Н.Токтакунов: Бүгүн Аскаров ачкачылык акциясын токтотушу мүмкүн

Азимжан Аскаров
Image caption Азимжан Аскаров

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун өмүрүн сактап калууга арналган акция башталды. "Аскаровдун тагдырына кайдыгер карабагандар каалоо-тилегин телефонго жаздырып жөнөтсө, анын баары монтаждалып, адвокат аркылуу колуна берилет", -деп "Азаттык үнү" укук коргоо порталы Би-Би-Сиге билдирди.

2010-жылкы июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө тиешеси болгон жана массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деген айыптар менен Азимжан Аскаров үч күн мурун кайрадан эле өмүр бою эркинен ажыратылган.

Сот өкүмүн угузган учурда Аскаров өзүнүн ак экенин айтып, түрмөдө ачкачылык жарыялай турганын айткан эле. Анын жактоочусу Нурбек Токтакунов Би-Би-Сиге билдиргендей, Аскаров бүгүн ачкачылык акциясын токтотушу мүмкүн.

Өткөн жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин кийлигишүүсү менен Аскаровдун иши Чүй облустук сотунда башынан каралып чыкты.