Жамиля Бегиева: Москвадагы кыргыздарда тандоо мүмкүнчүлүгү бар

Image caption 2016-жылы Москвада кыргыз мигранттарынын арасында эки жолу өрт кырсыгынан өлүм-житимдер болду.

Россиядагы кыргыз жарандары жиберген акча каражаттарынын көлөмү өсүүдө. Россиянын Борбордук банкынын жарыялаган маалыматтарына караганда ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча кыргыз жарандары үйүнө жиберген акчанын көлөмү 1 миллиард 286 миллион АКШ долларын түзүп, өткөң жылга караганда 21 пайызга көбөйгөн. Ошол эле учурда өзбекстандык жана тажикстандык мигранттар которгон акча 14 пайызга азайган.

Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин бул жактагы кыргыз мигранттарынын патент алуу, ишке улуксат алуу сыяктуу тоскоолдуктары жоюлган эле. Кыргызстандык мигранттардын турмушунда ушул жылы болгон жылыштар, өзгөрүүлөр жөнүндө Москвадагы "Ала-Тоо" уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева Би-Би-Сиге ой-пикир бөлүштү.

Ж. Бегиева: Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин кыргыздар ишке орношууда Россиянын жарандарындай эле укуктарга ээ болушту. Ал эми өзбектер менен тажиктер ай сайын патент алып иштешет, ошол себептүү алар көбүрөөк чыгым болуп атышат. Биздин кыргыздар патент төлөбөйт, Россиянын жарандарындай эле укуктарга ээ. Ошондой жеңилдик болгон үчүн кыргыздар көбүрөөк келип жатса керек.

Кыргыздар Россиянын мыйзамдарынын чегинде иштеп жаткандыктан, алар менен эмгек келишимин түзүлүшү керек. Бирок кээ бир иш берүүчүлөр түшүнбөгөндүктөн, кээде салыктан качкан себептүү, ишке алып жатканда эмгек келишимин түзүлбөй калган учурлар көп. Москванын мэри Собяниндин нааразылыгы ушундан чыкты да. Аягына чейин түшүнүп, түшүнсө да талапты аткарбай жаткан иш берүүчүлөр бар. Биздин кыргыздар иштегенде эмне үчүн эмгек келишими жок деген нааразылык болду.

Би-Би-Си: Демек, азыркы учурда кыргыз мигранттарынын жашоосундагы кыйынчылыктар укуктук жагында, эмгек мыйзамынын талаптарын сактоо менен байланыштуу болуп жаткан экен да?

Ж. Бегиева: Эң туура. Мурда уруксат кагазы болмоюнча ишке алышчу эмес да. Азыр эч кандай документ көрсөтүштүн кереги жок кыргыздар үчүн. Паспортун көрсөтүп, Россиянын жарандарындай эле жалпы тартипте эмгек келишиминин негизинде ишке алышат. Бирок көп мигранттар эмгек келишимин түзбөй эле иштеп жүрүшөт.

Анын кээде иш берүүчүлөр өздөрү түшүнүп же түшүнбөй, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу кагазын да сурап жүрүштү. Кээ бир кыргыздар ошондон штраф төлөп жатышты.

"Мигрант" деген операциялар утур-утур болуп турат Москвада. Ошол документтерди текшерип жатканда катталган жеринде гана жашаш керек деген пункту бар. Ошол пункттан эч ким качып кутула албайт. Себеби квартирасын арендага берген адам эч качан аларды каттоого тургузбайт.

Би-Би-Си: Москвада басмаканада болгон өрт кырсыгынан кыргыз кыздарынын өмүрү кыйылган кайгылуу окуядан кийин мигранттар эмгек шарттарынын коопсуздугуна канчалык көңүл буруп калышты? Иш коопсуздугуна мамиле жоопкерчиликтүү жагына өзгөрдүбү?

Ж. Бегиева: Иш учурунда коопсуздукту камсыз кылуу эн биринчи көйгөй эмеспи. Иш берүүчүлөр көп учурда өздөрүнө жеңил, ыңгайлуу гана жолдорун карап, көп учурда коопсуздук чараларын сакташпайт. Мисалы, ошол өрт чыккан басмаканада бир эшиктен эле кирип чыгышат экен. Уулуу заттар эмгек мыйзамдары талап кылгандай өзүнчө складда сакталбайт экен. Ошол жердеги кичине өрттүн айынан канча кызыбыз ууланды.

Ага чейин болгон башка жердеги өрттө өзүбүздүн иш берүүчү жаран коопсуздук эрежелерин сактабай, эшикти сыртынан жаап жүрүп, канча курмандык болуп кетти.

Ошол окуядан кийин Москванын өкмөтү тарабынан көп текшерүүлөр болду. Иш берүүчүлөр жагынан деле тийиштүү иштер жасалып жатат. Бирок эң негизгиси, биздин кыргыздарда тандоо мүмкүнчүлүгү бар да. Алар ишти коопсуздук жагынан тандап, ишке орношо алышат.

Ишке орношуп атканда көпчүлүгү билбейт да, кандай коркунучтар бар экенин. Эмгек акысына карап эле кире беришет. Анын үстүнө азыр иш берүүчүлөр кыргыздарды Россия жана Беларус жарандары менен бир деңгээлде карап, жарыялап калышты.

Негизи, кыргыздардын абалы азыр кудайга шүгүр, тилсиз жоо менен кырсыктардан кудай сактасын.