Учак кырсыгынын себептери иликтенүүдө

Кырсыктын себептерин изилдөө иштери

Кырсыкка учураган «Боинг-747» учагына ээлик кылган "ACT Airlines" авиа компаниясынын өкүлдөрү Бишкекке келет деп күтүлүп жатат. Кырсыктын себептерин изилдөө иштери башталды.

Иликтөөгө Эл аралык авиация уюмунун өкүлдөрү катышат. Парламенттеги жыйында иликтөө иштерине учакты чыгарган "Боинг" компаниясынан да адистер катыша турган айтылды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Учак кырсыгынын себептери изилденүүдө

Кечээ күнү өлкөнүн Башкы прокуратурасы «Аба транспортторун колдонуудагы коопсуздук чараларын бузуп, бир канча кишинин өлүмүнө себепкер болуу" деген берененин негизинде кылмыш ишин козгогону расмий сайтында жарыяланган эле. Транспорт министрлиги кырсык өлкөнүн авиациялык эрежелерине ылайык иликтөөгө алынарын кабарлаган.

Учакка ээлик кылган түркиялык «ACT Airlines» компаниясы расмий сатында учактын экипажында тажрыйбалуу учкуч жана инженерлер болгон эле деп жазды.

Учак кырсыкка учураган убакытта конууга жетиштүү шарттар болгон эле деди кыргыз расмийлери. Адистердин айтымында ушул эле күнү түн ичинде мындан башка 11 учак аба майданына конгон. Анын ичинде жүк ташуучу учактар да болгон. Кырсыкка кабылган «Боинг-747» учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп бара жатып, күйүүчү майын толуктап алуу үчүн Бишкекке кайрылган экен.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Мухамметкалый Абулгазиев: Урандылардын алдынан адамдын дене бөлүктөрү да чыгып жатат

«Болжол менен 7:17де биздин диспетчерлерден конууга уруксат сураптыр. Биздин диспетчерлер уруксат берген. Себеби көрүнө турган аралык 300 метр болсо конууга уруксат экенин биздин адистер айтып жатат. Конууга жетиштүү шарттар болгон»,-деди кечээ күнү журналисттер берген интервьюсунда өкмөт түзгөн авиакырсыкты иликтеген комиссияны жетектеп жаткан биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Кечээ күнү учактын «кара кутусу» табылганы айтылган. Кырсыктын себептери азыр белгисиз болуп турат. Иликтөө иштеринен кийин гана кырсыкка себеп болгон жагдайлар ачыкка чыкмакчы. Ал ортодо аэропортко өтө жакын аймакта калктуу конуштун жайгашканы да катуу сын пикирлерди жаратты. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар