Аба-ырайына байланыштуу унаа жолдорунда кыйынчылык жаралды

Бишкек-Ош унаа жолу Сүрөттүн автордук укугу offical

Кыргызстандагы катаал аба-ырайы негизги унаа жолдордогу каттамдарга оорчулуктарды жаратты.

Ѳлкөнүн Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей: «Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда көлөмү 12 600 м3 кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу, 2016-жылдын 23-декабрында саат 10:00 баштап Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда бардык унаалар үчүн (оор жүк ташуучу жана жеңил унааларга) убактылуу чектөө коюлду».

Күйүүчү май, турмуш-тиричиликке зарыл эсептелеген азык-түлүктөн тартып көп нерселер Бишкек аркылуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абат, Баткен аймактарына дал ушул жападан жалгыз жол аркылуу келет. Жыл сайын эле бул стратегиялык маанидеги авто жолдо кар көчкүлөр жүрүп, кыйынчылыктар болуп келүүдө.

Ошондой эле эрте менен Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 177 чакырымында болжол менен 2100м³ кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Ал жерге бир топ оор жүк тарткан унаалар топтолуп калганы кабарланууда.

Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо жана жолду ачуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Ош-Бишкек аба каттамдары да аба-ырайына байланыштуу убактылуу жабылып, Ош аба майданы эрте менен бардык учуп-конууларын убактылуу токтоткон эле.

Тема боюнча башка макалалар