Бишкек мэриясынын алдындагы акция, мэр шайлоо башталды

акция

Бишкектин мэринин милдетин аткарып жаткан Албек Ибраимовду колдогон тургундар акция өткөрүп жатышат.

Кабарчыбыз Абдыбек Казиев билдиргендей, акцияга жүз чамалуу киши катышып, бүгүнкү мэр шайлоодо адилеттүү, сатылбай добуш берип, кайра Ибраимовду мэрликке алып келүү талаптары айтылып жатат.

Ушу тапта шаардык кеңеште мэр шайлоо башталды. Борбор шаардын мэрлигине эки талапкер катталган. Алардын бири Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимов, экинчиси "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган Нурдин Абдылдаев.

Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат бар. Көпчүлүк коалицияны КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан" фракциялары түзгөн эле. Ал эми оппозицияны "Өнүгүү-Прогресс" менен "Мекеним Кыргызстан" түзөт.

Бүгүнкү митингди талапкер Нурдин Абдылдаев шаардык кеңешке жасалган кысым катар мүнөздөп, атайын уюштурулган деди.

Тема боюнча башка макалалар