Акын, драматург Эгемберди Эрматов дүйнө салды

Эгемберди Эрматов Сүрөттүн автордук укугу facebook

Кыргыз эл акыны, драматург, коомдук ишмер Эгемберди Эрматов 66 жашында дүйнө салды.

Ал оорудан улам Бишкектеги ооруканада көз жумган. Эрматов өмүрүнүн акыркы жылдары Жогорку Кеңеште депутат, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенди.

Ѳмүр таржымалы

Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган. 1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий кызматкер, «Кыргыз руху» гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.

2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.

2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2013-жылдын 29-апрелинен тартып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенди.

Чыгарамчылык жолу

Акындын биринчи ырлар жыйнагы 1979-жылы басылып чыккан. «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза» драмасынын автору. Чыгыш акындарынын көбүн кыргыз тилине которгон. (AbA)