Кыргызстан авиакырсыктан мерт кеткен жарандарына аза күтүүдө

Окуя болгон жерде 20дан ашуун үй кыйрады.
Image caption Окуя болгон жерде 20дан ашуун үй кыйрады. Тазалоо иштери бүгүн да улантыла турганы кабарланган.

Бишкектеги "Манас" аба майданына жакын жердеги авиакырсыкка байланыштуу Президенттин жарлыгы менен бүгүн өлкө боюнча аза күтүү күнү жарыяланган. Өлкөнүн бардык аймактарында, чет жердеги дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында мамлекеттик туулар түшүрүлөт. Ѳлкө аймагындагы маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялар оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотот.

Соңку маалыматтар боюнча авиакырсыктан 36 адам каза тапты алардын жарымына жакыны жаш балдар. 13 киши ооруканага түшкөн. Кечээ күнү түркиялык компанияга таандык Boeing 747-400 жүк тарткан учагы "Манас" аэропортуна жакын жерде эл жашаган конушка кулап түшкөн. Каза тапкан отузга чукул киши ушул конуштун тургундары, арасында жаш балдар дагы бар. Ал эми төртөө экипаж мүчөлөрү болгон.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Бүтүндөй бир үй бүлө мүчөлөрү каза тапкан учурлар бар. Бир үй бүлөдөн мектепке кеткен тестиер баланын гана аман калып, келип ата-энесин таппай калган окуя бүтүндөй өлкөнү жашытты.

Окуя болгон жерде 20дан ашуун үй кыйрады. Тазалоо иштери бүгүн да улантыла турганы кабарланган. Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн өлкөдө ондогон демилгелүү топтор түзүлүп, расмийлер дагы атайын жардам кабыл алуу бекеттерин ачты. Чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктар дагы жардамга кол сунууда.

Бишкектеги республикалык соттук медициналык экспертиза борборунда жакындарынын сөөгүн таануу үчүн келгендерге жардам көрсөтүп, кайрат берип тургандар көп болду. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза тапкандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирүүгө атайын унааларды бөлдү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан каза тапкандардын тизмесин жарыялады

Бул тизмедегилердин үчөө учактын экипаж мүчөлөрү, калгандары кыргыз жанарандары. Сөөктөрдүн өздүгү аныкталгандан кийин бул сандар дагы өзгөрөт. Соңку маалыматтарга караганда кырсыктан каза тапкандар саны 37 адам деп айтылып жатат.

1. Карыпбаев Эрзат Нурланович, 2012-жылы туулган.

2. Карыпбаева Жылдыз Нурлановна, 2014.

3. Шералиева Сабина Уларбековна, 2011.

4. Шералы уулу Уларбек, 1990-жылы туулган.

5. Жуманалы кызы Акмарал, 1990-жылы туулган.

6. Чокоева Кундуз Таалайбековна (кош бойлуу), 1985-жылы туулган.

7. Осмонов Санжарбек Абдуманапович, 1982-жылы туулган.

8. Шералиева Айдай, 2 жашар.

9. Шаршенбеков Руслан Нурланович, 2011-жылы туулган.

10. Исакова Гүлжан Муратбековна, 1980-жылы туулган.

11. Солтокенова Мариям Анарбековна, 2009-жылы туулган.

12. Кожаналиева Наргиза Эсенгуловна (кош бойлуу), 1988-жылы туулган.

13. Солтокенов Айбек Анарбекович, 1988-жылы туулган.

14. Солтокенова Фарида Алмазбековна,1969-жылы туулган.

15. Кубанычбеков Аман Кубанычбекович, 1997-жылы туулган.

16. Максатбеков Тимур Зарылбекович, 2006-жылы туулган.

17. Орозбаева Айжамал Максатбековна, 1989-жылы туулган.

18. Батыров Сүйүн, 1966-жылы туулган.

19. Жумакунова Наргиза Болотбековна, 1984-жылы туулган.

20. Абакиров Актан Азаматович, 2011-жылы туулган.

21. Абакирова Раяна Азаматовна, 2016-жылы туулган (4 айлык наристе)

22. Шамибек уулу Айбол, 2006-жылы туулган.

23. Белекова Адинай Руслановна, 2010-жылы туулган.

24. Орозбаева Бүнаркан, 1959-жылы туулган.

25. Келишова Айнуса, 1976-жылы туулган.

26. Казин Ондул,1958-жылы туулган.

27. Ибрагим Дирандгин, 1958-жылы туулган.

28. Ихсан Кожа,1964-жылы туулган.

29. Солтокенов Анарбек Садыбакасович, 1960-жылы туулган.

30. Осмонов Айболот Санжарович, 2006-жылы туулган.

31. Осмонов Анарбек Санжарович, 2014-жылы туулган.

32. Санжар кызы Аяна, 2007-жылы туулган.

Тема боюнча башка макалалар