Зордуктоо фактысы: активисттер сотко нааразы

Фэйсбук
Image caption Активисттер кол чогултуп, Тоң райондук сотуна карата кызматтык текшерүү өткөрүүнү талап кылышууда

Аялды баласынын көзүнчө зордуктады деп айыпталган кишиге чыккан сот өкүмүнө нааразы болгон активисттер кол чогултушуп, Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотуна карата кызматтык текшерүү өткөрүүнү талап кылышууда. Алар шектүүдөн соттор пара алып, ага үч эле жыл абак жазасын берди деп шектенип жатышат.

"Мындай кылмышты жасаган адамга үч эле жыл абак жазасын бергени бизди бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан кыжырыбызды келтирди. Соттор пара алган болушу мүмкүн. Зордуктоо фактысы боюнча 15-20 жыл абак жазасы берилиши керек болчу да. Ошондуктан тиешелүү органдардын бул иш боюнча териштирүү жүргүзүүсүн талап кылабыз. Кыргызстандыктар бул ишти четте карап турбай, өлкөдөгү адилеттүүлүк үчүн күрөшүүсү керек", -дейт жарандык активист Кайрат Бекмамбетов.

"Милициянын кысымы менен күнөөсүн мойнуна алган"

Ысык-Көлдө өткөн жылдын августунда жергиликтүү таксист балалуу жүргүнчү аялды зордуктаган деген шектелип, ага карата кылмыш иши козголгон эле. Жаңы жылдын алдында бул иш Тоң райондук сотунда каралып, алар шектүү кишини үч жылга эркинен ажыраткан. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жабырлануучу тарап жергиликтүү маалымат агенттиктерине маек куруп, аны таксист күч колдонуп зордуктап, талаага таштап кеткенин айтууда

Ага соттолуучунун жакындары нааразы болуп, шектүү күнөөсүн милициянын кысымынан улам мойнуна алганын айтышууда.

"Балам таксист болуп иштечү. Август айларында аны милиция кармап кетти деп келиним телефон чалды. Көрсө милиция аны зордуктоо боюнча күнөөлөп, түрмөгө отургузуп коюптур. Мен тиги аялга зордукталганы чын бекен деп барсам, анын бир жумадай мас болуп жүргөнүн көрдүм. Өзү башка улуттан экен, дайындуу жашаган жери да жок. 20 миң доллар берсеңер, дооматым жок деп арыз жазып берем деди. Бардык териштирүүлөрдө баламдын күнөөсү жок экени далилденсе деле, аны чыгарышпай жатат", -деди Би-Би-Сиге шектүүнүн жетимишке таяп калган атасы.

Ал эми жабырлануучу тарап болсо жергиликтүү маалымат агенттиктерине болуп өткөн окуя боюнча маек куруп, аны таксист күч колдонуп зордуктап, талаага таштап кеткенин айтып берген эле.

Учурда бул чуулгандуу иштин айланасында социалдык тармактарда, маалымат агенттиктеринде түрдүү талаш-талкуулар жүрүүдө. Бири жабырлануучуну коргоп, башкалары шектүүнү колдоп жазышууда.

Би-Би-Си өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, экспертизалык териштирүүдө аялдын зордукталбагыны, айыпталуучуга карата так далилдердин жетишсиздиги боюнча маалымат алды. Бул учурда кандай болот деп юрист, укук таануучу Кайрат Осмоналиевге кайрылдык:

"Мен бул соттук иш боюнча жаңылыктарды окуп чыктым, окуядан кабарым бар. Бирок ийне-жибине чейин билбейм. Негизи кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 1-бөлүмүндө зордуктоо фактысы үчүн беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул жаза мөөнөтүн берүүдө айыпталуучуга карата далилдер жетишсиз болсо, тергөөнүн гана позициясына карата чечим чыгарбаш керек. Эгерде экспертизалар боюнча баары таза чыкса, шектүү акталып кетиши да мүмкүн. Бирок соттор бардык жагдайларды эске алып, адилеттүү чечим чыгарат деп ишенип туралы".

Кылмышка шектүү киши август айынан бери абакта кармалып жатат. Тоң райондук сотунан келген маалымат боюнча, ага үч жылдык жаза өтөө мөөнөтү берилгенде, жабырлануучу, прокуратура жана ишке катышкан башка тараптардан облустук сотко апелляциялык тартипте даттануу түшкөн эмес.

Эми бул ишке Ысык-Көл облустук прокуратурасы кийлигишип, жазык иш облустук сотко жиберилүүдө. Аталган облустун сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы бул ишти карап, өзүнүн юридикалык баасын берет деп күтүлүүдө.