Референдумга коюлган маселелер боюнча элдин түшүнүгү канчалык?

Шайлоочулар референдумда бир гана суроого "ооба" же "жок" деп жооп беришет
Image caption Шайлоочулар референдумда бир гана суроого "ооба" же "жок" деп жооп беришет

Референдумга үч күн калды. Расмий катталган каршы жана макул топтору үгүтүн жүргүзүүдө. Бирок добуш берчү эл Баш мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу түшүнүгү канчалык жетиштүү?

Бишкектин ар кайсы көчөлөрүнөн тургундардын референдумга коюлуп жаткан маселелер тууралуу түшүнүгүн сурадык.

Албетте, жооптор бир кылка эмес. Бирок маалыматым бар дегендер да кайсы беренелер өзгөртүлүп жатканын билбейт. Арасында бири “Референдум – бул партияларбы? Түшүнүгүм толук эмес, бирок биздин айылдык эки жигитке добуш берем” деп жооп берди.

Бишкектиктер ар кандай жооп бергендей эле референдумда макул жана каршы добуш берүүгө үндөгөн топтор да шайлоочуларга түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү боюнча эки башка пикирде.

Каршы топтогулар элге түшүндүрүү жүргөн жок, Башмыйзамга 26 өзгөртүү сунушталып жатса, аларды толук аңдаган эч ким жок дешет.

Жада калса журналисттер, коомдук ишмерлер да Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамдарды, сунушталган долбоордун акыркы вариантын табуу жеңил эмес экенин айтышууда.

Укук коргоочу, "каршы" топтогу Динара Ошурахунова мыйзамдар, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Борбордук шайлоо комиссиянын сайтында жок экенин, бир гана Жогорку Кеңештин сайтына илингенин билдирди. Ал Конституцияны өзгөртүүнүн акыркы варианты мамлекеттик “Эркин Тоо” гезитине жакында чыгып, элге эми жетип жатканын кошумчалады.

Image caption Кыргызстандын Башмыйзамына 26 өзгөртүү сунушталды

"Каршы" топтогулар расмий катталып, үгүт жүргүзүп баштагандан бери убакыт да тар болгонун, ресурстар да жок экенин айтууда.

“Башмыйзамды өзгөртүү шашылыш жүрүп калгандыктан жана бизге берилген убакыт аз болгондуктан көп адамга маалымат жеткен жок. Биздин ошондой эле материалдык ресурстарыбыз да чектелүү, фондубузду уюштурганга убакыт болбоду. Ал эми мамлекеттик органдарда административдик ресурсту колдонуп макул болууга үндөп жатышат. Мамлекеттик мекемелер албетте абдан көп. Бизге бут тосуулар да болуп жатат”, - деген референдумга каршы топтун түштүктөгү өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева аларга үгүт жыйындарын өткөрүүгө мамлекеттин имараттарын алуу же ал жерге адамдарды алып келүүгө тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди.

Каршы жана макулдардан тышкары калыс оюбузуду айтабыз деген өз алдынча топтор да чыгууда. Аксакалдардан турган “Даанышмандар кеңеши” аттуу уюмдун мүчөлөрү Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы эмес, бирок эмнелер өзгөртүлүп жатканы шайлоочуга сая көрсөтүлүп, эл менен талкуу жүрбөгөнүнө нааразы. Анын төрагасы Бердибек Жумабаев бул дагы бир референдумга алып келет дейт:

Image caption Солдон биринчи "Даанышмандан кеңешинин" төрагасы Бердибек Жумабаев

“Биз Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы эмеспиз. Ал улам жакшыртылып, ааламдашуу талабына ылайык өнүгүп туруш керек. Бирок элдин ою эске алынган жок. Жер-жерлерде, алыскы эл менен талкуу жүргөн жок. Андыктан биз өзүбүздүн Башмыйзам долбоорубузду кийин президенттикке келчү чыгаан жигиттерге сунуштайбыз”.

Ал эми Жогорку Кеңеште социал-демократтардан депутат, “макул” тобунун мүчөсү Айнуру Алтыбаева алар сүйлөшкөн калктын бардык катмары Конституцияга кандай өзгөрүүлөр сунушталганын жакшы билет экен деди.

“Мен аялдар менен жолукканда өз позициямды айттым, аларда эч кандай суроо жок, баарын билишет экен. Андан кийин жаштар менен жолуктум, аларда да маалымат жетиштүү. Кара-Суу районуна барганда да жашоочулар түшүнүгү бар экенин айтышты. Андан сырткары жарандардын укугу сыяктуу эле милдети да бар, маалыматың жок болсо, аны окууга убактың болбосо, сураштырып билүүгө жоопкерчиликтүү да”, - деди Алтыбаева.

Кыргызстандын Башмыйзамын өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрга жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бир күнгө коюлган. Конституцияны өзгөртүүнү президент анын аппараты, Жогорку Кеңештин айрым фракциялары сунуштаган. Азыркы Конституция 2010-жылы кабыл алынган.