2016: мамлекеттин диний кырдаалды көзөмөлдөө аракети

2016-жылы мамлекет диний кырдаалды чектен чыгып баратат деген негизде өзүнүн көзөмөлүнө алууга аракеттенип жатканы бир нече жолу айтылды.
Image caption 2016-жылы мамлекет диний кырдаалды чектен чыгып баратат деген негизде өзүнүн көзөмөлүнө алууга аракеттенип жатканы бир нече жолу айтылды.

2016-жылы Кыргызстанда диний кырдаалды жөндөөгө мамлекеттин чамасы жетпей, улутту бөлүп-жарууга алып келген ар кандай тенденциялар күчөп баратканын байкоочулар кабатырлануу менен белгилешти. Бийлик башындагылар диний радикализм менен диний фанатизмди айыптаган билдирүүлөр менен көп жолу элге кайрылуулар жасашты. Интернеттеги диний экстремизм менен радикализм күчөп, мындай пропагандага каршы күрөш жүргүзгөн атайын бөлүмдөрдү ачуу, кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлдү.

2016-жылы мамлекет диний кырдаалды чектен чыгып баратат деген негизде өзүнүн көзөмөлүнө алууга аракеттенип жатканы бир нече жолу айтылды.

Узаган жылдын башында экстремизмге каршы пикирлери жана диний агартуучулук багыттагы ишмердиги үчүн бычакталып, бир нече ай дарыланып чыккан теолог Кадыр Маликов президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, өлкөдөгү диний абалды, экстремисттик коопсуздукту жана ага тийиштүү чараларды көрүү тууралуу талкуу өткөрдү. Жолугушууда диний чөйрө боюнча мамлекеттик концепциянын ишке ашышы, мамлекеттик органдардын аракеттери жөнүндө да сөз болгон эле.

"Диний экстремизмге каршы мамлекеттин так пландары бар, ал ишке ашуу жолунда", - деди Би-Би-Сиге Кадыр Маликов.

Image caption "Диний экстремизмге каршы мамлекеттин так пландары бар, ал ишке ашуу жолунда", - деди Би-Би-Сиге Кадыр Маликов.

Мындан эки жыл мурун кабыл алынган дин чөйрөсүндөгү мамлекет саясатынын 2020-жылга чейинки концепциясында диний чыр-чатактын алдын алып, радикал уюмдарды, кооптуу делген кишилерди көзөмөлдөө, экстремисттик пропагандага жол бербөө сыяктуу чаралар жазылган. Дин менен светтик башкаруу ажыратылып, аларга аныктама берилген.

Бирок март айында мамлекет диний кырдаалды көзөмөлгө алам деп кээ бир учурда аша чапкан аракеттерге барууда деген дооматтар айтылды. Мусулмандар конгрессинин президенти Бакыт Нурдинов дин комиссия муфтиятты толугу менен көзөмөлгө алып, өз саясатын ээн-эркин жүргүзө баштады деп нааразы болгон эле:

"Дин комиссиясы аттестацияны өткөрүп жатканын моюндабашы мүмкүн. Бирок алар өткөрүп жатат, ал турсун муфтияттын кадр саясатына мыйзамсыз кийлигишип жатышат. Муфтияттын жоош, момун мусулмандарына кысым көрсөткөн команданы иштен кетирмейин, коррупция улана берет".

Ушул эле айда диний окуу жайларга светтик предметтерди, ал эми жалпы билим берүү жайларына дин таануу сабагын киргизүүгө багытталган билим берүү концепциясы иштелип чыкты. Концепцияга ылайык, медреседеги окутуу, молдолордун билим деңгээли, орто медреселерге алты светтик сабак, жогорку билим берген медреселерге он сабак каралган. Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин деканы Сайфулла Базарбаев азыркы талапка жараша дин таануу сабагын мектептерге киргизүүгө көпчүлүк макул болгон маанай бар экенин айткан болчу:

"Көп конфессиялуу, демократиялык коомду түзүүдө динди окутуш керек. Мамлекет мектептерде тогузунчу класска чейин негизги сабактарды үйрөнүүнү милдеттендирген. Максаты адам турмуш-тиричилигин улантып кетишине шарт түзүү. Динди да ошондой кылып окутуу зарыл. Ал эми динге ишенүү эркиндиги окуучунун өзүндө калат", - деди Базарбаев.

Image caption "Мамлекет мектептерде тогузунчу класска чейин негизги сабактарды үйрөнүүнү милдеттендирген. Динди да ошондой кылып окутуу зарыл".

Өтүп кеткен жылы өлкөнүн укук коргоо органдары, атайын кызматтар, диний чөйрө Сириядагы согуштук чыр-чатактарга азгырылып жаткандарга каршы бир катар маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүздү. 2016-жылга чейин Сирияга агылгандар менен бирге ал жактан кайткан кыргызстандыктар да көбөйгөнү жөнүндө бир катар маалыматтар айтылды. Жакында эле Жалал-Абаддын отуз үч жаштагы тургуну Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени үчүн күнөөлүү деп табылып, он үч жылга эркинен ажыратылды.

"Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 30-сентябрындагы чечими менен Алимжанов куралдуу кагылышка же согуш аракетине катышуусу менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркиненен ажыратылган. Соттун чечими боюнча ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абак жайларда өтөшү керек", - деген облустук соттун маалымат катчысы Маркел Болотов.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан же террористтик уюмдарга мүчө болуп кеткен алты жүздөй кыргызстандык бар. Ал эми бейрасмий маалыматтарда алардын саны мындан да көп экени айтылат.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Раим Салимов согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөрдөн мекенине кайткандарды чек арадан өтүп жатканда кантип айырмалоо керектиги жөнүндө кызматкерлерди окутуу жүрүп жатканын маалымдаган:

"Сириядан качкын болуп, миграция агымы менен башка үчүнчү өлкөлөргө агылып жаткандар чек аралар аркылуу биздин өлкөгө да келип калышы мүмкүндүгүн эч ким четке кага албайт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча экстремисттик «Ислам мамлекети» тобу өз катарындагыларга: «Силер билинбей калыш үчүн сакал-мурутуңарды кыргыла, кыска шым кийгиле, анан буйрукту күткүлө» деген көрсөтмөлөрдү берип жатат. Биз азыр өзүбүздүн кызматкерлерди окутуп жатканыбыз да ошондон. Алар чек арадан өтүп жатканда кантип айырмалаш керек? Массанын арасынан кантип айрып таануу керек? Ушундай маселелерди өзүбүздүн кызматкерлерге окутуп жатабыз".

Image caption Чубак ажы Жалиловдун "бул депутаттар менен учурашпай, катташпай, жаназасына барбай коелу" деген интернеттеги пикирлери коомчулукта түрдүү талкуу жаратты.

Өтүп бараткан жылда коомчулукта түрдүү талаш-талкууга алынган тема диний аалымдар менен саясатчылардын ортосундагы кайым айтышуулар болду. Жогорку Кеңеште жума намазына байланыштуу тыныгуу боюнча мыйзам долбоорун колдобой койгон депутаттарга карата мурдагы муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун "бул депутаттар менен учурашпай, катташпай, жаназасына барбай коелу" деген интернеттеги пикирлери коомчулукта түрдүү талкуу жаратып, муну экстремисттик чакырык катары кабыл алгандар да болду.

Бул кайрылууга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети Чубак ажы Жалиловду түшүндүрмө берүүгө да чакырды. Чубак ажынын өзү Би-Би-Сиге берген маегинде Жогорку Кеңештеги кээ бир депутаттарга карата биринчи кезекте диний ишмер катары эмес, жаран катары укуктуу болгон гана сөзүн айтканын айткан эле.

Бул окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев депутат Жанар Акаевди, муфтий Максатбек Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдорду кабыл алып, диндин саясатташып жатканын, Кыргызстан светтик өлкө экенин айтып, айрыкча орозо айында бул маселенин талкууланышына, анынын тегерегиндеги диний сабырсыздыкка жол берилбеш керек экенин билдирген:

"Динди күчтөп таңуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештирибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп жатат. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясый түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат. Динчилер саясатка киришкенде эмне болоорун азыркы күндө бир топ араб өлкөлөрүнөн көрүп жатабыз".

Image caption Июль айында Бишкектин көчөлөрүндө "Кайран элим кайда баратабыз?" деген ири көлөмдө пайда болгон баннерлер коомчулукта, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Июль айында Бишкектин көчөлөрүндө "Кайран элим кайда баратабыз?" деген ири көлөмдөгү жаңы пайда болгон баннерлер коомчулукта, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты. Анда бетин чүмбөттөгөн аялдар менен элечек кийген энелерди салыштырган сүрөт тартылган. Бул баннерлер "коом арасында түшүнбөстүк жаратарын, бирөөнүн ишенимин сыйлоо боюнча мыйзамга каршы келерин" айткандар да болду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бул боюнча расмий билдирүү таратып, коом ушундай талаш-талкуулардан жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керек деп билдирген эле.

Диний серепчилер жөнөкөй жарандарды интернет аркылуу экстремисттик уюмдарга тартуу аракети басаңдабай, тескерисинче, жаңы жолдору чыгууда деп жыл бою айтып келишти.

Азгырыкка алдангандардын арасында жашы улгайган аялдар да көп экени айтылып, мунун алдын алуу үчүн ноябрь айында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дин башкармалыгы менен биргеликте аялдарга диний маалымат бере турган атайын борборлорду ачканын маалымдады. Соңку он жыл ичинде өлкөдөгү аялдар арасында диний радикалдуу агымдарга тартылгандар саны бир пайыздан жыйырма үчкө өскөнү айтылган.

Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттери ичинен исламдашуу процесси тездик менен жүрүп жаткан өлкө катары каралат. Мамлекет диний чыр-чатактын алдын алып, диний уюмдарды, кооптуу делген кишилерди көзөмөлдөө, экстремисттик пропагандага жол бербөө үчүн динге кийлигишип, Коргонуу кеңеши тарабынан дин чөйрөсүндөгү өлкө саясатынын 2020-жылга чейинки концепциясы бекитилген. Ага ылайык, ар бир диний кызматкерди аттестациядан өткөрүү, профессионалдык билиминин деңгээлин текшерүү, аларга айлык берүү жоболору иштелип чыккан.