2016: Экономикадагы өсүштөр жана өксүктөр

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экспорт көбөйүп, экономиканын да көлөмү өсөт деген үмүт-тилектер болгон эле.
Image caption Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экспорт көбөйүп, экономиканын да көлөмү өсөт деген үмүт-тилектер болгон эле.

Европалык банк Кыргызстанда монетардык саясат катаңдагынан улам экономикалык өсүш бир жарым пайыз болот деген божомолду берген. Ал эми экономист Жумакадыр Акенеев өсүш алты пайызга барышы мүмкүн деп эң оптимисттик көз карашын айткан эле. Соңку маалыматтарга караганда, экономикалык өсүш он бир айдын жыйынтыгы боюнча 3,2 болду.

"Жылдын жыйынтыгы менен ушул деңгээлде же кичине көтөрүлүшү же азайышы мүмкүн. Бирок 2,7 пайыздан жогору болот",-деп билдирди Би-Би-Си менен маегинде Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев. - Негизгиси Кумтөрдүн жыйынтыгына жараша болот. Себеби Кумтөр азыркы мезгилде он бир айдын жыйынтыгы менен 2,2 пайызга көп берип жатат. Мурдакы берген отчетунан алып караганда алар быйыл мындан азыраак беришмек. Ошол себептүү биз 2,7 деп ойлогонбуз. Бирок иш жүзүндө мындан жогору боло турганы көрүнүп калды".

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экспорт көбөйүп, экономиканын да көлөмү өсөт деген үмүт-тилектер болгон эле. Бирок, тилекке каршы, жаңы экономикалык биримдиктин шартында Кыргызстанда экспорт да, импорт да кыскарып кеткени белгилүү болду. Анын себептерин Экономика министрлиги биринчи кезекте Россияга салынган экономикалык санкцияларда көрөт, анткени Россияга салынган санкциялар Кыргыз экономикасына түздөн түз болбосо да кыйыр түрдө таасир бербей койбойт.

Экинчиден, Кытай, Түркиядан келген товарлар үчүн чек арадагы бажы тарифтери бир топ жогорулады. Кыргызстан мурда жөнөкөйлөтүлгөн бажы тарифтери менен иштеп келген. Анын үстүнө, мурда контрабанда менен келген товарлардын да көп болгону жашыруун эмес. Азыр чек арадагы көзөмөл күчөп, анын баары дээрлик тыйылды.

"Биздеги экспорттун азайганы Россия менен Казакстандын улуттук валюталарынын курсу долларга карата кескин түшүп да кетти. Биздин акчаны куну анча түшкөн жок. Бирок биздин акчанын теңге менен курсу мурда отуз тыйын болсо, азыр жыйырма тыйын деңгээлинде. Россиянын рубли бир жарым сом болсо, кийин теңелип, кээ бир учурда рубль сомдон да төмөн түшкөн учурлар болду. Ошол себептүү биздин товарлардын экспорттук конкуренттүүлүгү да төмөндөп кетти",-дейт Насирдин Шамшиев.

Дагы бир чоң маселе - Евразиялык чоң рынок ачылган менен ветеринардык көзөмөл чек арадан алынган жок. Ошол себептүү Кыргызстан мал чарба продукцияларын сыртка чыгара албай жатат.

Европанын рыногуна ачылган жол

Image caption ВСП+ программасы 508 млн калкы бар 27 мамлекетти бириктирген Европанын рыногуна жеңилдик шартында кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Евразиялык рыноктогу кыйынчылыктар болуп жаткан чакта кыргыз экономикасына Европанын рыногуна ВСП+ программасы боюнча жол ачылды. Эгер мурда Европанын рыногуна экспорт 50 млн долларды түзгөн болсо, бул жылдын тогуз айында эле экспорт көлөмү 59,5 млн долларга жетти.

Европада Кыргызстандын эң ири соода өнөктөрү болуп Германия, Бельгия, Италия, Польша, Франция, Нидерланды, Улуу Британия, Швеция, Болгария и ж.б саналууда.

2016-жылы биринчи кезекте төө буурчактын экспортунун Европанын рыногуна көбөйүшүн айтсак болот. Андан сырткары, Европага экспортко чийки зат ресурстары- пахта, тамеки, жашылча-жемиштер, алтын, кыймылдаткычтар, радиатор, металл калдыктары айтылууда.

Экономика министрлигинин айтымында, ВСП+ программасы 508 млн калкы бар 27 мамлекетти бириктирген Европанын рыногуна жеңилдик шартында кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Болочокто Европанын рыногуна Кыргызстан кийимдерди, анын ичинде этностилдеги кийимдерди, кийиз продукцияларын, дары чөптөрдү, зер буюмдарын жана органик продукцияларын дагы экспорттосо болот деген көз караштар бар. Ошол эле убакта Европанын рыногуна ВСП+ программасы менен кирүүнүн өзүнчө да машакаттары болуп жатат.

"ВСП+ программасынын бир канча тоскоолдуктары бар. Бул биринчи кезекте лабораториялардын жетишсиздиги. Анткени ал жакка товар алып өтүш үчүн атайын өзүнчө сертификат керек. Экинчиден дагы эле болсо көлөмгө байланыштуу болот. Мисалы, балды чыгарсак болот. Ар бир балчы өзүнүн регионунда өстүрөт, демек ар бир балчы ар бир партияга өзүнчө сертификат алышы керек. Чыгарыш үчүн техникалык регламенттерге туура келе турган шартка алып келишибиз керек. Андай шарттар азыр бизде жок",-дейт Насирдин Шамшиев.

"Кумтөрдөн" башка алтын чыгарган ишканалар

Image caption Кыргыз тоолорунун үстү да байлык, асты да байлык

Кыргыз экономикасынын эң маанилүү тармактарынын бири тоо-кен байлыктары. Онөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин директорунун биринчи орун басары Уланбек Рыскуловдун Би-Би-Сиге берген маалыматына караганда, тоо-кен тармагында Кумтөрдөн башка алтын кендеринде продукция чыга баштады.

"Эгемендик жылдары бир гана Кумтөр иштеп келди. 2010-жылдан кийин бир топ долбоорлор боюнча иш башталып, бир катар ишканалар иштей баштады. Откөн жылы Талды-Булак сол жээк алтын кени ишке киришип, алтын чыгара баштады. Ала-Бука районунда Бозымчак кени алтын бере баштады",-дейт аталган агенттиктин директорунун биринчи орун басары Рыскулов Уланбек.

Бул жылы ошондой эле Иштамберди алтын кенинде иш кайра жанданды, Алайдагы алтын кенинде Кайди компаниясы ишке киришти.

Келерки жылдын планында Жерүй алтын кенин өздөштүрүүнүн активдүү фазасы башталат. Терек-кан алтын кенинде иштер башталат. Чаткалда дагы Кур-Тегерек алтын кенинде дагы бир кытайлык компания ишин баштоону максат кылууда.

Келаткан жылдагы дагы бир чоң долбоор Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү өздөштүрүү боюнча иш башталган жатат.

"Бул абдан кубаттуу долбоор болот. Ал жалаң эле кен казуу эмес, минералдык ресурстардын негизинде электр кубатын иштеп чыгуу, транспорттук логистика да бар. Анткени биздин ТЭЦти кыргыз көмүр менен камсыз кылууга жетишүүбүз керек. Биз өзүбүздүн сыре менен иштегенге өтүшүбүз керек",-деди Уланбек Рыскулов.

Тектеш темалар