Интернетке тараган тасмадагы кыз табылды

колу байланып, эки мекендеши тарабынан суракка алынган кыз Сүрөттүн автордук укугу Screenshot

Мындан бир апта мурун колу байланып, эки мекендеши тарабынан суракка алынган кыз тууралуу тасма интернетке тараган эле. Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулдугу жергиликтүү полициянын жардамы менен Измир шаарынан ал кызды тапканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлгинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Азыркы учурда Измир шаарынын полициясы бул кызга зомбулук көрсөткөндөрдү кармоо аракеттерин жүргүзүп жатканы айтылды. Зомбулук көргөн кызды ата-энеси менен телефон аркылуу сүйлөштүрүшкөн.

Бул маселени Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алган. Эксерте кетсек мындан бир нече күн мурун жергиликтүү интернет сайттарга эки колу байланып, бети канжалаган кызды эки кыз суракка алып жатканы тартылган тасма чыгып кеткен. Алар колу байланган кызды сексуалдык кулучулук боюнча айыпташып, кыйноого алып, оозуна белгисиз суюктук ичирип, тилин кесем деп коркутуп жатканын тасмадан көрүүгө болот.

Тасмадагы кыздар кыргыз тилинде сүйлөшкөн. Болжолу тасма Түркия аймагында тартылган болушу мүмкүн деп айтылган эле. Эгер булар Кыргызстандын жарандары болсо сөзсүз жазасын алат деп билдирген Кыргызстандын Ички иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны боюнча тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Анкарадагы элчиликке жана Стамбулдагы Башкы консулдукка тапшырма берилди деп билдирген болчу.

Тема боюнча башка макалалар