Милиция баңгизат тараткан деп “Жорго” таксинин айдоочусун кармады

Image caption ИИМдин маалыматы боюнча Бишкекте 70-80 такси фирмасы бар

“Жорго” таксинин кара куурай баңгизатын тараткан айдоочусу бүгүн кармалды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы андан мурдараак бул айдоочу тууралуу маалымат түшкөнүн, бүгүн текшерүүлөрдөн кийин 20 грамм кара куурай баңгизаты (марихуана) менен кармалганын кошумчалады.

Министрлик кечээ, 13-декабрда “Жорго” таксинин айдоочуларын текшерип, бирөөсүнүн баңгизат чеккенин тастыктаган.

Андан бир нече күн мурда массалык маалымат каражаттарында ушул такси фирмасынын айдоочулары баңгизатты чегип жаткан жеринен кармалып, милиция кызматкерлери менен чыр-чатак чыкканын жазышкан.

Такси фирмасынан азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (АК)