Кубатбек Кожоналиев: Кыйраган учак боюнча тактай турган жагдайлар өтө көп

MyCargo Airlines компаниясынын айтымында, учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон
Image caption MyCargo Airlines компаниясынын айтымында, учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон

Бишкек четинде кыйраган учак жергиликтүү эле эмес чет элдик басылмаларда да байма-бай жарыяланып жаткан учур. Кырсыктын себеби, жоопкерчилик боюнча ар кандай божомолдор айтылып жатат. Окуя болгон күнү күнөө курман болгон учкучтарда болушу мүмкүн экендигин кыргыз расмийлери билдиришкен. Бирок бул багытта бир нерсе айтуу али эрте дешет адистер. Иликтөө, тергөө иштерин талдоо үчүн Би-Би-Си мурдагы аскер прокурору, генерал майор Кубатбек Кожоналиевге кайрылып, бул ишти тергөө кандай жүрүшү мүмкүндүгүн сурады.

К. Кожоналиев: Терең кайгыруу менен каза тапкандардын жакындарына көңүл айтам. Ар бир кырсыкты иликтеп, тергөөнүн өз жобосу бар. Баары иликтенип, тергөөнүн алкагында жүргүзүлөт. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, бул боюнча транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергеп баштаптыр.

Image caption Кубатбек Кожоналиев

Эң алгач жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп, документтерин тууралап берип, аза күтү маселесин бүтүрүү кажет. Андан кийин эмне үчүн бул кырсык болуп кетти деген суроого жооп берүү керек болот. Ал үчүн эл аралык авиациялык комитет келип, иликтөөнү баштады. Менин угушумча кара кутунун бири табылды. Анын ичичнде учактын бортундагы сүйлөшүүнүн баары жазылып калат. Мындан сырткары Манас аэропортунун диспетчерлик кызматындагы системада баары жазылып калат.

Эми мындай учурларда бир нече жумуш версиялары чыгарылат. Эң биринчиси учактын техникалык абалы, экинчиси пилоттун иш-аракети, үчүнчүсү жердеги диспетчер кызматы туура аракет кылганбы же туура эмеспи такталат. Анан буга кошумча ошол учурдагы аба ырайы эске алынат. Ага пилот менен диспетчер кандай мамиле кылган? Ушул үч версия тең эң негизги версиялар.

Image caption Учак кырсыгынан каза тапкан 37 кишинин өздүгү аныкталды. Алардын отуз төртү кыргыз жарандары, төртөө кырсыкка кабылган учактын экипаж мүчөлөрү

Алдын ала маалыматка караганда учактын бортунан жарылуучу зат табылган эмес. Бул кандайдыр бир террордук жардыруу же кол салуу болгон эмес деп жыйынтык чыгарууга түрткү берет. Ал эми кандай бологонун, ким күнөлүү экенин эл аралык авициялык комитетинин кортундусунун негизинде прокуратура дагы башка маалыматтарды ийне-жибине чейин иликтеп, жыйынтык чыгарат.

Би-Би-Си: Эл аралык адистер иликтөөгө катышаары, баардык эрежелер сакталаары айтылып жатат. Кайсы тараптын мыйзамдары менен иш алып барышат?

К. Кожоналиев: Биз эл аралык авиациялык уюмдарга мүчөбүз. Алардын өз жоболору бар. Ошол эл аралык келишимдерге ылайык биз аларга баш иебиз. Демек алардын кортундусунун биз үчүн мыйзамдуу орду бар. Бирок кылмыш жоопкерчилигине келсек, биздин мыйзамдар боюнча жооп берет. Себеби окуя биздин аэропортто болуп жатат. Тергөө аракеттери да биздин жазык процессуалдык кодекске жараша тескелет.

Image caption Окуя болгон күнү күнөө курман болгон учкучтарда болушу мүмкүн экендигин кыргыз расмийлери билдиришкен

Би-Би-Си: Тергөө, иликтөө иши канча убакытка созулушу мүмкүн?

К. Кожоналиев: Бул эл аралык авиация комитетинин кортундусуна жараша болот. Бери дегенде эки айдан кемибейт деп ойлойм. Бул оор жана көлөмдүү иш. Бизде мындай ишти тергей турган профессионал адистер бар жогун так билбейт экем. Мен өзүмдүн иш тажырыйбамда бир жолу Черноблде поезддердин кыйрашын тергегем. Бизге баардык шарттарды түзүп беришкен. Ошондуктан башка тергөө аракеттери тез арада аягына чыккан эле. Ошого карабай ал ишти бир топ убакытты талап кылган.

Мен ойлойм бул ишке эл аралык авиациялык комитет аралашып жаткан соң тезирээк аяктайт болуш керек. Себеби буга бийлик өзү да кызыктар. Бийлик кайталангыс чараларды көрүшү керек. Себеби бул абдан олуттуу маселе. Эгер учак техникалык себеп менен асманда кыйрай турган болсо ал шаарга деле түшүшү толук мүмкүн эле да. Өтө кооптуу. Ошентип биздин тергөө органдарыбыздын алдында абдан жоопкерчиликтүү иш турат.

Өкмөт кимге кандай кам көрүп, канча кенемте төлөп берүү сыяктуу иштерин аягына чыгарат деп ойлойм. Ал эми иликтөө жагын оңой деп айтууга болбойт. Тактай турган жагдай абдан көп сыяктанат. Бул жерде аба ырайы да татаал болуп турду эле.

Мен билем биз өз убагында Бишкекке келе жатканда туман боло турган болсо бизди Ташкент же Алматыга багыттап жиберчү. Болбосо 2-3 айланып жүрүп коноор элек. А бул факт боюнча биздин диспетчерлердин айтымына караганда, кыйрган учак түп-түз эле ылдыйлап келип түшкөн экен. Таң калганым биздин диспетчерлер экипаж таңкы саат 7:16 да акыркы байланышка чыгып, 7:31 де учак жарылып калды деп актанып атышат. Ошол убакытта учактын кыбыр эткен кыймылынын баары радарда турат да. Булар эмне үчүн кайрадан байланышка чыккан эмес бул өтө чоң суроо.

Учак кырсыгынан каза тапкан 37 кишинин өздүгү аныкталды. Алардын отуз төртү кыргыз жарандары, төртөө кырсыкка кабылган учактын экипаж мүчөлөрү. MyCargo Airlines компаниясынын айтымында, учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматында, ал Гонконгдон Түркияга электрондук буюмдарды, телефондорду жана башка товарларды ташычу. "Манаска" күйүүчү майын толуктоо үчүн конмок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар