Төрөбаев бирикмеге бел байлайбы?

Төрөбаев өзүнүн шайлоого катышаар катышпасын 10-февралда так айтаарын да кошумчалады Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Төрөбаев өзүнүн шайлоого катышаар катышпасын 10-февралда так айтаарын кошумчалады

Бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, коомдук саясий күчтөрдүн "Таза жана акыйкат шайлоо" бирикмесин түзүү демилгеси менен чыкты. Саясий серепчилер бул саясий жүрүштү Кыргызстанда быйыл боло турган президенттик шайлоого даярдыктын активдеше баштаганы катары карап жатышат. Алар президенттик жарышка катышууга камынган лидерлердин саясий күчтөрдү өз тарабына тартуу аракети башталды дешет.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин демилгеси саясий серепчилер арасында ар башка өңүттө талкууланып жатат. "Таза жана акыйкат шайлоо" бирикмесин түзүүнү демилгелеген Бакыт Төрөбаев, жергиликтүү кеңештерге болгон соңку шайлоодо бир нече мыйзам бузуулар катталганын билдирди. Ал алдыдагы президенттик шайлоодо дагы ошондой кемчиликтер болушу мүмкүн деп эсептейт.

Image caption "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев

"Соңку шайлоодогу мыйзам бузуулар кайталанабы деп кооптоном. Ошондуктан президент, премьер-министр, баардык саясий партиялардын лидерлери баарыбыз биригип шайлоодо мыйзамдарды бузууга жол бербейли деп сүйлөшүп, макулдашсак деп жатам. Шайлоо убагында ар кандай талапкерлер болот. Ошонун баарына тең мамиле, тең укук берилиши керек. Бирикмеде шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин да жасайбыз",-дейт Төрөбаев.

Ал ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын эле бузбастан чарбалык одоно кемчиликтерди кетирип жатат деп сынга алды. Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал өзүнүн шайлоого катышаар катышпасын 10-февралда так айтаарын да кошумчалады.

Деген менен Төрөбаевдин бул демилгесинде кандай негизде, кантип иш алып баруу тууралуу конкреттүү эч нерсе жазылган эмес дегендер да бар.

"Бул бир канча жолу макулдашуулар жүргөндөн кийин аны расмийлештирип, ачыкка чыгаруу аракети деп түшүнөм. Ушундай бир нерсе болду деп аны шайлоо процесси башталгандан кийин айтканы менен деле бирикме кандай күчкө ээ болот? Анткени Борбордук шайлоо комиссиясы деген шайлоону өткөрө турган мамлекеттик расмий институт. Ага салыштырганда бул жөн эле саясий күчтөрдүн тобу болуп, штаб катары оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр бири-бири менен маалымат алмаша турган эле платформа сыяктанып калбайбы? Бирок Төрөбаевдин бул демигеси шайоого катышып күчтөрдү бириктиргенге аракет кылып жатам деген коңгуроо",-дейт саясат таануу илимдеринин кандидаты Чынара Эсенгул.

Бирок Төрөбаевдин бул аракетин соңку шайлоолордун жыйынтыгынан кийинки зарыл кадам катары сыпаттагандар да жок эмес. Алар боло турган шайлоодо мыйзам бузуулар болбошу үчүн азыртан даярдык көрүү керек деп санашат.

"Ар бир шайлоонун астында ушундай бир зарылдык келип чыгат. Негизинен шайлоого ишенимдин жоктугунан. Бул жерде Бакыт Төрөбаев өзүн көрсөткүсү келип жатат же башка эмес, Бакыт Төрөбаевдин ушул демилгени көтөрүп жатканын менин оюмча колдошубуз керек. Анткени быйылкы президенттик шайлоо мамлекеттин пайдубалынын бекемделиши же болбосо бытырап кетишине себеп болушу мүмкүн. Ошол үчүн жеке мен бул демилгени колдойм",- дейт президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагев.

Ошентип бул жылдын эң башкы саясий окуясы болот деп жаткан президенттик шайлоо ар кандай жоромолдор менен коштолуп жаткан кез.

Сүрөттүн автордук укугу YOUTUBE
Image caption Келдибеков, Мадумаров жана Ташиевдер бир партияга биригип, президенттикке араларынан бир талапкер көрсөтөөрүн айтышкан эле

"Жергиликтүү шайлоолордон кийин жыйынтыгына байланыштуу саясатчылардын көбү сары санаа боло баштады. Себеби, таза шайлоо болду деп айткандан алыс болду. Азырынча кимдер биригээрин айтуу кыйын. Мисалы буга чейин Ташиев, Келдибеков, Мадумаров бириккен. Андан башка Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Мыктыбек Абдылдаев, Бабанов сыяктуу саясатчылардын тегерегине саясий күчтөр биригишет. Бийликтин талапкери азырынча белгисиз. Бирок айрым маалыматтарга караганда Сооронбай Жээнбеков же Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан көрсөтүлүп калышы ыктымал деп айтылып жатат",-дейт саясат таанучу Табылды Акеров.

Өлкө башчысын шайлоо күзүндө өтөөрү айтылганы менен мөөнөтү тактала элек.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар