Д.Ниязалиева: Соттук-медициналык экспертиза борборун эбак оңдоп койгонго болмок

Авиакырсык болгон учурда шаардык активисттер борбордун шарты, техникалык жабдуулары турсун дарыгерлер колдоруна кие турган кол каптары жок экенин айтып, каалоочуларды жардам берүүгө чакырган.
Image caption Авиакырсык болгон учурда шаардык активисттер борбордун шарты, техникалык жабдуулары турсун дарыгерлер колдоруна кие турган кол каптары жок экенин айтып, каалоочуларды жардам берүүгө чакырган.

Саналуу күн мурун болгон учак кырсыгынан кийин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун шарты киши ыйлай турган абалда экени айкын болду. Активисттердин аталган борбордун шарты тууралуу билдирүүлөрү эл ичинде кызуу талкууга жем таштады. Бирок бул жайды оңдоп-түзөөгө 3-4 жыл мурун эле чоң суммада акча каралып, иш натыйжасыз калган деп сынга алгандар да бар.

Аталган жайдын абалы учак кырсыгынан кийин кызуу талкууланганы менен убакыт өткөндө кайрадан көз жаздымда калбайбы деп тынчсыздангандар да жок эмес. Алар бул маселе 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларында көтөрүлгөнү менен кайрадан унутта калганын жүйө келтиришүүдө.

Авиакырсык болгон учурда шаардык активисттер борбордун шарты, техникалык жабдуулары турсун дарыгерлер колдоруна кие турган кол каптары жок экенин айтып, каалоочуларды жардам берүүгө чакырган.

Image caption Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов

"Чындап келгенде маселе андан да оор. Ушул убакытка чейин өзүбүзгө таандык имаратыбыз да жок. Жабдуларыбыз болсо эптеп эле. Ичинде кадимки эле турмуш тиричиликте пайдаланган муздаткычтар турат. Кышында го мейли, жайында болсо тегерек белде жашагандын баары эле такай жыт келип тураарын айтып, арызданышат. Өткөндө бир топ депутаттар да келип көрүшкөн. Алар баардыгы тең телевизордон көргөндөй деп ойлошсо керек. Андай эмес. Болгону узуну он, туурасы алты же жети метрлик эле бөлмө. Бир бурчунда тоңдургуч турат. Ага он беш, жыйырма сөөктү сактаса болот. Бирок олуттуу кырсык болуп кетсе айлабыз жок ошол жерге элүүгө чейин сөөк сактап атабыз",- дейт Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов.

Деген менен бул көйгөйгө өкмөт эмес дал ошол мекеменин мурдагы жетекчилери жооптуу экенин айткандар бар.

Image caption Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева

"Орусиялык гранттан келген абдан чоң суммадагы акча бар болчу. Ал кезде мен комитеттин төрайымы элем. Каражаттын баарын саламаттык сактоо министирлигине берип, ошол жерди оңдош керек деген демилгем депутаттардын колдоосун тапкан эмес. Ошого карабай урушуп-талашып атып соттук-медициналык экспертиза борборуна отуз миллион сом каражат бөлдүрүп бергем. Бул 2012-жылдын аягында бөлүнүп, 2013-жылы түздөн-түз ошол мекемеге барып түшкөн. Бирок бир жыл бою ал жердеги жетекчи тендер өткөрбөй коюп, араң бөлүнгөн акча кайра бюджетке кайтарылган. Акча жок, шарт жок деп чыгышат. Алар бөлүнгөн акчаны өздөрү туура пайдалана албай шалаакылык кылган",- дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева.

Директордун орун басары Эрнис Акунов да акча каражаты бөлүнгөнүнөн кабары бар экенин айтты.

"Туура, 2013-жылы ошондой акча бар болчу. Биз колдон келишинче аракет кылып, тендер өткөргөнбүз. Көп эле фирма чыкканы менен алардын бирөө да биздин талаптарга макул болгон эмес. Азыр андай акча биздин эсепте жок. Балким ал акча бюджетке кеткендир",-дейт Эрнис Акунов.

Ошондой эле жетекчи орун басары, ал жакта иштеген врач-эксперттер орточо 6-7000 сом айлык аларын кошумчалады.

"Аталган борбор эки ортодо арабөк калбай же Ички иштер министирлигине же Саламаттык сактоо министирлигине биротоло бекитилип берилиши керек. Ошондо гана пландуу каражат бөлүнүп, башаламандыктар жоюлуп, шарттары жакшырмак",-дейт Дамира Ниязалиева.

Шаардын түштүк тарабында жайгашкан бул имаратта 1987-жылдан бери ондоп түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Негизинен медициналык академиянын окуу имараты болуп саналат. Учурда өлкө боюнча соттук-медициналык экспетриза тармагында жалпысынан үч жүзгө чукул адис эмгектенет.