Айнаш Токбаева: Сотторго ишеним төмөн деп айтууга негиз жок

Image caption Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Кыргызстанда эл 80 пайыз сотторго ишенбей калган деп бүтүм чыгарууга эч кандай негиз жок дейт.

Кыргызстандын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маегинде сот тармагында жүрүп жаткан реформалардагы жылыштар менен катар оош-кыйыштарына да токтолду.

Би-Би-Си: Жогорку Сот жакында баш калаабыздын эски өкмөттүк аянтындагы тарыхый имаратка көчүп кирди. Конушуңуздар кут болсун! Кеңири имаратта иштөө сот чечимдеринин сапатынын жогорулашына да өбөлгө болуп жатса керек?

А. Токбаева: Жогорку Сот аз убакыттан бери тарыхтын жана архитектуранын эстелиги болгон борборубуздун так ортосундагы жаңыланган имаратта иштеп жатат. Мындай кадамдар өлкө башчыбыздын сот реформасына олуттуу көңүл бургандыгынын аркасында жүрүүдө. Чынында эле бул имаратка келгени Жогорку Соттун ишинин функционалдуулугу бир топ жогорулады. Анткени мурдагы имаратта сот отуруму өтүүчү үч гана зал бар болчу, азыркы имаратта алты зал иштейт, мындан тышкары сот жыйынына келген тараптар үчүн да күтүү жайы бар.

Мамлекеттик максаттуу программа (ММП) боюнча бир гана Жогорку Сот эмес, бардык сот мекемелери өз иштерине ылайык келген имараттар менен камсыз болушу керек. Былтыркы жылы, быйыл да аймактардагы жергиликтүү сот мекемелери кандай абалда иштеп жатышканын жакшы билүү үчүн кыдырып чыктык. Натыйжада ММП каралган иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатканына көңүл бурдук. Талдай келгенде мунун обьективдүү да, субьективдүү да себептери бар экен.

Биздин негизги максатыбыз сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу болгондуктан, ишке катышкан тараптарга тиешелүү шарттарды түзүп берүүбүз керек. Сот имараттарында зарыл шарттарды түзүү, келген тараптарды бардык маалымат менен камсыз кылуу, алдыда боло турган процесстердин тизимин да алдын-ала жайгаштыруу иштерин эл аралык стандарттарга ылайык жасоого аракеттер көрүлүп жатат. Негизи сот мекемелеринин бардыгына тең эле функционалдуу жаңы имараттар зарыл, бирок бул бюджетке байланыштуу.

Кыргызстан боюнча 71 сот имараты бар. Өткөн жылы 28 имаратта оңдоо-түзөө иштери жасалды. Оңдоп-түзөөдөгү негизги максат дубал-шыптарды жаңыртуу эмес, сот имараттарынын функционалдуулугун көтөрүү болуп жатат. Бул жагын карасак, архивдерди иреттүү жайгаштырып, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кирип-чыгуусуна да шарт түзүү, судьялар менен алардын жардамчылары отурган жайларга тараптар үчүн бөгөт коюлууда.

Мисалы, быйыл, Чоң-Алай райондук соту үчүн жаңы имарат курулду. Ош шаардык соту менен Жалал-Абад облустук соту жаңыланган имаратка көчүп киришти. Бишкектеги судьяларды окутуу борбору да жаңыланган имараттуу болду. Ал жерде судьяларды окутуу үчүн баардык тиешелүү шарттар түзүлгөн. Бул маселени жыйынтыктап айтсак, сот тутуму бийликтин бир бутагы болгон соң, өзүнүн бийик статусуна ылайык имараттарда жайгашып, иштөө үчүн бардык шарт менен камсыз болууга тийиш.

Би-Би-Си: 11-декабрда болуп өткөн референдумда Баш мыйзамга сот системасына байланышкан өзгөртүүлөр да кирди. Сиздин оюңузча, конституциялык өзгөртүүлөр сот бийлигин ишмердигине кандай жагынан таасир берет?

А. Токбаева: 11-декабрда биздин эл өз тандоосун көрсөттү. Биз мыйзамдарды колдонуу органыбыз, ошондуктан алдын-ала божомол жасабастан, фактыларга таянуубуз керек. Ал эми мыйзамдардын иштешин убакыт көрсөтөт.

Би-Би-Си: 2010-жылдагы революциядан кийин таза иштеген судьяларды конкурстук жол менен тандоого аракет көрүлүп жатканы белгилүү. Жаңы келген судьялар канчалык эл ишенимин актап жатат деп ойлойсуз?

А. Токбаева: 2013-жылдан ушу кезге чейин 365 жаңы судья дайындалды. Алардын ичинен биринчи жолу судья болуп иштей баштагандары 239. Гендердик жагын карасак, 136 аялдар, калганы эркектер. Учурда 36 орун бош, бирок аларга конкурстар жүрүп жатат. Кийинки жылдын башына чейин алар тандалып, дайындалып бүтүп калат деп ишенебиз. Негизи Кыргызстан боюнча жергиликтүү соттордо 401 судья эмгектенет, ага Жогорку соттун 35 судьясын кошкондо 436 судья өлкө боюнча иштейт.

Би-Би-Си: Элдин 80 пайызы сотторго ишенбейт деген сөз көп саясатчылардын оозунан түшпөй келатат. Сиздин оюңузча, элдин сотторго болгон ишеними азыр кайсы деңгээлде?

А. Токбаева: Мен мындай айтылган сөзгө эч макул эмесмин. Статистикага кайрылалы, быйылкы тогуз айдын ичинде биринчи инстанцияларга 103 168 иш түшкөн. Булардын ичинен каралганы 88 369. Ушулардын экинчи инстанцияга же аппеляциялык жана кассациялык тартипте кайра даттанылганы 9626. Демек, жалпы 100 пайыз каралган иштердин болгону 11 пайызы гана кайра каралып жатат. Калган 89 пайызы судьяларга ишенген үчүн кайра даттанган жок да. Экинчи инстанциядан кийин гана көзөмөл иретинде Жогорку Сотко даттанууга жол берилет. Эми тогуз ай ичиндеги ушундай иштерди карасак, экинчи инстанцияга кайрылган 9626 иштен 3709 иш гана Жогорку Сотко даттанылган. Демек, мындан сотторго нааразы болгондор канчалык аз экенин байкоого болот. Эми 80 пайыз эл сотторго ишенбейт деп ушундан кийин айтууга болобу?

Би-Би-Си: Мамлекеттик максаттуу программада сот тутумун жетиштүү деңгээлде каражат менен камсыз кылуу каралган эле. Азыркы каржылоонун деңгээли талапка ылайык болуп жатабы?

А. Токбаева: Мамлекеттик максаттуу программада сот тутумун каржылоону өлкөнүн жалпы бюджетинин эки пайызына жеткирүү каралган. Быйылкы бюджет бир пайыздан бир аз жогору болот деп белгиленген. Бирок биз ага жете элекпиз. 2015-жылы 0,78% бөлүнсө, быйылкы жылы 0,77 % гана түздү.

Би-Би-Си: Коррупцияга каршы күрөш жалпы өлкө боюнча жүрүп жатканына көп болду. Анын ичинлде сотттор арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюнун акыбети канчалык кайтып жатат?

А. Токбаева: Бизде коррупция менен күрөш боюнча өзүнчө программа бар. Бул боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат, жыйындарда, көптөгөн тренинг-семинарларда да талкууланат. Мындан сырткары, видеобайкоолор коюлуп жатат. Квартал сайын жергиликтүү судьялар бул боюнча отчет берип турушат. Коррупцияга жол бербеш үчүн, имараттарды оңдоп-түзөп жатканда судьяларга тараптардын жетүүсүн чектөөгө аракет кылып, эл аралык стандарттарга ылайык эшиктерди чиптер менен жабууга аракеттер көрүлүүдө.

Тектеш темалар