле болуп жатабы?

Р. Карасартова: Мыйзамда тең салмактуу убакыт берилсин деп жазылган. КТРКны ала турган болмок, бейшемби, шаршемби күндөрү, 22.40та жарым саатка, ЭлТР ишемби, дүйшөмбү, жума күндөрү кечинде сегизден сегиз жарымга чейин убакыт койду. 25 мүнөт, аны эки командага бөлгөндө 12,5 мүнөттөн тиет экен. 12 мүнөт ичинде шышп-бушуп түшүндүрөйүн десең, баары бир элге жеткиликтүү болбой калат экен.

КТРКны ала турган болсок, "Ой-Ордо" сыяктуу жакшы берүүлөрү бар. Ошол жерде Конституцияны өзгөртүү боюнча талкууларды жасап жатат, бирок ал жерге жалаң жаштарды, КСДПКнын мүчөлөрүн алып барышат. Башка пикир айта тургандардан ашып кетсе бир киши коюп коет, баягы тең салмактуулукту көрсөтүмүш болуп.

Суроо берелик деп барып көрдүк. Милиция киргизбей койду. Адил Турдукулов жаш саясатчы катары барганда аны дагы киргизбей коюшту. Бул үгүт топторуна берилген убакыт эмес деп коюшту. Ошондо жалпы мамлекеттик машина конституциялык өзгөртүүлөр сонун дегенге иштеп жатат. Анын ичинде "5-канал", "Пирамида", КТРК менен ЭлТР дагы бар.

Би-Би-Си: Ал эми мекеме-уюмдар, жогорку окуу жайларында шайлоочулар менен жолугушуулар да болуп жатпайбы, бул жакта теңчилик сакталып жатабы?

Р. Карасартова: Мисалы, Улуттук университетти ала турган болсок, алар студенттерге түшүндүрмө жүргүзүлө турган күндөр деп жарыя илип коюшкан. Биз ал жарыяны көрүп, башка мамлекеттен келген эксперт түшүндүрүп берет деген сунушубузду билдирип, өзүбүздүн аргументтерибизди айталы деп бардык. Бизди киргизбей коюшкан жок. Биз кирдик, бирок "чоочун кишилер отурганда мен сүйлөбөйм" деп коюшту. Анда келгиле биз сүйлөп алып кете берелик десек, декандар "жок, биз силер үчүн чогулткан эмеспиз" деп, жыйналган студент балдардын баарын аудиториядан кайра кууп чыгышты.

Биз азыр БШКга арыз жазгандан кийин гана БШК бардык жогорку окуу жайларына референдум жөнүндөгү мыйзамдын 27-беренесин эскертип, ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер шарт түзүп бериш керек деген токтомун чыгарып берди. Бирок ага чейин биз даттанып, ректордун өзүнө жазсак, ал өзүнүн колун коюп, "бизде окуу процесси жүрүп жатат. Биз макул же каршы деп агитация кылганга аудитория да бере албайбыз" деп жооп берген.

Башка окуу жайларына да бир сыйра кайрылып көрдүм. Алардын арасынан үч окуу жайынан маселени ректор менен сүйлөшүп көрөлүк деген арсар жообун беришти. Калган окуу жайлар баары "биз саясаттын тышкарыбыз" деп жооп беришти.

Саясаттын тышкары болсоңор, балдарыңар референдумга барып добуш беришпейби деп сурасам "барат" дейт. Студенттерди баарын айылдан алып келишип, катташып, укмуш нерселердин баарын жасап атышат, илгерки Бакиев менен Акаевдин учурундагыдай кылып.

Бирок келгиле биз түшүндүрүп берелик, эки тараптуу маалыматты уксун дагы добуш бергенде өзү билсин десек, жок биз саясаттын тышкарыбыз деп туруп, бизге жол бербей жатышат.

Мына БШКдан барып, тийиштүү токтомун чыгарып, бизге качан аудитория даярдап бересиңер деп ар бир жогорку окуу жайына жеткирип беребиз. Анан бизге аудитория береби же жокпу, аны көрө жатабыз.

Тема боюнча башка макалалар