Сирияга барып келген жалданма согушкер 13 жылга соттолду

Маалыматтарга ылайык, Сирияга 600дөй кыргызстандык кеткен
Image caption Маалыматтарга ылайык, Сирияга 600дөй кыргызстандык кеткен

Кыргызстандык жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени үчүн күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соту кабарлады.

Аталган облустун 33 жаштагы жараны быйыл кышында Сирияга барып, террористтик топторго кошулуп, согушка катышканы иликтөөнүн натыйжасында белгилүү болгон.

Жалал-Абаддын Илхамжан Алимжанов аттуу тургуну алгач Орусияга мындан 9 ай мурда кетип, андан ары Сирияга барган. Маалыматтарга ылайык, ал өзүнүн сотко берген көрсөтмөсүндө ислам дининин талаптарын толук аткаруу үчүн Сириядагы согуштук аракеттерге катышууну көздөп барганын билдирген. Ал жакта 'Катибати имам – Ал Бухари' террористтик тобуна кошулуп, бир катар шаарлардагы согуштарга катышканы көп узабай билинип, Кыргызстандын коопсуздук кызматтары тарабынан иликтөөгө алынган.

Расмийлердин Би-Би-Сиге маалымдашынча, Алимжанов согушка катышып жүрүп кандайдыр бир себептерден улам 3-4 ай мурда Кыргызстанга келгенден кийин кармалган. Жалал-Абад шаардык соту 30-сентябрда Алимжановду 13 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Айыпталуучунун адвокаты нааразы болуп, облустук сотко арыз жазган. Жалал-Абад облустук соту өз кезегинде шаардык соттун чечими күчүндө калтырып отурат.

“Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 30-сентябрындагы чечими менен Алимжанов Илхамжан Исмаилович кылмыш жаза кодексинин 375-беренесинин экинчи бөлүмү менен жалданмачынын куралдуу кагылышка же согуш аракетине катышуусу менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркиненен ажыратылган. Соттун чечими боюнча ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абак жайларда өтөшү керек. Бирок адвоткаты арызданып облустук сотко кайрылгандан кийин бул иш кайрадан каралды. Акыркы чыккан чечимге ылайык, Жала-Абад облустук соту шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды”, - дейт облустук соттун маалымат катчысы Маркел Болотов.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Сирияга кетип, согуштук аракеттерге катышкан же террористтик уюмдарга мүчө болуп кеткен алты жүздөй кыргызстандык бар. А бейрасмий түрдө кеткендердин саны мындан да көп экени айтылат. Алардын басымдуу бөлүгү интернет аркылуу азгырылып кетсе, башкалары түшүнбөй туруп таанышын ээрчип жолго түшкөндөр. Диний серепчилердин айтымында, жөнөкөй жарандарды интернет аркылуу экстремисттик уюмдарга тартуу аракети дагы деле басаңдабай, тескерисинче, жаңы жолдору чыгууда.

“Биз Сирияга кеткендерден эмес, келгендерден коркушубуз керек. Анткени алар согуштук тактиканы жана башка нерселердин баарын үйрөнүп келип, бул жерде да террордук акцияларды, коомго жат көрүнүштөрдү уюштуруусу толук мүмкүн. Ошон үчүн жалданма согушкерлерге катуу жаза колдонуу керек. Азыркы учурда интернет аркылуу согушка тартуу “модадан” калбай турат. Ал турсун, террордук уюмдарга үгүттөгөн жаңы “Интернет имам” деген түшүнүк пайда болду. Бул радикалдык көз-караштагы уюмдардын же адамдардын динди түшүндүрүүдөгү, тартуудагы жаңы ыкмасы, бул көбүнчө видео аркылуу ишке ашууда”, - дейт дин боюнча эксперт Канат Мурзахалилов.

Сирияга барып, террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктарды жарандыктан ажыратуу жөнүндө сунуштар болуп жатат. Ушул жекшембиде боло турган референдумга коюлган баш мыйзамды өзгөртүү долбоорунда ушул сунуш камтылган. Бул жерде жарандыктан ажыраган адамдарга чек аралар жабык болуп, алардын кара ниет аракеттерине бөгөт коюлат деген жүйөө айтылууда.

Тема боюнча башка макалалар