Референдумга каршы тарап аракетин улантууда

Референдумга шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы келсе ал өттү деп эсептелет
Image caption Референдумга шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы келсе ал өттү деп эсептелет

Кыргызстанда референдум өттү деп эсептелгенине карабай, каршы ишмерлер аны жараксыз деп таанууга үндөп жатышат. Алар кур дегенде үгүт учурунда жана добуш берүүдөгү мыйзам бузууларга көңүл бурдурууга аракет кылаарын айтышууда.

Ал эми бийлик өкүлдөрү шайлоочулардын 80 пайызынын “макул” добушу менен өткөн референдумда олуттуу мыйзам бузуу болбогонуна ишенет. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн 11-декабрда өткөн референдумдун акыркы жыйынтыгы чыга элек.

Референдумга каршы добуш берүүгө активдүү үндөп жүргөн активист Рита Карасартованын айтымында, алар ушу тапта шайлоодогу мыйзам бузууларды атап, Борбордук шайлоо комиссиясы, Мамлекеттик каттоо кызматы өңдүү тийиштүү органдарга кайрылып жатат. Ал айрым тараптар күнөөлүү деп табылып жок дегене айып пул салыныш керек дейт.

Референдумдун акыркы расмий жыйынтыгы жарыялана элек. Ага добуш берүүдөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын 35 күнү бар.

Image caption Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова Башмыйзамды өзгөртүү жараяны баштан аяк мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келет

Конституцияны өзгөртүү үчүн өткөн референдумга каршы тараптар бул убакыт аралыгында референдумду легитимсиз деп таанууга кур дегенде аракет кылмакчы. Өзгөртүүлөр ишке аша баштаган күндө да олуттуу мыйзам бузуу бар экенин Карсартова айтып берди.

“Конституциянын акыркы жыйынтыгы чыккандан кийин биздин укуктарыбызды чектеген айрым беренелер дароо күчүнө кирет. Мисалы, премьер-министрдин милдеттери өңдүү беренелер келерки жылы президент алмашканда ишке кирет деп мыйзам долбооруна жазып коюшкан. Мына ошондуктан биз Конституция бир гана адамдын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлүп жатат деп келгенбиз. Эгер премьер-министрдин укуктарын күчөтүү зарыл болуп жатса эмне үчүн азыр күчүнө кирбейт?”, - деди Карасартова.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы чечим алдыдагы эки-үч күндө жарыяланарын айтууда. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Биз шайлоо участокторунан көпчүлүк жыйынтыктарды алдык. Акыркы жыйынтык БШКнын атайын жыйынында кабыл алынып, токтом бекитилет. Биз канча катышты, канчасы “ооба”, “жок” дегенин эсептеп беребиз”, - деди Бекматов.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев Башмыйзамды өзгөртүү аракетинин башында келди

Конституциялык реформага эң эле катуу каршылык көрсөтүп, бул аракеттин артынан президент менен тирешүүгө жеткен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент туура эмес жасаган кадамынын кесепетин сезиш керек дейт:

“Биз Атамбаевге референдумдун саясий кесепетин көрсөтө алсак, элдин ишеними азайса, референдумдун легитимдүүлүгү азайса, бул кийинки презденттер жана келечектеги саясий муун үчүн да чоң сабак болот. Каалагандай эле өзгөртө берсе болбойт экен деген түшүнүк жаралыш керек. Бул аракеттердин саясий, моралдык мааниси чоң”.

Ошентип референдумду колдобогон ишмерлер добуш берүүдөн кийин да каршы оюн жайылтуу үчүн иш чараларын улантууда. Алардын максаты кур дегенде коомдук пикир калыптандыруу.

Мындай жагдайлар Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгы коомдун бардык өкүлдөрү тарабынан кабыл алынбаганын көрсөтүүдө.

Ал эми бул жараянга байкоо салган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев эки тарап тең өз функциясын аткарыш керек деген оюн мындай билдирди:

“Эми референдум өттү. Маселе мындан ары кандай иштеп кетишинде. Буга чейин өтсо эле баары жакшы болот деп жатышты. Мен азыр ошону күтүп жатам – баары аткарылсын, баары жакшы болсун. Эгер андай болбосо, бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн чоң жоопкерчилигин аткара албаган болот. Ал эми оппозициянын милдети аны көзгө сая көрсөтүү ”.

Ал эми Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган президенттин аппараты, бийликтеги социал-демократтардын партиясы жана Жогорку Кеңештеги айрым фракциялар референдум элдин добушу болгон соң ага баш ийиш керек дешет. Алар ошондой эле добуш берүү олуттуу каталарсыз өткөнүнө ишенет.

Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун акыркы жыйынтыгын жарыялагандан кийин өзгөртүлгөн Баш мыйзамдын айрым беренелери автоматтык түрдө иштеп баштайт. Ал үчүн Жогорку Кеңеш тиешелүу мыйзамдарды ылайыкташтырыш керек болот. Ал эми референдумга коюлган мыйзам долбоорунда белгиленген айрым өзгөртүүлөр, мисалы, мамлекеттик органдарга байланыштуу беренелер кийинки жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын 42 пайыздан ашыгыраагы референдумда добуш берди. Анын 80 пайызга чукулу макул, 15 пайыздан ашыгы каршы добуш берген. Калган пайыз жараксыз деп эсептелген бюллетендерди түзөт.

11-декбарда өткөн референдумда Кыргызстан Баш мыйзамынын 26 беренесин өзгөртүү сунушталды. Бул эгемендик жылдарында сегиз же тогузунчу өзгөртүү.