Учак кырсыгынан мерт кеткендер саны 32ге жетти

Кыргызстанда учак кырсыгы катталды
Image caption Кыргызстанда учак кырсыгы катталды

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев авиакырсыктын кесепетинен каза тапкандардын туугандарына көӊүл айтып, жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүүнү жана бардык жардамды берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында кабарланды.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Манас" аэропортунун жанында жүк ташуучу учактын кыйрашынын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып жана аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы андан тышкары авиакырсыктын натыйжасында жабыр тарткандарды дарылоого жана саламаттыгын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды. Өкмөткө каргашанын себептерин терең иликтеп жана авиакырсыктын кесепеттерин жоюу чараларын көрүү тапшырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын “Манас” аэропортуна жакын, калктуу конушта болгон авиакырсыкта каза тапкандар саны 32 кишиге жетти деп билдирди Би-Би-Си кабарчысына Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Баатыралиев. Анын ичинен Кыргызстандын жарандары 28и, ал эми кырсыкка кабылган учак экипажынын төрт мүчөсү каза тапты.

Окуя болгон жерге өлкөнүн премьер-министри барып, абал менен таанышты. Авиакырсык боюнча өкмөт атайын комиссия түздү.

Кырсыкка кабылган учак үйдүн үстүнө кулап түшкөн. Бугүн эртең мененки саат 7.31да Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк тарткан учак 'Манас' аэропортуна жакын жерге, Чүйдүн Сокулук районунундагы Дача-Суу тилкесинен кулаган. Жабыркагандар жана каза болгондор такталууда.Бул окуядан кийин “Манас” аэропорту учуп-конууларды убактылуу токтотту.

Кырсыкка учураган учак Гонконгдон Түркиянын Стамбул шаарына багыт алып учуп бараткан деп айтылды. Бишкектеги аэропортко май куюу үчүн конууга аракет кылган болушу мүмкүн деп айтылып жатат. Учактын “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени белгилүү болду.

Image caption Кыргызстанда учак кырсыгы катталды

Кыргызстандын Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайты 15 турак жай жабыркады деп билдирди. 'Учак кыйроосунан чыккан өрт толугу менен курчоого алынды. Окуя болгон жердеги абал менен таанышуу үчүн биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана Транспорт министири Жамшитбек Калилов барышты' деп бидирди мекменин басма сөз кызматы.