Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарууда

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрүп жатат
Image caption Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрүп жатат

Президент Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ага импичмент жарыялоо жөнүндө демилгесин күлкү келтирген жорук катары атады.

'Доктор Апастын ордун кимдир бирөө басыш керек да,”,-деп жооп берген Алмазбек Атамбаев бул маселеге көпкө токтолгон жок .

Өмүрбек Текебаев 22-ноябрда президент Атамбаевди ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланып жатат деп айыптап, ага импичмент жарыялоо үчүн тийиштүү далил документтерди чогултуп баштаганын билдирген.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Ага маалымат каражаттарынын 150 өкүлү катышууда.

Мамлекет башчынын жылдык жыйынына кээ бир журналисттер каттоого алынып, бирок тизеден чыгып калышканына нааразы болууда.

Суроолорго жооп берип жатып, Алмазбек Атамбаев Россия менен Кытайды Кыргызстандын стратегиялык шериктери деп атады. Ошол эле учурда өлкө парламенттик демократия жолуна түшкөндүктөн Европанын да духу жакын деп айтты.

Президент ошондой эле АКШнын авиабазасы Кыргызстандан чыгарылганы туура болгонун айтып жатып, керек болсо Орусиянын да базасы болбош керек. Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, бирок өлкө өзүн өзү коргош керек деп билдирди.

Тектеш темалар