Учак кырсыгы: эл аралык эксперттер Бишкекте

Учактын биркара кутусу менен үн жаздыргычы табылды Сүрөттүн автордук укугу Учактын биркара кутусу менен үн жаздыргычы табылды
Image caption Учактын биркара кутусу менен үн жаздыргычы табылды

Дача-Суудагы авиакырсыктын себебин иликтөөчү эл аралык комиссия бүгүн түзүлдү. Ага эл аралык эскперттер кирди. Расмийлер авиациялык иликтөө соңуна чыкмайын бир да божомол айтуу мүмкүн эмес дешүүдө. Бирок кечээ эле жоопкерчилик курман болгон учкучтарда деген билдирүүлөр мамлекеттик жетекчилердин оозунан чыккан.

"Манас" аба майданынын жанындагы кыштакка кулаган учак кырсыгынын себебин көпчүлүк күткөн менен объективдүү маалыматты азыр эч ким айта албайт.

Авиация тармагындагы адистердин билдиришинче, авиациялык иликтөөлөр кеминде жарым жылды алат.

Эл аралык комиссия бүгүн түзүлгөнүн Унаа жана жол министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

Анын айтымында, адистик иликтөө жүргүзүү үчүн Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин алты, учактын ээси - түркиялык MyCargo Airlines авиакомпаниясынын эки кызматкери Бишкекке бүгүн келди.

Комиссияда Кыргызстандын Жарандык авиация агенттининен тогуз киши кирди, андан сырткары байкоочу өкүлдөр бар.

Иликтөө жыйынтыкталмайын, кырсыктын себебин божомолдоо кыйын деген менен айрым версияларды айткандар болду.

Сүрөттүн автордук укугу Кырсыктын себебин эл аралык комиссия иликтейт
Image caption Кырсыктын себебин эл аралык комиссия иликтейт

Кыргызстандын бийлиги жоопкерчилик учкучтарда болчу деген позицияны кармангандай. Кырсык катталган күнү биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев аба майданы өз ишин так аткарганын белгиледи.

"Алды 300 метр көрүнсө конууга боло турганын биздин адистер айтып жатат. Каптал жагынан караганда 400 метр көрүнчүдөй абал болгон. Ошондуктан конууга уруксат берилегн. Уруксат берилгенден кийин учакты кондуруш эреже боюнча, экипаждын иши болуп эсептелет", - деди мамлекеттик комиссияны жетектеп жаткан Абулгазиев.

Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Жунус уулу Алтынбек профилдик комитетте кырсык маселеси каралып жатканда "Манас" аба майданынын кызматкерлеринин да күнөөсү бар деди.

Анын жүйөөсү мындай:

"Аба майдандын жетекчилигинин ушул кызматта кайра иштегенге моралдык укугу жок. Анткени ушунча сандагы жаран каза болду, алардын оперативдик жардам көрсөтүүгө даярдыгы жок экени билинди. Тургундардын айтымында, өрт өчүрүү кызматы 30-40 мүнөттөн кийин келген, чуркасаң беш мүнөттө жетчү жер өзү", - деди Жунус уулу.

Сүрөттүн автордук укугу Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгаз
Image caption Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев

Бирок аба майдандын жетекчилиги кырсык тууралуу кабар түшөөрү менен барышканын билдирсе, башка депутаттар да аларды айыптоо негизсиз дешти.

Кырсыктын себебин божомолдоо же күнөөлүү тарапты издөө кандай болбосун туура эмес экенин жарандык авиация тармагын мурда жетектеген Эрмек Өмүралиев айтууда.

"Күнөөлүүнү атоодон же версияларды айтыштан азыр алыс болуш керек. Анткени анда иликтөө объективдүү болбой калат. Авиациялык иликтөөнүн максаты - бирөөнү күнөөлүү деп табыш эмес, ушундай кырсыктардын алдын алыш, чара көрүш. Бул иликтөөнүн негизинде албетте, укук коргоо тармагы өз тергөөсүн жүргүзүп, кимдин айыбы бар экенин иликтейт", - деди Би-Би-Сиге Өмүралиев.

Комиссия түзүлгөн менен иликтөө башталып башталбаганы маалым эмес.

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин Москвадагы кеңсеси иликтөө толук бүткөндө гана расмий маалымат беришерин Би-Би-Сиге билдиришти.

Ал эми Түркиядагы карго компаниясы да эки капитаны Бишкекке келгенин айтты. Алар расмий билдирүүсун сайтына жарыялады. Анда учкучтар абдан тажрыйбалуу болгону, бардык эрежелер сакталганы, учкучтар Гонконгдон чыгаардан мурда жетиштүү эс алганы айтылат.

Кырсыктын себептеринин бири катары тумандуу аба ырайы да белгиленип жатат. Анткени 16-январда аймакты туман каптап турган.

Кырсыкка кабылган Boeing 747 учагы конуу тилкесине коно албай, айланып жүргөнүн, кайра артка кайрылып келүүнү пландап, бирок ал ишке ашпай калганын көпчүлүк маалымат каражаттары жазды. Бирок авиация тармагын мурда жетектеген Эрмек Өмүралиев кырсыктын алдында эмне болгонун жооруш дагы кыйын деди.

Учак конуу тилкесинен 1,5-2 чакырым өтүп барып, айылды басып калганы гана анык.

Авиациялык иликтөөдөн сырткары өкмөттүк комиссиянын башында биринчи вице-премьер министри иш алып барууда.

Кырсык боюнча укук коргоо органдары из кылмыш ишин ачып, териштирүүдө. Андагы алдын ала маалыматтардан белгилүү болгону - учак террордук чабуулдун курмандыгы эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди:

"Ишти биздин башкы башкармалык алган. Кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, прокуратура менен биргеликте териштирүү жүрүүдө".

Технология өнүккөнүнө байланыштуу жана Boeing учактары эң алдыңкы деп эсептелгендиктен авиакырсыктардын 70 пайыздан 90 пайызга чейинкиси экипаждын кетирген катасынан орун алат деп эсептешет адистер. Аба ырайына байланыштуу жердеги тейлөөчү кызматкерлерден да көз каранды. Бирок эксперттер ар бир кырсыктын себеби ар башка болушу мүмкүн экенин эскертишет.

Учактагы кара кутунун бири жана үн жаздыруучу жабдыгы табылды.

MyCargo Airlines компаниясынын айтымында, учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматында, ал Гонконгдон Түркияга электрондук буюмдарды, телефондорду жана башка товарларды ташычу. "Манаска" күйүүчү май куюп алыш үчүн токтомок.