Шайлоонун ооматы менен дооматы

шайлоочулар
Image caption Бул жолу референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо чогуу өткөрүлдү.

Шайлоо жана референдумга жыйырма беш өлкөдөн жүз сексенден ашык чет элдик байкоочулар катышты.

12-декабрда өткөрүлгөн маалымат жыйынында алар уюштуруу жана өткөрүү иштерин жогорку деңгээлде деп баалашкан.

Жекшембиде өткөн шайлоолор коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Көпчүлүк шайлоочулар добуш бербегенинин себебин ички миграцияга байланышытырып жатышат. Башкача айтканда каттоосу жоктугунан добуш бербей калганын айткандар көп кездешти.

Шайлоого көз салган байкоочулар мурдагы шайлоолордой эле бул ирет да тизме боюнча кайрадан маселе чыкканын сынга алды. Айрым аттуу-баштуу кишилер да өзүн тизмеден тапай калганы учурларын айтып чыгышты.

"Тизме башаламан болду. Мурда текшерсе тура чыгып, шайлоого эки күн калганда башка даректерге которула баштаганын айтышты. Мисалы бир үй бүлөдө алты шайлоочу бар экен, ар кимисиники ар башка тизмеден чыкты",- дейт жарандык активист Рита Карасартова.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев шайлоочулардын тизмеси такталып, даяр болгондугун айткан эле. Шайлоого көз салган эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар шайлоо жүрүшүнө жогорку баасын беришти. Айрым техникалык мүчүлүштүктөрдү эске албаганда олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок деди расмйилер. Бирок техникалык жабдыктардын иштебей калышынан улам кээ бир учурларда добуш берүү үзгүлтүк болгону байма-бай айтылып жатты. Административдик ресcурс маселеси бул жолу да талкуудан четте калган жок. Көп учурда студенттерди көзөмөлгө алып, добуш берүүгө массалык түрдө алып келип жатышат деген учурларды айрым активисттер социалдык баракчаларына жазып чыккан. Маселен жарандык активист Динара Ошурахунова ушундай учурлардын бирин ашкерелеп жазган.

"Бизде 3129 адам катталган. Добуш берүү башталганына беш саат өттү. Азыр араң эле 950 гана киши келди. Эгер антип ташый турган болсок анда азыр бул сан эбак эки миңден ашмак. Студенттер тиешелүү документтери менен келип жатышат. Аларды ким кыйнап алып келип атканы жөнүндө менде эч кандай маалымат жок. Биз эрежелерди толук сактап иш алып барып жатабыз", -деди сөз болуп жаткан шайлоо участогунун төрагасы Эрмек Султан уулу.

Бул жолу референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо чогуу өткөрүлдү. Адаттагыдай эле добуш сатып алуу көп байкалганы айтылып жатат. Айрым жерлерде бир добуш 500 сомдон 1000 сомго чейин бааланган. Бул боюнча айрым фактылар катталып, айтылганы менен иш жүзүндө кимге эмне жаза колдонулганы көмүскөдө калды.

Ошол эле учурда азык-түлүк таратып, ал тургай добуш берүү күнү да үгүт жасап жатышат деген маалыматтар боюнча дагы расмий түшүндүрмөлөр болгон жок. "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев бир эле киши бир нече бюллетенди салып жатат деген видеону жарыялаган эле.

"Мындай болушу да мүмкүн эмес. Анткени автоматтык түрдө эсептей турган электрондук урналар тобу менен бюллетенди кабыл ала албайт", -дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Ушул сыяктуу видеолордун бирин БШК өкүлү менен чогуу көрүүгө шарт түзүлдү.

"Бул маалыматты биз тыкыр текшеришибиз керек. Экинчи жагынан бул участокту көзөмөлдөй турган комиссия жетекчиси, байкоочулар кайда жүргөнү такыр түшүнүксүз. Бул фактылар аныктала турган болсо, чара көрүп ал жердеги шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарганга чейин барабыз. Сиздер видеодон көрсөткөндөй кафеде же самсыканада добуш берүү тууралуу билбейт экем. Негизи андай болушу мүмкүн эмес. Мектеп, бала бакча сыяктуу мамлекеттик мекемелерде өтөт",-дейт арыздарды кароо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев.

Шайлоо тыянактары расмий түрдө толугу менен жарыялана элек. Бул сыяктуу мыйзам бузуулар, даттануудлар боюнча алдыда териштирүулөр жүрөрү айтылып жатат.

Тема боюнча башка макалалар