Башмыйзамдын жаңы редакциясы жарыяланат

  • 27 январь 2017
Башмыйзамдын жаңы редакциясы жарыяланат Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption шмыйзамдын жаңы редакциясы жарыяланат

Кыргызстандын Башмыйзамынын жаңы редакциясын жарыялоо үчүн президент жарлыкка кол койду. Конституциянын эмнеси өзгөрүп жатат, кайсы беренелер декабрдан кийин күчунө кирет?

Жарлыкка кол коюп жатып, президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жаңы Конституция менен демократиясын бекемдей турганын билдирди.

“Биз эл аралык уюмдарды, башка мамлекеттерди сыйлайбыз. Бирок, бизди тыштан башкарабыз же баш ийдиребиз деген ойлорду унутуш керек. Биз эч качан, эч кимдин алдында тизелебейбиз. Кыргыздарга тизелеп жашаганча тик туруп өлгөн артык. Бүт уюмдар, башка өлкөлөр аны билип алсын”, деген президент Конституциянын эл аралык уюмдардын чечимдерин аткаруу боюнча өзгөргөн 41-беренени баса белгиледи.

Беш берене 1-декабрдан тарта, башкача айтканда азыркы президенттин мөөнөтү бүткөндө күчүнө кирет, экоцид жана геноцид боюнча берене 2019-жылы иштеп баштайт, ал эми калгандары азыр күчүнө кирүүдө.

Жалпысынан 40ка жакын өзгөрүү кирди.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова айрым олуттуу деп эсептелген беренелерин түшүндүрүп берди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жаңы редакция мамлекеттик гезиттерге расмий жарыяланат

“Кириш сөзүнөн баштап эле өзгөрүү кирип жатат. Эгерде преамбула, Конституцияны кабыл алуунун максаттары жазылган жер толукталып жатса, анда Конституция жаңы болуш керек эле. Кийинкиси, жарандыктан ажыратуу киргизилди. Биз адам укуктарын коргоо кепилдигин күчөткөндүн ордуна жарандыктан ажыратып жатабыз. Бул Советтер союзу учурунда болгон. Бул берене саясий куугунтукка жол ачкан берене болууда. Бул жаза катары каралса, кылмыш кодексине кириш керек эле. Ал эми жарандыктан ажыратуу укугу бизде президенттин алдындагы комиссияга берилген”, - деди Сооронкулова.

Мурдагы судья Сооронкулова сот тутуму тууралуу кирип жаткан өзгөртүүлөрдөн судьяларга тартип чарасын көрүү тууралуу беренени белгилеп жатат. Бул милдетти мурда судьялардан турган тартип комиссиясы караса, эми комиссиянын үчтөн бирин президенттин, дагы бирин парламенттин, үчүнчү бөлүмүн гана судьялардын өкүлдөрү түзүп калат.

“Үч бийлик бутагынын ортосундагы тең салмактуулук бузулуп жатат, ал такыр жок. Тең салмактуулук сот тармагынан көз карандысыздыгы үчүн өтө маанилүү. Эми бул өзгөртүү сотту такыр эле чөгөлөтүп коюп атат”, - дейт Сооронкулова.

Андан тышкары премьер министр менен вице-премьер министр бир учурда депутат катары иштеп, добуш берүүгө катыша алат. Депутат катары алардын өзүнүн ишине кандай баа берет, өздөрү жазган мыйзамдарга өзү добуш берет деген маселелерден тарта, олуттуусу – бийлик бутактары арасындагы ажырым жок болуп калууда, дешет эксперттер.

Андан сырткары премьер министр район акимдерин түз бекитет. Мурдагы Башмыйзам боюнча акимдикке ал үч талапкер көрсөтсө, анын бирин жергиликтүү кеңеш өзү шайлачу.

“Мисалы, азыркы бийликте турган партиянын лидери премьер-министр болуп шайланып калса, премьер-министр Жогорку Кеңешти толугу менен колго алат да. “Баланчанын бийлигин күчөтүп жатабыз, баланчага ыйгарым укук кошуп берип жатабыз” деген абдан туура эмес, сабатсыз көз караш. Бийликтин үч бутагы тең салмакта болуш керек, бирөө да күчөбөш керек”.

Андан сырткары эски Конституция боюнча бюджет жана салык боюнча мыйзамдарга президент вето коё албайт, башкача айтканда Жогорку Кеңеш гана чеччү. Эми ага премьер министр вето коё алат. Башкача айтканда парламентке өзү алып келген мыйзам долбоордун тагдырын өзү чечет.

Мындан сырткары прокуратуранын көзөмөл кылчу тармактары кеңейип жатат. Бирок президент бүгүнкү прокуратура эми өзүнүн көзөмөл кылчу милдетин, сотто мамлекеттин кызыкчылыгын орундатаары айтып, ишкерлер ыксыз тешерилбей калат деди.

Көп айтылган 41-беренеде “Кыргызстан эл аралык уюмдардын чечимин аткарууга чара көрүш керек” деген сүйлөм алып салынды. Ушундан улам Атамбаев Кыргызстан эми эркин болот деп жатат. Бирок юристтер Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары жана саясий укуктар боюнча пактына кол койгон жана аны аткарбаса өзүнчө чаралар көрүлөт дешүүдө. Анын үстүнө юристтер эл аралык мамилеге катышкан соң абсолюттук суверендүү өлкө жок дешет.

Мындан тышкары саясий эмес, үй-бүлө, адам укуктары тууралуу беренелер өзгөртүлтү.

Экоцид жана геноцид боюнча тактоолор кирген. Бул атайын Кумтөрдөгү экологиялык маселеге тиешелүү саналуу адамды жоопко тартуу аракети дешет байкоочулар, бирок бул күчүнө эки жылдан кийин кирет деп жазылган.

Мындан улам конституциялык реформага каршылар бул бир чаккан топтун кызыкчылыгы үчүн жасалды деп келишет.

Бирок өзгөртүү үчүн аракет кылып келген социал-демократ депутат Айнуру Алтыбаева өзгөртүүлөрдүн баары башталган реформаларды аягына чыгарууга жардам берет дейт.

Мисалы, аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн депутаттык укуктарын сактап калуусу туура дейт.

“Өзү парламенттик башкаруу системасынын өзгөчөлүгү ушундай. Парламент менен өкмөт бири-бири менен тыгыз иштейт. 72-беренеге ылайык, премьер-министр менен вице-премьер министр депутаттык укуктарын сактап кала алат, бул берене президенттик шайлоодон кийин күчүнө кирет. Ал эми 75-беренеге ылайык, коалициялык көпчүлүк өзгөргөндө спикердин укуктары менен милдеттери да кайра тастыкталыш керек”, - деди Айнуру Алтыбаева.

Ал жаңы Конституция демократияны жана парламентаризмди бекемдейт деп ишенет:

“Биз беш жылдык тажрыйбада сөзсүз эске алыныш керек концепция менен парламенттик демократиянын өнүгүшү үчүн ушул укуктук ченемдерди иштеп чыктык. Биз мамлекеттин, парламентаризмдин, демократиянын өнүгүүсүнө зарыл болгон өзгөртүүлөрдү кабыл алдык”.

Эми Башмыйзамдагы өзгөртүүлөргө жараша мыйзамдар кабыл алынат.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Башмыйзамы сегиз же тогуз жолу өзгөрдү. Акыркы өзгөртүү боюнча референдум өткөн жылдын декабрь айында өттү. Ага катышкандардын пайызы 40тан ашып, келгендердин 80 пайызы макул добушун берген.