Акыйкатчы институту төрөт учурунда укук бузуулар азайбады дейт

Өтө оор учурларда операция, төрөтүү туура эмес жасалса, кеминде орой мамилеге туш болушат
Image caption Өтө оор учурларда операция, төрөтүү туура эмес жасалса, кеминде орой мамилеге туш болушат

Кыргызстанда кош бойлуу же көз жарган аялдардын медициналык кызматка нааразылыгы азайбай жатат. Өтө оор учурларда операция, төрөтүү туура эмес жасалса, кеминде орой мамилеге туш болушат.

Алардын бири бишкектик Асел кош бойлуу, каттоого туруу жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу үчүн жеке клиникадан да, мамлекттик бейтапканалардан да каалагандай тейлөө көрө алган эмес.

“Биринчиден, иштөө графиги туура келбейт. Мен да, алар да беш күн, кечки алтыга чейин иштейбиз. Иштен канча саатка суранып барышыңды да билбейсиң, анткени кезек өтө узун. Экинчиден сага дайыма орой мамиле жасашат, андай мамилеге эч ким татыктуу эмес деп ойлом. Ал эми жеке клиника бизди кардар катары гана кабыл алат, алардын бирөө алдында жоопкерчилиги жок. Мен боюмдан түшүү коркунучу менен барсам, кийин эмне болдуң деп эч ким сурап да койгон жок. Ал эми мамлекеттик бейтапканалар отчетко керек учурда сурашат”, - деди ал.

Натыйжа бул айым ден соолугуна жана ичиндеги баласына толук кандуу жана өзү каалагандай кам көрө албагыны үчүн бушайман.

Биз маектешкен дагы бир шаардык айым жакында көз жарды. Биринчи төрөттөн кийин эле жергиликтүү медициналык тейлөөдөн көңүлү калганын айтууда:

Image caption Бейтаптардын арасында акча бербесем жакшы карайбы же жокпу деген шектенүү бар

“Палатадан төрөт залына кирип баратканда оор баштыгымы көтөрө албайм десем “биз көтөрүшүбүз керекпи” деп орой мамиле кылышты, толгоом абдан катуу болуп жаткан. Күйөөңдү да киргизбейт экен. Бирок 500 сом берсе киргизет экен. Ошондой эле дарыгер таап, алдын ала сүйлөшүп алып бардык. Антпесе карабай коёбу деп корктук.

Бирок бул бейтаптар белгилеген мамиле дээрлик бардык медициналык мекемелерде болгондуктан алардын тандоо укугунун жок экени да ого бетер үмүтсүздүккө түртөт.

Телефон чалуулар, кат жүзүндөгү арыздануулар көп болгондуктан Акыйкатчы институту бул маселени жалпы иликтөөгө алды. Ушул жылы төрөт үйлөрүндө жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, төрөп жаткан аялдардын биринчи маселеси – мыйзамсыз акча берүү зарылдыгы, экинчиси - медицина кызматкерлеринин орой мамилеси , үчүнчүсү төрөт үйлөрүндө шарттардын начардыгы болуп чыккан.

“Биз 250 чамалуу аял менен сүйлөшүп, анкета жүргүздүк. Анда акча берсең карайт, болбосо карабайт дегендер көп. Ички миграциядан улам каттоо маселеси кездешип жатты. Төрөт үйлөрүндө төлөм деп коёт экен, жүз аарчы, самын-сумунга бересиң, аларды алып келсең деле төлөм талап кылышты деп жатышты. Андан кийин макулдашылган төрөт маселеси көп, дарыгер менен бейтап ооз эки макулдашып, бир суммага токтолушат. Андан сырткары бойдон алдыруу менен сактануу да көйгөй экен, көптөгөн процедуралардан, анализдерден өтпөш үчүн бойдон алдырууга да ашыкча акча берүүгө аргасыз болушат”, - деди Акыйкатчы институтунун кызматкери Махабат Турдумаматова.

Мындан улам институт аялдардын төрөт учурунда медициналык кызматка болгон укугун жогорку деңгээлде талкуулону зарыл деп таап, ага мамлекеттик жетекчи кызматкерлерди чакырууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча Кыргызстанда энелердин өлүмү 100 миң аялга 75 учур туш келет. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги аны 63 деп санаган.

Кантсе да КМШ чөлкөмүндө Кыргызстанда энелердин өлүмү эң жогору турууда. Мисалы, Беларуста 100 миң аялдан төртөө аган өлүшү мүмкүн.

Республиканын башкы гинекологу Раиса Асылбашева көйгөйлөрдүн жана абийирсиз дарыгерлердин бар экенин жашырбайт. Бирок ар бир аял өз укугун билип, аны колдонууну кеңеш берет.

“Дарыгер атайын муну жаман кылып коёюн, тигинтпесе мен минтип коём дебейт. Биз ар бир эне менен баланын жакшы болуп чыгып кетишин каалайбыз. Аракет кылып жатабыз. Албетте энелердин өлүмүн дүйнөлүк сандарга салыштырмалуу өто ылдыйлата алган жокпуз, бирок жылда түшүп келатат. Көп эле жумуш кылынууда. 2015-жылы төрөт үйлөрү бир аз жабдылды. Акырындан баары жакшырат деген максат менен келатабыз”, - деди Асылбашева.

Бирок албетте медициналык тейлөөгө ыраазы болгон энелер менен кош бойлуулар бар экенин да айта кетүү керек. Төрөт үйүнө сегизинчи небересин күткөнү келген пенсионер Элмира Алиева өзүбүзгө да көз каранды деп, дарыгерлерге эч качан акча бербей келатканын айтты.

Бирок бейтаптардын арасында акча бербесем жакшы карайбы же жокпу деген шектенүү бар экени баарына белгилүү. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашева мындай учурда айымдарга коркпоону, дарыгерден тартынбай эмнеге акча төлөп жатканын суроону же бейтапканаларда көрсөтүлгөн дарекке телефон чалып, андан акча талап кылып жатышканын айтууну сунуштады. Анын айтымында, чырмалышкан системаны жөнгө салууга ар бир жаран салымын кошуп, мыйзам берген укуктарды пайдаланыш керек.

Тектеш темалар