Аскаровдун соту жарыш сөзгө жетти

Жылдап чуусу басылбай келе жаткан бул иш БУУнун Адам укуктары комитети кийлигишкенден кийин сотто кайра каралып жатат
Image caption Жылдап чуусу басылбай келе жаткан бул иш БУУнун Адам укуктары комитети кийлигишкенден кийин сотто кайра каралып жатат

Кечээ сот отурумунда айыпталуучу Азимжан Аскаровго сөз берилип, ал өзүнүн узак сөзүндө бир нече жагдайларга токтолду. Ал тергөө абагында ур-токмокко кабылганын, 2010-жылдын майында Базар-Коргондо жаңжал чыгып кетиши мүмкүндүгүн учурунда Исмаил Исаковго эскерткенин айтты. Ал ошондой эле күнөөсүз экенин айтып, мурдагы баш прокурор Байболов Азиза Абдрасуловага Аскаров жогорку жактын буйругу менен камалган деп айткандыгын да жүйө келтирди.

"Мен соттон каралып жаткан иш боюнча сот чечимин чыгараардан мурун, эл аралык уюмдардын, эксперттердин катышуусу менен калпты аныктоочу аппараттан өткөрүү боюнча токтом чыгаруусун өтүнөм. Эгер ошондо менин күнөөлүү экенидигим аныкталса, сот мага эң катаал жазаны кабыл алышына даярмын",-деди Аскаров.

Жылдап чуусу басылбай келе жаткан бул иш БУУнун Адам укуктары комитети кийлигишкенден кийин сотто кайра каралып жатканы белгилүү . Бирок БУУнун комитетинин кайрылуусун президент Атамбаев өлкөнүн эгемендигине шек жараткан коркунуч катары карап, бул маселени референдумга алып чыкты. 11-декабрда баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми Кыргызстан үчүн аралык уюмдардын чечимдери жергиликтүү органдардын чечиминен жогору турбайт.

Президент Атамбаев анткен менен убагында Кыргызстан Азимжан Аскаровдун ишин ийне-жибине чейин карап чыгарын билдирген.

"Сот БУУнун комитетинин чечимине баш ийип, биздин Баш мыйзамды эске алып, бул чечимди кайрадан карайт. Мен жеке өзүм да БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга жеке өзүм кат жолдоп, сот ишине катыша турган 12 эксперттин барын кабыл алууга даяр экенибизди билдирдим. Биз баарын кабыл алууга даярбыз. Керек болсо алар да залда олтуруп ар бир суроо жооптуу карап, талдап чыгышсын. Керек десе алардын бул жакка келип сотко катышышы үчүн алардын жашай турган чыгымдарын да төлөп берүүгө даярбыз. БУУнун комитетинин мындай чечимин, биздин Конституция боюнча кандай экенин кайрадан ийне-жибине чейин карап чыгабыз. Бардык суроолорго чекит коюлат. Ошондо кайсынысы чын, кайсы жери калп экени билинет".-деген Атамбаев.

Ошол эле учурда БУУнун комитетинин чечими кыргыз бийлигине милдеттүү түрдө эмес, сунуш иретинде гана күчү бар экенин башка саясатчылар айтып келатышат. 2010-жылкы Конституиянын атасы атыккан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бул жөнүндө бир нече жолу айткан жайы бар.

"Комитеттин чечими сөзсүз аткарууга жатпайт. Ал снуш күчүнө ээ. Аталган комитеттин чечиминин мүнөзү Еврокомиссиянын баяндамасы менен бирдей. БУУнун комитети сот органы эмес. Бирок ошого карабай Жогорку сот да мамлекттик органдар да биздин Баш мыйзамга ылайык бул чечимди кайра ачылган жагдай катары карап, Аскаровдун ишин кайра карап жообун бериш керек деп эсептешет",-деген Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев.

Азиза Абдрасулова жана башка укук коргоочулар өз кезегинде адам укуктары боюнча комитеттин кайрылуусу милдеттүү түрдө аткарылышы керектигин айтып келишкен. Прокуратура Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттун мурдагы чечимдерин күчүндө калтыруунун талап кылууда.

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь коогалаңында "жаңжалды күчөткөн жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айыпменен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Тектеш темалар