Иран Кыргызстанга ГЭС курууга жардам берүүгө даяр

Хасан Роухани Кыргызстандын көз карандысыз саясатын сыйлайбыз деди Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Хасан Роухани Кыргызстандын көз карандысыз саясатын сыйлайбыз деди

Иран президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга расмий сапары жыйынтыкталды. Роухани Кыргызстанга ГЭСтерди, дамбаларды же жолдорду курууга жардам берүүгө даяр экенин жана Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолунун курулушун колдой турганын билдирди.

Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани адегенде “Ала-Арча” резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен, кийин кеңейтилген курам менен жолукту.

Маңзатка каршы күрөшүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык тармак, маалымат жана коммуникация боюнча кызматташуу келишимдерине кол коюлду.

Эки өлкө ортосунда он жылдык кызматташуу программасы түзүлдү.

Алмазбек Атамбаев Ирандын өзөктүк программасын ишке ашышын жана ага каршы санкциялардын алынышын колдой турганын билдирди. Бул региондук жана эл аралык коопсуздукту чыңдай турганын кошумчалады Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министрлерине виза тартибин жеңилдетүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууга бир ай беришкенин айтып, эки өлкө кызматташа ала турган тармактарды тизмектеди.

“Кыргыз тарап Кыргызстанда ГЭСтердин курулушуна Иран тараптын катышуусуна кызыктар. Биз ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүүчү жеңил өнөр жайда, унаа жана байланыш тармагында кызматташууга кызыктарбыз. Албетте, эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачыш керек”, - деди президент Атамбаев.

Атамбаев Ирандын ШКУдагы макамын жогорулатуу каалоосун колдой турганын айтып, ага Иран кирсе, уюмдун эл аралык аренадагы потенциалы чоңоймок деди.

Эки президент тең терроризмдин ар кандай түрлөрүнө каршы экенин билдиришти. Хасан Роухани эки өлкөдө тең байистүү ислам дини көз карашы бар деди.

Хасан Роухани болсо Кыргызстанга ГЭС, дамба жана жолдорду курууга жардам берүүгө даяр экенин белгилеп, ГЭС боюнча бир компаниясына тапшырма берээрин айтты.

Хасан Роухани Кыргызстандын жүргүзгөн көз карандысыз саясатын колдой турганын жана бул Иран үчүн өтө маанилүү экенин билдирди. Андан сырткары виза режимин үч этап менен жойсо болоорун кошумчалады.

“Визаны жоюуну биз эки өлкө ортосундагы стратегиялык саясат деп билебиз. Жана акыр аягында ал жок дегенде биздин ишкерлер үчүн такыр жоюлат деп үмүт кылабыз. Биз аны үч этап менен жойсок болот. Экинчиден, туристтик топтор, үчүнчү этапта бардыгы үчүн жоюлат деп ойлойбуз ”, - деди Роухани.

Түштөн кийин Хасан Роухани Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, андан кийин Кыргызстан-Иран бизнес форуму өттү.

Форумга эки өлкөнүн ишкерлери ар ким өзүнө пайда таап, байланыш түзүү максаты менен келген.

Анын катышуучусу 20 жылдан бери Бишкекте жашаган медик, ишкер Хусейин Ханиев эки өлкө ортосундагы алака мындан тыгызыраак боло алмак деген оюн айтты:

“Бул жерде ирандык ишкерлер көптөгөн жылдардан бери иштеп келгендиктен мен эки өлкө ортосундагы мамиленин келечеги кең болот деп ойлойм. Ишкерлер Кыргызстанга фарфор, азык-түлүк жана пластик өңдүү мунай продукцияларын ташып келет. Кыргызстан Евразия биримдигине киргенден бери бажы жана башка төлөмдөр биз үчүн оор болуп калды. Бул жолугушууда ушулар чечилет деп үмүт кылам”.

Кыргызстанга өсүмдүк майын ташыган ишкер Мухаммедбур Алирыза да ишкерлик кылуу шарты азыркыдан да жеңил болсо деп, Иран товарларын таанытуу аракетин көрүп жатканын айтты.

“Алыстан келген товарлар жанындагы Иранда бар экенин кыргызстандыктар билсе дейм. Иранга каршы санкциялар да жакында эле алынгандыктан Иран өзү да аксап калды. Эки өлкө ортосундагы соода көлөмү өтө аз. Буга банк системасындагы байланыштын жоктугу да таасир этет”, - дейт Алирыза.

Ал эми кыргыз тараптын төөбурчагын, кургак мөмө-жемишин жана башка продукцияларды сатууга аракет кылган ишкерлер форумга келишкен.

Соода өнөр жай палатасынын президентинин орун басары Нурлан Мусуралиев форумда Кыргызстан сунуштаган инвестициялык долбоорлорго токтолду.

“Биздин ирандыктарга үч тармакта инвестициялык сунуштарыбыз бар. Биринчиден, бул – энергетика сектору, экинчиден, туризм, үчүнчүдөн агро өнөр-жай кайра иштетүү тармагы. Эки өлкө ортосундагы соода көлөмү төмөн деп эсептелет. Ал 100 миллион долларга жетпейт. Ошондуктан муну өзгөртүү аракетин көрүш керек”, - деди Мусуралиев.

Ошентип Хасан Роуханинин бир күндүк сапары бизнес форум менен аяктады.

Бул Иран президенттери Кыргызстанга жасаган экинчи сапар болот. Ал эми кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Тегеранга өткөн жылы барган. Эки өлкө арасында дипломатиялык мамиле расмий Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эле түзүлгөн. Ал дайыма сый болгон менен конкреттүү аласа-бересе, экономикалык мамилелер менен бекемделген эмес. Роуханинин визити ага чыйыр салат деп ишенүүдө мамлекеттик кызматкерлер.